Жогорку Кеңеш: жабык эшик артындагы оюндар, саясий интригалар

- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Окуу убактысы: 12 мүнөт
Кыргызстандагы соңку саясий окуялардын эпкини Жогорку Кеңешке көбүрөөк тийди көрүнөт. Парламент төрагасы баш болуп, кеминде сегиз депутат мандатын тапшырып кетти. Баары "өз каалоом менен" деп арыз жазганы менен бир да депутат эмнеге кетип жатканын так, ачык түшүндүргөн жок. Айрымдары ден соолукка байланыштуу деп жүйө келтирди. Башкалары "саясий туруктуулук", "элдин тынчтыгы" деген жалпы сөздөр менен чектелди. Бирок коомдо мунун артында мындан да олуттуу себептер болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Айтпай-дебей күтүүсүздөн мандатын тапшырып жаткан депутаттардын айыбы эмнеде? Алар ич ара бөлүнүп-жарылууга жол бергенби же жөн гана саясий күрөштүн курмандыгына айланыштыбы? Президентке каршы кутум аракети болгонбу? Дагы бир катар депутат мандатын тапшырат деген маалымат чынбы? Бул тууралуу Жогорку Кеңеш өзү эмне дейт? Би-Би-Си депутаттар менен баарлашып, дал ушул суроолорго жооп издеп көрдү.
75 кишинин президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча парламентке жөнөткөн катынан кийин айрым депутаттар мандатын тапшырууга аргасыз болду. Кат коомчулукта кызуу талкуулангандай эле, парламент ичинде да бир топ саясий интригаларды козгоду. Бул тууралуу президент Жапаров өзү да бир нече жолу айтып, соңку ирет парламентке келгенде депутаттарга катуу эскерткендей болду.

Сүрөттүн булагы, Official
"Жакында Жогорку Кеңеште бир окуя болду. Аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар тигил тарап, бул тарап деп бөлүп-жарууга аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Урматтуу депутаттар, мага элдин элегинен өтүп шайланып келген элдин өкүлдөрү ушинтип отурсаңыздар, анда карапайым калк кайда барат деген ой келди. Ошондуктан мындан ары андай терсе иштерди жасабайлы. Мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат",- деген эле Садыр Жапаров.
75 адамдын кайрылуусу жарыяланып, ага удаа Жапаров, Ташиев тандеми ыдырагандан кийин социалдык тармактарда спикер Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан кетет деген маалымат тарады. Ошондой эле мандатын тапшырат делген депутаттардын тизмеси да жарыяланды.
Көпчүлү аны фейк маалымат катары кабылдап, этибар албаганы менен акырындап дал ошол тизме боюнча депутаттар биринен сала экинчиси мандатын тапшырып кете баштады. Алгачкылардан болуп Элдар Сулайманов депутаттык креслодон баш тартты. Анын аты буга чейин да коомчулукта талкууга түшүп, мурдагы жубайы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталып келген.
Андан кийин Нурланбек Тургунбек уулу чын эле Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип, көп өтпөй депутаттык мандатынан да баш тартты. Ал муну ден соолугу менен байланыштырып, эч кандай саясий интригаларга аралашпаганын "Фейсбук" баракчасына жаза кетти.
23-февралда дагы бир депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырды. Ал коомдо бөлүнүүнү күчөтпөө үчүн ушундай кадамга барганын айтты. Ага чейин социалдык тармактарда Сулайманов жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору делген адамдардын кадр маселесине байланыштуу телефон аркылуу сүйлөшүүсү тарап, кызуу талкууга түшкөн.
Сулайманов ал жерде сөз болгон бала менен жеке тааныштыгы болбогонун, ага жетекчилери тарабынан кысым болуп жатканын угуп, маселени тынч жол менен чечүү керектигин айтканын билдирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
10-мартта БШК Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыратты. Расмий маалыматта ал өз каалоосу менен арыз жазганы айтылган. Бирок ага чейин интернетте Конгантиевдин ишмердигине байланыштуу видео тарап, анда ал мыйзамсыз жол менен эбегейсиз мал-мүлк топтогону маалымдалган. Көп өтпөй ал кармалып, эки айга камакка алынды. Болуп өткөндөр боюнча өзү үн каткан жок.
Депутаттык мандатын Курмункул Зулушев да тапшырды. Ал буга байланыштуу ак да, көк да деген жок. Зулушев депутат кезинде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетин жетектеп турган. Бул 75 кишинин парламентке түштү делген каты каралышы мүмкүн болгон негизги комитет болгон.
Мандатын тапшыргандардын арасында Шайырбек Ташиев да бар. Ал бул чечимин өлкөдөгү туруктуулук, тынчтык менен байланыштырды. Ага чейин медиада Шайырбек Ташиевдин суракка чакырылганы кабарланып, андан тышкары чет өлкөдө кумар ойноп, 1 миллион доллардан ашуун сумманы уттуруп жибергени тууралуу видеолор тараган. Анын аты "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдө да айтылып жатат. Ташиевдер мунун баары алардын үй-бүлөсүнө болгон каралоо аракети экенин айтышууда.
Андан сырткары, Нурланбек Азыгалиев жана Гүлсүнкан Жунушалиева да өз каалоосу менен Жогорку Кеңештен кетти.
Болуп жаткан саясий кырдаал менен дал келдиби же жокпу айтор, 13-шайлоо округундагы маселе да чечилип, талапкер болгон үч адам мандат алды. Ошентип саясат курчуп жаткан учурда Талант Мамытов да парламентке келип калды. Мурдагы спикер, саясатта тажрыйбалуу фигура катары белгилүү Мамытов ант берген соң дароо 75 кишинин кайрылуусу боюнча үн катты. Би-Би-Си депутат менен байланышып, окуя кандай нукта өнүккөнүн сурады.

Сүрөттүн булагы, Official
"Бул маселени парламентке алып келбей эле, Конституциялык сотко түз жиберсе, парламент да мындай саясий интригалардан алыс болуп, көптөгөн депутаттар бул маселеге дуушар болбойт эле. Кат жалпы каттар бөлүмүндө катталып, ошол кездеги төрагага келип түшкөн. Бирок ал иш сапарда болгондуктан, кийин орун басарга жана профилдик комитеттин төрагасына келип түшкөнү болгон окуя. Тергөө иштери жүрүп жатат. Алар өз чечимин айтып, билдирүү жасайт деген ойдомун",- деди "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Талант Матыртов.
Бул комитеттин төрагасы менен бирге анын орун басарлары да алмашты. Ошол кезде төраганын орун басары болуп турган Кубанычбек Самаков каттын комитетке түшүп-түшпөгөнү тууралуу буларды айтып берди.
"Мен билем, ошол 75 кишинин жазган каты ЖКга түшкөн, бирок Конституциялык комитетке ал кагаз кирген эмес. Кайра артка кайтарылган деген маалыматым бар. Зулушевдин жумуштан кетишине ошол кат себеп болгонбу же жокпу так маалыматым жок. Бул кагаздын парламентке келип түшкөнү боюнча ички иликтөө да жүргүзүлүп, болгон материалдардын баары укук коргоо органдарына берилген, тергөө жүрүп жатат. Кандай кагаздар кайсы жакка, кайсы деңгээлге чейин жеткенин мен ошонун алкагында билдим",- деди ал.
Ат тезегин кургатпай депутаттардын биринин артынан экинчиси мандат тапшырып жатканы коомдо ар кандай суроо жаратты. Айрымдар муну парламенттеги болжолдуу бөлүнүп-жарылуу менен байланыштырып жатышса, башкалары моралдык жоопкерчиликтин белгиси деп сыпаттап жатышат. Редакция чындыгында окуя кандай болгонун алардын өз оозунан угууга аракет кылды. Бирок айрымдары менен байланышууга такыр мүмкүн болгон жок. Байланышка чыккандар болсо комментарий берүүдөн баш тартты.

Сүрөттүн булагы, Official
"Мандатын тапшырган кишилер тууралуу так кесе айта албайм. Анткени алар менен жеке сүйлөшкөн жокмун. Бирок сергек акыл жүргүзө турган болсок, соңку саясий окуяларга байланыштуу деп айтсак туура эле болот. Балким тар чөйрөдө бөлүнүп-жарылуу болгон болушу мүмкүн. Азыркы окуя дагы ошонун жыйынтыгы болушу мүмкүн. Бирок жалпы депутаттар арасында талкуу, андай маселе жаралган эмес. Жеке өзүм 75 кишинин каты тууралуу маалыматты медиадан уктум. Бирок өлкө жетекчиси айтып жаткандан кийин, ал кишиде маалымат бар да. Ал айтып жатса, негиз бар деп ойлойм. Балким тар чөйрөдө, белгилүү бир адамдардын арасында иш-аракет жүргөндүр. Бирок мен өзүмдүн чөйрөмдө, айрым депутаттар менен баарлашкан учурда андай бөлүнүп-жарылуу же импичментке жеткирүү деген аракетти байкаган эмесмин. Депутат катары ачык айтып коюшум керек. Депутаттар арасында деле топ-топтор бар. Кызыкчылыгына, аймагына жараша, комитеттерине жараша иштешип жүргөндөр бар",- деди депутат Табылды Муратбеков.

Сүрөттүн булагы, Official
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутат:
"Ачык айтсам, албетте, бир нерсеси бар. Эч ким жөн эле өз каалоосу менен кетпейт. Жөн эле бир дагы бизнес өзүнүн мүлкүн мамлекетке бербейт. Мүмкүн, бир нерсе бар. Алар менен аралашып жүргөн эмесмин. Бирок Жогорку Кеңеште алар экинчи кишинин командасы болгон деп айтып жатышат. Биз дагы угуп жатабыз".

Сүрөттүн булагы, Official
Дастанбек Жумабеков, "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун жетекчиси:
"Кыргызда шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт деген кеп бар. Балким, күнөөлөрүн көргөндөн кийин ошону ырбатып жибербейин деп, тергөө менен келишип алып унчукпай мандатын тапшырып кеткендир. Мен ошого таянат элем. Эгерде алар ак жерден күйүп, ушакка, интригага илинип, жок жерден мандатын тапшырып жатса, чындыкты, акыйкатты айтып, өзүнүн үнүн угузуп кетмек деп ойлом. Демек, андай болгон жок. Сөздүн ачыгы ушул. Ошон үчүн мандаттарын өз каалоосу менен берип жатат".

Сүрөттүн булагы, Official
Исманали Жороев, "Ишеним" депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары:
"Ошол 75 кишинин каты Жогорку Кеңешке келгени тууралуу маалыматты укканда жардамчыларыма айтып, байкаштырып, сураштырып көрдүм. Бирок биле алган жокмун. Келсе Конституциялык комитетке келмек. Эгер ошол жактан колдоо таап, палатага алып түшкөндө аягы жакшылыкка алып бармак эмес. Бизге комитетке инфодокс менен түшкөн эмес. Көргөн жокмун, сураштырып да таба алган жокмун. Мүмкүн келгендир, аны укук коргоо органдары билет да. Аягы бизге туңгуюк".

Сүрөттүн булагы, Official
Кубанычбек Самаков, Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары:
"Дагы кайсы депутаттар кетет экенин билбейм. Бирок азыркы кетип жаткандардын көпчүлүгү Камчыбек Ташиев менен бир командада жүрүп, бирге иш алып барып, өздөрүнүн моралдык жоопкерчилигин сезип, мандатын тапшырып жатат болушу керек деп эсептейм. Кандайдыр бир ыпылас ишке барып барбаганын мен билбейм. Бирок моралдык жактан, мындайча айтканда тилектештик үчүн мандатын тапшырып жатат го деп эсептеп жатам".
Социалдык тармактарда кайрылуу жолдогон 75 киши президенттик шайлоону тезинен өткөрүүгө чакыруу менен башка да максаттарды көздөгөн болушу мүмкүн экени айтылып жатат. Чындап эле маселе президенттин бийлигине коркунуч туудурганбы?

Сүрөттүн булагы, Official
Сүйүн Өмүрзаков, Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер боюнча комитетинин төрагасы:
"Эми ошондой сөздөр айтылып жатат. Бирок импичмент берүүгө негиз жок. Ушак-айың эмес, так мыйзамдын жоболоруна токтолушубуз керек. Мыйзамда кайсы учурда импичмент жарыяланары так көрсөтүлгөн. Кайсы учурда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт, бул мыйзамда так айтылган. Бүгүнкү күндө ага негиз жок. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо кайсы учурда болот. Биринчиден, президент өзү арыз бергенде, экинчиден, мамлекет башчы катуу ооруп калса, үчүнчүдөн, каза болсо, төртүнчү учурда импичмент жарыялаганда. Анда ошол 90 депутаттын 45и демилге көтөрүшү керек. Эгерде президент тарабынан мыйзам бузуулар болсо, негизги фактылар Башкы прокуратура тарабынан аныкталып, Конституциялык сотко жиберилет, ал токтом чыгарат. Учурда ага эч кандай негиз жок".
Талант Мамытов, "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси:
"Мен өзүм импичмент кагазын көрө алган жокмун. Эгер көрсөм айтат элем. Бирок кандайдыр бир аракеттер болгон. Эгер сөздөргө таянсак, ошондой болгон деп айтса болот. Бирок мен юрист катары конкреттүү фактыга таянып айтышым керек. Бул жөнүндө президент дагы өзүнүн оюн айтып кетти. Мен деле тастыктайм, ошондой аракеттер болгон. Эми кандай деңгээлде, кимдин кандайча бул иш аракеттерге катыштыгы бар же жок аны тергөө аныктайт.
Деген менен коомдук сайттарда мандатын тапшырат деген депутаттардын аягы суюла элек. Дагы бир канча кишинин аты аталууда. Аларга микрофон сунуп, чын-төгүнүн сурап көрдүк.

Сүрөттүн булагы, Official
Алишер Козуев, "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары:
"Мен деле сиздер сыяктуу социалдык тармактардан өзүмдүн атымды, фамилиямды көрүп калдым. Толук кандуу, ишенимдүү түрдө айта алам, 75 аксакалдын катына менин эч кандай тиешем жок. Бул жаңылыкты мен дагы таң калып окуп жатам. Ишенимдүү түрдө айта алам. Фейк аккаунттар аркылуубу, же башка жол мененби эмнеге тизмеге кошуп жатышат түшүнбөйм. Мени 22 миңге чукул эл шайлаган".

Сүрөттүн булагы, Official
Дастанбек Жумабеков, "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун жетекчиси:
"Мен үчүн күтүүсүз болду. Кандай себептер менен, кайсы маалымат каражаттары тарабынан чыгарылып жатканы белгисиз. Бүгүн да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып кетейин. Эгерде сиз айтып жаткан иш менен байланыштырса, анда жаңылышат. Мен башында эле айтып кеттим. Мыйзамды так сактаган, так билген депутат катары андай иштерге эч убакта барган эмесмин жана барбайм. Эмне себептен чыгарып жатканын, ошолорду айпай жатышат. Мага да айтып коюшу керек эле да маалымат берип. Демек, ушундай көрө албаган маалымат каражаттары бар же фейк аккаунттар аркылуу чыгарып жаткан болушу мүмкүн. Аны көрүп, мен да таң калдым. Калганын эми убакыт көрсөтөт. Анын канчалык калп, канчалык чын экенин көрө жатабыз".

Сүрөттүн булагы, Official
Гүлай Машрапова, Жогорку Кеңештин депутат:
"Мен эч кимдин командасында эмесмин. Мен элдин командасындамын.Социалдык тармактарда менин дарегиме кээ бир блогерлер аркылуу каралоо жүрүп жатат. Ага көңүл бурбайм, себеби алар чындыкка дал келбейт. Менин ким экенимди, кандай кызмат кылып жатканымды эл билет. Ошону билип, эл өзү шайлап алды. Элдин ар бир добушу мен үчүн чоң аманат жана жоопкерчилик".

Сүрөттүн булагы, Official
Нилуфар Алимжанова, Жогорку Кеңештин депутат:
"Ал ушак. Интернетте жаза берет. Кетет деп баарын жазышы мүмкүн. Мүмкүн, тизме боюнча кийинки келчү талапкердин кызыкчылыгы бардыр. Мен андай иштерге эч кандай тиешем жок. Эмне үчүн жазып жатат, билбейм. Кандайдыр бир кызыкчылык менен жазып жатышкандыр. Ага эч кандай негиз жок. Мен элдин ишенимине ээ болуп келген депутатмын".
Мурдагы депутаттардын айрымдары да мандатын тапшырганга чейин дал ушундай сөздөрдү айткан. Бирок кийин үн катпай, жүйөсүн түшүндүрбөй мандатын таштап кете берди. Алардын мындай мамилеси коомдо жоопкерчилик маселесин да козгогондой болду.

Сүрөттүн булагы, Official
"Эмнеге булар ошол эл алдындагы жоопкерчилигин оңой эле берип коёт? Сүйлөбөй эле берип коёт? Эмне себептен андай болуп жатат? Ошонун баары мыйзамдуулуктун жоктугунан, коррупциядан келип чыгып жатат. Парламент - элдин күзгүсү. Алар оңой эле мандатын тапшырып кетти. Анткени алар ошондой келген. Бул ачык сөз. Биринчиден, шайлоочулар добуш бергени барганда, туура шайлаганды, 3-4 миң сомго алданбаганды үйрөнүшүбүз керек. Ошондо парламент күчтөнөт. Жөн эле мандатын тапшырып, элге түшүндүрмө бербей кетип калган эмес, жакшы уул-кыздар келет. Эң аз дегенде кеткен депутаттар элине түшүндүрмө берип кетиши керек болчу. Булар өздөрүнүн шайлоочуларын нөлгө теңеп койду. Мындай болбошу керек. Эл ошончо шайлагандан кийин эл алдына чыгып, "кечирим сурайм" же "ушундай кырдаалга байланыштуу" деп айтышы керек болчу. Жөн эле кетип калган бул туура эмес",- деди депутат Эрулан Көкүлов.
Депутаттардын көбү бул маселеде ачык сүйлөөдөн карманып, этият болуп жатышат. Бирок сырттан көз салып турган айрым саясатчылар парламентте президентти кызматтан алып түшүү аракети болгонун ачык эле айтышууда.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
"Биздин мамлекетте оппозиция, журналисттер же эл эмес, бийликте жүргөн адамдар, парламенттеги айрым өкүлдөр саясий дестабилизация, саясий кризис уюштуруу менен президентти мыйзамсыз кызматтан алып түшүү аракетин көргөн. Төрага баш болуп түздөн-түз Камчыбек Ташиевдин жардамы жана колдоосу менен парламентке келген бир нече депутат кызматтан кетти. Анын негизги себеби - парламент ичинде Ташиевдин тарапташтары күч топтоп, президентти алып түшүү, кызматтан кетирүү аракетин көргөндүгү болду. Алар импичмент жолу менен президентти кызматтан четтетип, тез аранын ичинде жаңы шайлоо өткөрүү аракетин көрүшкөн",- дейт саясатчы Мавлян Аскарбеков.
Буга чейин бир нече чакырылышта депутат болуп, парламент табиятын жакшы билген Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште болуп жактан соңку окуяларды тазалануу процесси катары мүнөздөдү. Бирок бул кимден жана кандай депутаттардан тазалануу?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
"Бул акча же бирөөнүн батасы менен келгендер депутаттык мандатына ээ боло албай калды дегенди билдирет. Акыркы күнгө чейин Жогорку Кеңешти президент эмес, Камчыбек Кыдыршаевич башкарганы белгилүү болчу. Бүгүн бир аз башкача нукка өзгөрдү. Көптөгөн депутаттар анын көз карандылыгынан чыгып кетти. Адатта алар эгемендүү жүрө албайт. Сөзсүз бирөөнүн карамагында болушу керек эле, учурда президенттин карамагына өтүп кетишти. Ушундай жол менен шайлоого барган депутаттар эмнегедир сөзсүз "шефти" табыш керек. Алар "шефке" кызмат кылыш керек деген адаттан кача албайт. Бул бизде чоң көйгөй. Мурун Ташиевге баш ийген, андан корккон парламент мүчөлөрү азыр толук президентке өтүп кетти. Президентке каршы эч ким сүйлөй албайт, ага сын пикир деле айта албайт. Президент азыр толугу менен парламентти бийлеп алды деп койсок болот",- деди ал.
Саясий ишмер Өмүрбек Субаналиевдин айтымында да, VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамынын басымдуу бөлүгү Камчыбек Ташиевдин таасири жана колдоосу менен келген. Мындай шартта улам бир депутаттын мандатын тапшырып кетип жатканын жөн гана жеке чечим менен түшүндүрүү кыйын.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
"Парламентке 80-90 пайыз Ташиев топтогон депутаттар өтүп келген. Ал депутаттардын абдан көп шайлоочулары бар болчу. Ошого карабай, алар менен эсептешпей эле көпчүлүгү кетип калды. Коркутуп-үркүтүү, албетте, болгон. Ошон үчүн алар ошондой чечимге барышты. Мындайча айтканда, саясий кысым болду, ошого макул болушту. Экинчиден, ал депутаттар деле саясатта такшалган кишилер. Алар баары бир чоң өзгөрүүлөр болорун түшүнүп, азырынча четке чыга туралы деп чечкен болушу да мүмкүн. Анткени булар чоң шайлоодо дагы чоң иштерди жасай турган адамдар. Бирок Ташиевдин кадрларынан тазаланып жатат деп айтууга болбойт. Анткени тизмени карасак, биринчи-экинчи катардагылардын көбү эле Ташиевдин кишилери. Бир кишиден экинчи кишиге эле алмаштырып койду. Ошондуктан бул маселе чечилди деп айтууга болбойт",- деди Субаналиев.
Негизи эле соңку окуялар парламенттин ишмердигине, кадыр-баркына кандай таасир тийгизди? Жогорку Кеңеш учурда чындап чечим кабыл ала турган көз карандысыз органбы же формалдуу институтка айландыбы?
"Конституция боюнча парламент көз карандысыз бийлик органы деп эсептелет. Бирок иш жүзүндө андай эмес, бирөөгө баш ийиш керек деген түшүнүк бар. Бирөөнүн сыйлыгына муктаж болуу, бирөөгө кызмат кылыш керек деген адат калыптанып калган. Парламент акырындап формалдуу, баш ийген институтка айланып бара жатат. Мен беш чакырылыштын депутаты болдум, салыштырып айта алам. Өзгөрүп жатат деген пикирге кошулам, себеби барган сайын депутаттар өзүнүн мурдагы эркиндигин жоготуп жатат. Бирөө "ээй" деп койсо, кабагын түйүп карап койсо коркуп калат. Шайлоочулардын укугун коргой албайт. Айта албайт. Айтсам балээге калам, анын ордуна акырын барып өкмөт башчыдан сурайын деп тиричилик кылып жатат. Мындай депутаттар көбөйдү. Мурдагыдай көз карандысыз, өз пикирин ачык айткан депутаттар саналуу эле болуп калды",- деди Исхак Масалиев.
Дастан Бекешев, депутат:
"Кыргызстанда дайыма эле ушундай. Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев урушуп кеткенде, парламентте азыркыдай көрүнүш болгон. Ошондуктан башка депутаттарга кеңеш берет элем. Бөлүнбөй, саясий интригага кошулбай, өз ишин кылышы керек. Элге берген убаданы аткаруу керек. Айтор, депутаттык жумуш көп эле. Мыйзам чыгарсын, элдин көйгөйүн уксун. Ошондо жакшы иштеп жаткан депутат катары бааланат".
Ошентип, 75чилердин кайрылуусу Кыргызстандын бийлик сересиндеги бир катар өзгөрүүлөргө жол ачып, болжолдуу саясий күрөштү ачыкка чыгаргандай болду. Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрага орун басары кызматынан алынгандан кийин парламенттен тышкары аткаруу бийлигинде да, күч органдарында далай жетекчи алмашты. Азырынча Ташиев өзүнүн кызматтан алынышы, парламенттеги сөз болгон бөлүнүп-жарылуу сыяктуу маселелерге комментарий бере элек. Дээрлик бир айдан кийин чет өлкөдөн кайтып келген Ташиев каралоо жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелди.

Сүрөттүн булагы, Social
"Мамлекетибизде стабилдүүлүк болсун. Кимдир бирөөнү капа кылып, кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылып койсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында жалган жалаа, ушактарды таратып, болбогон нерселерди айткан ар бир адамды кечирдим. Мындан ары мындай жаман иштерге барышпасын. Туура эмес маалыматтарды таратышпасын. Алардын дагы жүрөгүнө ыйман берсин",- деген эле ал.
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы шайланып келгенине төрт айга чукулдап калды. Бул аралыкта сегиз депутат мандатын тапшырды. Дагы бир депутат, тагыраагы Жанар Акаев аткаруу бийлигине кетти. Бул кыска аралыкта эле парламенттеги 90 депутаттын 10 пайызы алмашты дегенди билдирет. Алар соңку окуялардан улам жоопкерчилигин сезип кетип жатабы же кандайдыр бир кысым барбы, аны так айтуу кыйын. Бирок Кыргыз парламенти мындан да оор, чыңалган учурларды башынан өткөргөн. Кайсы бир жылдары эл өкүлдөрү атылган трагедиялуу учурлар да болгон. Тарыхында нечен сыноолорду башынан өткөргөн парламент дубалдары дагы кандай саясий тирештерге күбө болору белгисиз.























