Алты күндө согушта канча адам каза болду?
Reuters агенттиги АКШ жана Израилдин Иран менен болгон согушундагы курмандыктар тууралуу маалыматтарды жалпылап жазды. Бул кагылышуу Перс булуңундагы өлкөлөргө да сокку урду.
Иран
Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун билдирүүсү боюнча, Иранда 1045 адам каза болгон. Анын ичинде согуштун биринчи күнүндө Минаб шаарына жасалган соккудан улам 175 мектеп окуучусу жана кызматкерлери бар. Бул сандын ичине Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) өлтүрүлгөн аскерлери кирер-кирбеси белгисиз.
Израил
Тез жардам кызматынын маалыматына ылайык, 10 жай тургун каза болгон. Анын ичинен тогуз адам 1-мартта Ирандын Иерусалимге жакын жайгашкан Бейт-Шемеш шаарына жасаган ракеталык чабуулунан көз жумган. Аскер кызматкерлери согуштук жоготуулар тууралуу кабарлай элек.
Ливан
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин соккуларынан жалпысынан 77 адам каза болгонун билдирди.
Бахрейн
Бахрейндин Ички иштер министрлиги билдиргендей, ракета атып түшүрүлгөндөн кийин Салман өнөр жай шаарында чыккан өрттөн бир адам каза болгон.
Кувейт
Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Ирандын чабуулдарынан үч адам каза болду, алардын экөө кувейттик аскер кызматкерлери.
Оман
Омандын борбору Маскаттын жээгинде Маршалл аралдарынын желеги астында сүзүп жүргөн MKD VYOM танкерине снаряд тийип, бир адам каза болгон.
Бириккен Араб Эмираттары
БАЭнин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, үч адам каза болгон.
Сирия
Ирандын ракетасы ишемби күнү түштүктөгү Сувейда шаарындагы имаратка тийип, төрт адам каза болгонун SANA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.
Ирак
Ирактын саламаттыкты сактоо органдары кеминде 13 адам каза болгонун билдиришти.
АКШ аскерлери
АКШнын Борбордук командалык башкаруусу жекшемби күнү Кувейттеги командалык пунктка учкучсуз учактын соккусунан алты америкалык аскер каза болгонун кабарлады.
Reuters агенттиги бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу тастыктай элек.