Жакынкы Чыгыш: Жээнбек Кулубаев тараптарды ок атышууну токтотууга жана сабырдуулукка чакырды

sdf

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-мартта Стамбул шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Министр Ж.Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы аймакта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, дароо ок атышууну токтотууга, тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырды. Ошондой эле мындан аркы туруксуздашууну болтурбоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди" деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Ооганстандагы жана Пакистан – Ооганстан чек арасындагы кырдаалга да токтолгон.

Жыйындын жүрүшүндө ТМУнун тышкы саясий мекемелердин башчылары аймактык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.