Бир күн мурун "Эл артистин" алган Акматов дүйнө салды

Абдыкалык Акматов

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдыкалык Акматов
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргыз Эл артисти, театр жана кино актёру Абдыкалык Акматов 71 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Бир күн мурун Президент Садыр Жапаров актёрго өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» ардактуу наамын берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул наам — Кыргызстандын маданият чөйрөсүндөгү эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын бири болуп саналат.

Актёр өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Эл артисти наамын алууну абдан көксөп жүргөнүн жубайы жергиликтүү медиалардын бирине билдирген эле.

Абдыкалык Акматов соңку жылдары Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында иштеп келген. Көп жылдык эмгек жолунда ал ондогон татаал жана эсте каларлык ролдорду ойноп келген.

Маркум оор илдетке чалдыгып, ооруканада дарыланып жаткан.