Израилде терроризм үчүн соттолгон палестиналыктарды өлүм жазасына тартуу боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил парламенти (Кнессет) дүйшөмбү күнү террордук чабуулдар үчүн соттолгон палестиналыктарга стандарттуу жаза катары өлүм жазасын белгилеген мыйзамды кабыл алды. Сынчылар жаңы мыйзамды дискриминациялык деп аташса, бир катар Европа өлкөлөрү бул "демократиялык принциптерге" доо кетирүү коркунучун жаратат деп эскертүүдө.
Мыйзам үчүнчү жана акыркы окууда кабыл алынды: аны 62 депутат колдоп, 48и каршы добуш берди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул демилгени колдоду.
Мыйзамга ылайык, Израил тарабынан оккупацияланган Батыш жээктеги "террордук актылар" деп таанылган чабуулдар үчүн Израилдин аскердик соттору тарабынан соттолгон палестиналыктар 90 күндүн ичинде, 180 күнгө чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен асылып өлтүрүлүүгө тийиш, бирок кечирим алуу укугусуз.
Теориялык жактан алганда, мыйзам израилдиктерге да колдонулушу мүмкүн, бирок иш жүзүндө бул күмөн жаратат, анткени өлүм жазасы чабуулдун максаты "Израил мамлекетинин бар экенин четке кагуу" болгон учурларда гана каралган. Израилде соттолгон туткундар үчүн өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.
Сынчылардын пикири боюнча, бул өлүм жазасы иш жүзүндө палестиналыктарга гана колдонулуп, ушундай эле кылмыш жасаган жөөт израилдиктерге колдонулбайт дегенди билдирет.
Мыйзам 2023-жылдын 7-октябрындагы ХАМАСтын чабуулунан кийин - Израилдин тарыхындагы эң кандуу күндөн соң - ашынган оңчул күчтөр тарабынан жигердүү сүрөлгөн. Мында Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир жана анын "Оцма Йехудит" партиясы негизги ролду ойноду. Добуш берүүдөн кийин ал X социалдык тармагына: "Биз тарых жараттык!!! Биз убада бергенбиз. Биз муну жасадык", - деп жазды.
Анын партиясынын мүчөсү Лимор Сон-Хар-Мелех, палестиналык согушкерлердин чабуулунан аман калган, бирок күйөөсү каза болгон, мыйзамдын зарылдыгын билдирди. Ал мисал катары күйөөсүн өлтүргөндөрдүн бири кийинчерээк бошотулуп, 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге жасалган чабуулдарга катышканын айтты. Кнессеттеги дебат учурунда ал: "Көп жылдар бою биз террордун, камоонун, акылсыз келишимдер менен бошотуунун жана бул желмогуздардын кайрадан жөөттөрдү өлтүрүүгө кайтып келишинин катаал айлампасын башыбыздан өткөрдүк", - деди.
Мыйзамга сын айткандар
Оппозициялык "Демократтар" партиясынын лидери Яир Голан мыйзамды сындап, ал эл аралык санкцияларга алып келиши мүмкүн экенин айтты. "Террорчулар үчүн өлүм жазасы жөнүндөгү мыйзам - бул Бен-Гвир үчүн гана лайк топтоого багытталган керексиз демилге", - деп белгиледи ал. - "Ал Израилдин коопсуздугуна бир грамм да салым кошпойт".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Добуш берүүнүн алдында Улуу Британия, Франция, Германия жана Италия "терең тынчсыздануусун" билдирип, мыйзам Израилдин "демократиялык принциптерге берилгендигине доо кетириши мүмкүн" деп белгилешти.
Батыш жээкти башкарган Палестина администрациясы бул мыйзамды айыптап, ал "мыйзам чыгаруунун атын жамынып, сотсуз өлүм жазасына тартууну легалдаштырууга багытталган" деп билдирди.
Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС радикалдык тобу бул мыйзамдын жактырылышы израилдик түрмөлөрдөгү палестиналык туткундардын "өмүрүнө коркунуч келтирерин" айтып, эл аралык коомчулукту "алардын корголушун камсыз кылууга" чакырды.
Израилдеги Жарандык укуктарды коргоо ассоциациясы өлкөнүн Жогорку сотуна мыйзамды жокко чыгаруу талабы менен петиция берди. "Бул мыйзам Конституцияга карама-каршы келет, дискриминациялык мүнөздө жана - Батыш жээктеги палестиналыктарга карата негизсиз кабыл алынган", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Эми Жогорку сот бул кайрылууну карап чыгуу же чыкпоону чечиши керек.
БУУнун эксперттер тобу мыйзамда "террорчу" деген аныктама өтө бүдөмүк берилгенин, бул болсо өз маңызында террордук эмес аракеттер үчүн өлүм жазасын колдонууга алып келиши мүмкүн экенин көрсөттү. Израилдик B'Tselem укук коргоо уюму Батыш жээктеги палестиналыктар соттолгон аскердик соттордо айыптоо өкүмдөрү 96% түзөрүн жана кыйноо аркылуу күнөөнү моюнга алдыруу практикасы бар экенин ырастайт. Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму "өлүм жазасы кылмыштуулуктун деңгээлин өмүр бою эркинен ажыратууга караганда натыйжалуу төмөндөтөрүнө эч кандай далил жок" экенин белгилейт.
Amnesty International маалыматы боюнча, өлүм жазасы дүйнөнүн 54 өлкөсүндө, анын ичинде АКШ жана Жапонияда сакталып келет. Ошол эле учурда глобалдык тенденция аны жоюуга багытталган: 113 өлкө бул жазадан баш тарткан. Өзүнүн бүткүл тарыхында Израил өлүм жазасын болгону эки жолу ишке ашырган. Жазага тартылгандардын бири 1962-жылы нацисттик аскер кылмышкери жана Холокосттун уюштуруучуларынын бири Адольф Эйхман болгон.






























