Коррупциялык схемага аралашканбы? Куванычбек Конгантиев убактылуу кармоо жайына киргизилди

Сүрөттүн булагы, official
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалганын ырастады.
Тергөө маалыматтарына ылайык, ал жеке жана юридикалык жактарды пайдалануу аркылуу жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп шектелүүдө.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында Конгантиев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Атайын кызмат жарандарды жана кызмат адамдарын коррупциялык аракеттерден алыс болууга, пара албоого жана бербөөгө, мыйзамдарды жана коррупцияга каршы саясаттын нормаларын так сактоого, ошону менен ачык-айкын жана мыйзамга баш ийген чөйрөнү калыптандырууга чакырат.
Куванычбек Конгантиев кечээ депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы канааттандырган.
Куванычбек Конгантиев былтыркы парламенттик шайлоодо №21 шайлоо округунан шайланган. Парламенттеги "Эл үмүтү Ата-Журт" депутаттык тобуна кирген. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеп жаткан.
Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде бир канча жолу депутат болгон.
9-мартта социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Роликтин автору ага жакын адамдардын ондогон компаниялары жана ар кандай бизнестери бар экенин билдирген. Конгантиев өзү бул кептерге азырынча комментарий бере элек.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, анын ордуна мурдагы депутат, экс-министр Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши мүмкүн.
Куванычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.































