АКШда кыргызстандык Бекжан Бейшекеевге төрт адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча айып тагылды

dfg

Сүрөттүн булагы, Social media

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Индиана штатына караштуу Жей округунун прокуратурасы 2026-жылдын 3-февралында болгон жол кырсыгына байланыштуу Бекжан Бейшекеевге расмий айып такты. Прокуратуранын маалыматы боюнча, Бейшекеевге Жей округунун сотунда "этиятсыздыктан киши өлтүрүү, оор дене жаракаттарын келтирген кылмыштуу шалаакылык" сыяктуу беренелер боюнча айып тагылды.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, Бейшекеев күнөөлүү деп табылса, 28,5 жылга кесилиши мүмкүн

Февралдын башында АКШда кыргызстандык Бекжан Бейшекеев жүк ташуучу унаасы менен жүргүнчү ташыган машинени сүзүп алып, төрт адамдын өмүрү кыйылган.

Кырсык тууралуу маалыматты Ак үй да таратып, Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграция менен күрөштү жөн жеринен жүргүзүп жатпаганын белгилеген. 30 жаштагы Бекжандын жакындары иликтөөнүн калыс өтүшүн жана кыргыз жаранынын чет жакта корголушун суранып, бийликке кайрылган.

"Бекжандын кичинекейинен Америкага барып келем деген кыялы бар эле. Ошол кыялы аткарылды деп сүйүнүп отурсак, капыстан кырсыктап калды. Бекжан уулумдун ушундай жакшынакай тилектери бар эле. Абдан тырышчаак, эмгекчил, тартиптүү балам бар. Мындай кырсыкты башканын башына бербесин. Бул биз үчүн абдан оор болуп жатат. Энеси да кыйналып, ыйлай берип, үнү да чыкпай калды. Баламдан кабар ала албай жатабыз, менин кандай акыбалда болгонумду ата-энелер жакшы түшүнсө керек. Урматтуу элчилик, Тышкы иштер министрлиги менин уулумдун ишин көзөмөлгө алып коюңуздар. Урматтуу элим, балам үчүн дуба кылып коюңуздар, бул дагы Кудайдын бир сыноосу. Бекжан уулумдун аман-эсен Кыргызстанга кайтып келишин каалайм",-деген Бекжандын атасы Радик Бейшеке уулу.

Бекжандын агасы Руслан Бейшекеев каза болгон төрт америкалыктын жакындарына көңүл айтып, адам өмүрү биринчи орунда турарын баса белгилеген. Ошондой эле кырсыктын себептери калыс иликтенип, мамлекет бул ишти көзөмөлүнө алса деп ниет кылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бейшекеевдин жакындары менен жолугушуу өткөрүп, кыргыз дипломаттары Бейшеккев менен да кездешип, укутук жардам көрсөтүп жатканын маалымдаган.