"Саясатта кризис жок, тирешүү бар". Ташиев Кыргызстанга келди, сурак берди. Эксперттер эмне дейт?

Ташиев
Окуу убактысы: 6 мүнөт

Кызматтан алынгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев туура бир айдан соң,19-мартта Бишкекке кайтып келери менен ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыкты. ИИМдеги беш саатка жакын суракта маалымат бербөө тууралуу тилкат жазып бергени айтылды. ИИМ Ташиев "Кыргызнефтегаз" боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жатканын билдирген. Ташиев кызматтан алынгандан бери анын аты бир катар күмөндүү иштерде аталып жаткан. Ал жетектеген УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз иштерге барганы, ишкерлерди мыйзамсыз камап, мүлкүн тартып алганы тууралуу маалыматтар чыккан. Анын алкагында атайын кызматтын мурдагы бир катар жетекчилерине иш козголуп, камалды.

Ташиевдин кайтып келишин, ИИМде сурак беришин эксперттер кандай талдап жатышат?

Кубан Чороев, талдоочу: "Президенттик шайлоо тууралуу бийликте бирдиктүү пикирдин жоктугу көрүндү"

Чороев

Сүрөттүн булагы, Social media

"Өлкөдө болуп жаткан окуяларды мен бир президенттик шайлоо цикли соңуна чыгып, экинчи шайлоо циклине кадам алып жатканыбыздын көрсөткүчү деп сүрөттөйт элем. Соңку беш жылда өлкөдө калыптанган бийликтин конфигурациясы ошол циклге туура келбей калды. Кыргызстанда кош бийлик өкүм сүрүп келген болсо, бийликтин ошого карата эки таасирдүү тобу болгон да, эки башка көз караштагы. Соңку айларда биз эки тараптын тең амбицияларын, алардын колдоочулары бар экенин, демилгелерин көрүп жаттык. Андыктан аларда президенттик шайлоо тууралуу бир пикир жок экенин көрдүк. Анан мында бир чечимге келиш керек болду. Февраль-мартта орун алган окуялар бийликтеги конфигурациянын келечекте боло турган өзгөрүүлөргө карата реакциясы деп айтсак болот".

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу: "Саясий кризис жок, саясий тирешүүнүн элементтери бар"

Акматалиев

Сүрөттүн булагы, Social media

"Азыр эми өлкөдө орун алып жаткан окуяларга анализ бериш кыйын. Бирок эми алдыда кандай болот? Эки чоң вариант бар. Биринчиси, Камчыбек Ташиев саясатка кайтпай, өзүнүн ишин кылып, жүрө берет. Экинчиси, азыркы президентке өчөшүп, конфронтацияга барса, анда, албетте, саясий абал курчуп кетиши мүмкүн.

Менимче, өлкөдө ушу тапта саясий кризис деле жок. Саясий тирешүүнүн элементтери бар деп айтат элем. Кризис жок, президент иштеп жатат, өкмөт иштеп жатат.

Президенттик шайлоого азыркы жагдайда Ташиев барабы жеп жокпу, анын өзүнүн каалоосунан көз каранды. Ал Кыргызстандын жараны да. Шайлоого катышканга укугу бар. Бирок, азыр эми бир топ чулгандуу иштер боюнча тергөө жүрүп жатпайбы. Канчалык деңгээлде ошого Ташиевдин тиешеси бар, ошого жараша болот го Ташиевдин амбициялары. Эгер чындап тиешеси аныкталса, анда кыйыныраак болот. Андай шартта кылмыш иши да козголушу мүмкүн", - дейт Алмазбек Акматалиев.

Руслан Акматбек, саясий серепчи: "Ташиевди карпа-күрп келип эле калды деп жатабыз да. Бирок ал, балким, мурдатан сүйлөшүлгөн нерсе болушу мүмкүн".

Акматбек

Сүрөттүн булагы, Social Media

"Соңку окуялар көрсөткөндөй, Кыргызстанда экономика, саясат, адилеттик деген түшүнүктөр элита үчүн өзүнчө, жалпы калк үчүн өзүнчө болуп калган да. Андыктан бүгүнкү окуяны нормалдуу эле кабыл алыш керек. Бул эми азыр бизге көрүнгөн жагы болуп жатпайбы. Ал эми көрүнбөгөн, көмүскө жагы да бар да. Биз азыр Ташиевди карпа-күрп келип эле калды деп жатабыз да. Бирок ал, балким, мурдатан сүйлөшүлгөн нерсе болушу мүмкүн. Аны биз билбейбиз да. Эми алдыда кандай сценарийлер болушу мүмкүн. Менимче, эчтеке деле өзгөртбөйт, окуялар улана берет. Бизде эми буга чейин толгон-токой окуялар ачыкка чыгып калбадыбы. Ташиев башкарган орган көп мал-мүлктөрдү айрым кызматкерлер өзүнө өткөрүп алганы тууралуу. Эл арыз муңун айтып чыгып жатат, бирок бийлик аны изилдеп, тактап бере элек да. Анын баарына мындай номиналдуу түрдө аткаруучуларды жазалап коюшу мүмкүн. Бирок чыныгы чечим чыгаргандар боюнча иш дагы созулат.

Жарандарга мыйзам чагылгандай тез иштеп, жоопкерчиликке тартылып, дароо жаза берилет. А бирок бийликке, элитага тиешелүү болгон нерселер узарат. Көрөсүз, бир айдан кийин баарын эле унутуп калабыз.

Жалпы коом өлкөдө болуп жаткан бардык саясий процесстерди түшүнсө дагы куугунтук, репрессиядан корккон үчүн түшүнбөгөндөй мамиле кылууда. Бийликтин, укук коргоо органдарынын өзүмбилемдигинен жабыркап калуудан коркот.

Бирок бул окуялардан кийин Ташиевдин президенттик шайлоого баруусу мүмкүн эмес. Эгер андай вариант мүмкүн болгондо ал киши кайра кайтып Кыргызстанга келмек эмес. Кыргызстандын тарыхында ушундай тандемдер, бирикмелердеги араздашуу ушундай сүйлөшүүлөр жолу менен эле чечилип келген. Чечилбесе, Атамбаев-Сооронбаев тандеминдегидей конфликтке айланган", - дейт Руслан Акматбек.

Мавлян Аскарбеков: "Ташиевди төрт саат суракка алып, үч машина менен коё берип койгону суроо жаратууда"

Аскарбеков

Сүрөттүн булагы, Social media

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Президент өзү айтты:"менде 7,5 миллион досум бар" деди, "элди жана мамлекетти тандадым" деди. Ошонуну негизинде коомчулук, эл азыр президентке ишенип отурабыз. Ташиев өлкөдөн чыгып кеткенде жабырлануучулар, арасында орто жана кичи бизнесмендер, жөнөкөй жарандар миңдеген арыз жазып, бийликке кайрылышты. Укуктары бузулуп, байлыктары, мал-мүлкү мыйзамсыз тартылып алынган тууралуу айтышты. Андан тышкары мамлекеттик орган - Салык кызматы расмий маалымат берип, анысын иликтөө кылып чыгарып, Ташиевдин өзү, баласы, туугандары түздөн-түз тиешеси бар экенин далилдеп, мамлекеттин миллиарддаган сомдор уурдалганын жарыялап чыгышты. Андан тышкары, биз көрүп атпайбызбы, Ташиев өзү койгон кызматкерлер элден ондогон миллион долларды жыйнаганын. "Мамлекетке кустуруп" жатат деген саясаттын арты менен көбүн сол чөнтөккө салып жүргөнүн расмий булактар жарыялап, бир нече УКМК кызматкерлери иштен алынды. Эл эми ушунун баарын көрүп, баамдап отурганда Ташиев Кыргызстанга кайтып келсе, аны төрт саатка суракка алып, кайра бошотуп койгону эл ичинде чоң суроолорду жана күмөндөрдү жаратууда.

Азыр биз Ташиевдин президент боло турган амбициясы, ал шайлоого катышабы деген суроодон дагы бул суроого жооп берип алалы. Жогоруда мен айткан фактыларды эл көрүп, баамдап, отурганда президенттен жооп күтүп отурат. Президент өзү айтты "Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей иштейт" деп. Эми ошол мыйзам азыр Ташиевге, анын туугандарына, жакындарына иштейби же иштебейби? Миллиарддаган коррупциялык схемалардын бардыгын бийлик өзү элге көргөзүп, анан ошонун уюштуруучуусу, анабашчысы деп Ташиевди айтып жатып, анан аны төрт саат суракка алып, үч машина менен коё берип койгону эл арасында соң суроо, бүдөмүк ойлорду жаратууда",- деди Мавлян Аскарбеков.

Ташиевдер эмне дейт?

Өткөн жумада Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев да ИИМге сурак берип чыккан.

Кийин ал мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алганы белгилүү болгон.

БШК 14-марттагы жыйынында парламент депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мандатынан ажыратылгандан кийин Ташиев шайлоочуларына жакын тарапкерлеринин бири Бактыгүл Беркбаеванын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

"Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду", - делет ал кайрылууда.

Ага чейин Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев да алардын тегерегинде чыккан сөздөрдүн бири боюнча комментарий берип жатып, "азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат" деген.

Таймурас Ташиев 17-мартта "Кыргызнефтегаз" боюнча айтылган дооматтар боюнча үн катты. Ал 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" дээрлик 358 миң тонна дизелдик отун өндүрсө, өзүнүн "Мока Групп" компаниясы болгону 5 миң 463 тонна дизелдик күйүүчү май сатып алганын, бул көлөм "Кыргыз Петролеум Компани" өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөрүн айткан.

"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда "Кыргыз Петролеум Компани" дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени, алардын кампалары толуп, дизтопливону сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизтопливо сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жатышканы дагы белгилүү болду. Тийиштүү тараптардан болсо, бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз", - деп жазган Таймурас Ташиев.

ИИМ 17-мартта "Кыргызнефтегаздагы" схемалар тууралуу Салык кызматынын иликтөөсүнөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат. Ошондой эле буга Ташиевдердин фирмалары аралашканы айтылып, Камчыбек Ташиевдин, Шаирбек Ташиевдин, Таймурас Ташиевдин аттары аталган. Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" алардын жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал күнү Германияда жүргөн Ташиев бул чечим ага күтүүсуз болгонун айткан. Жапаров болсо чечим кабыл аларда досуна телефон чалганын билдирген.

13-февралда Кыргызстанга келген Ташиев кайра эле, 17-февралда чет өлкөгө чыгып кеткен.

Садыр Жапаров 16-февралдагы маегинде Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып, ал мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирген.

"Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. "Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр" дедим. Досумдун айтымы боюнча, "ак сакалдар" дейбизби, "көк сакалдар" дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, "медвежья услуга" көрсөтүштү", - деген Садыр Жапаров.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Камчыбек Ташиев өзү кызматтан алынгандан бери анын тегерегиндеги окуялар тууралуу комментарий бере элек.