Тегеранда акча тартыш, күнүмдүк жашоо согушка кайтуу коркунучу менен уланууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Лиз Дюсет
- Role, Би-Би-Синин башкы эл аралык кабарчысы, Тегерандан репортаж
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Тегарандагы жаркыраган жаз күнү, бул - азык-түлүк жана үй-тиричилик товарларын саткан дүкөндөр менен катар эле тез тамактануучу жана гүл саткан жайлар аралаш жайгашкан Санаеи Газнави көчөсү кадимки эле жердей көрүнөт.
Өлкөдө кризистер көптөн бери адамдардын жашоосун солкулдатып келет, мында адамдардын келечеги алар көзөмөлдөй албаган тышкаркы күчтөргө көз каранды болуп турганда, бул жөн гана күн өткөрүүгө аракет кылган элдин бир көз ирмемдеги абалын чагылдырат.
Футболка менен жынсы кийген Мухаммад үчүн үй-бүлөсүнө таандык бут кийим дүкөнүнүн чаар чатырын ачуу да үмүттүн бир белгиси болуп турат.
"Бул жерде болуу мага кубаныч тартуулайт", – дейт ал, шыптан полго чейин тизилген чоң-кичине спорттук бут кийимдер толгон кичинекей дүкөнүнө киргенде. "Көп адамдар жумушун жоготуп, иштебей калышты".
Кардарлар да аз.
"Мурда абдан көп болчу", – дейт анын атасы Мустафа капалана, бул бизнес алардын үй-бүлөсүндө 40 жылдан бери иштеп келе жатканын бизге сыймыктануу менен түшүндүрүп жатып.
Ирандагы Asr-e Iran сайты жакында бейрасмий эсепке таянып, согуш менен өкмөттүн дээрлик толук интернет өчүрүүсүнүн айынан төрт миллионго чейин жумуш орду кыскарып же жабыркаган болушу мүмкүн экенин жазды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батыштагы New Balance жана Clarks сыяктуу логолор түшүрүлгөн кутулар дүкөндүн текчелеринде тыгыз тизилип турат. "Кытайда жасалган", – дейт ата-бала кадимкидей эле. "Жасалма болсо деле Иранда кымбат", – деп кошумчалайт Мухаммад.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мен алар чабал ок атышпоо келишими сакталып, Америка менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болуп, бут кийимдин акыркы модаларын чыныгы түрүндө импорттоого мүмкүнчүлүк ачылат деп үмүт кылышат го деп ойлогом.
"Согуш кайра башталса экен дейбиз", – дейт Мухаммад, тамаша аралаш жылмайып. Атасы 27 жаштагы уулуна түшүнүктүү карап коёт. "Менин агарган чачымды кара, мен андан көбүрөөк түшүнөм".
"Биз улам начарлап бара жаткан экономика менен жашоодон чарчадык", – дейт Мустафа. "Айрымдар согуш кайра башталса, акыры баары кескин жакшырат деп ишенишет".
Жакынкы бурчтагы дүкөндүн сыртында ачык түстөгү жоолук салынган байбиче Шахла нанды кармап алган, анысы тизме жазылган планшет менен акча тутамынын үстүнө тең салмакталып кармалып турат.
Ал бизди көрө калып токтоп, ойлору менен бөлүштү.
"Азыр адамдар нан үчүн үч эсе көп төлөп калышты", – деп нааразы болот ал, манжалары менен желим пакеттеги жумшак нанды кармалап жатып. "Азыр адамдар нанга акча табыш үчүн тозоктон өтүп жатышат".

Сүрөттүн булагы, EPA
Ал Тегерандын борборундагы бак-шактуу көчөнү карайт – бул жер жаркыраган дүкөн, кафелерге бай түндүк аймак менен жакыр, консервативдүү түштүктүн ортосунда жайгашкан.
"Жакшы жашагандарга оңой, бирок аз тапкан жумушчулар үчүн эмес", – деп түшүндүрөт Шахла.
Мен андан сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткандарга эмне айтар элеңиз деп сурадым.
"Токтоткула, жетишет", – дейт ал. "Мындан бизге жакшы нерсе чыгат деп ойлобойм, анткени Трамп адамдарды коркутуп эле жатат".
Ал соодасын бүтүрүүгө шашылып жатканда, жанынан кичинекей айнек идишке жашыл паста кармаган жаш жигит өтөт.
"Бул валак майы", – дейт ал, кар баскан Альборз тоолорунун этектеринде өсүүчү жапайы сарымсакты персче атап. "Муну өзүм жасадым".
"Биз жөн гана жашообузду улантып, ырахат алуу үчүн бир нерселерди жасап жатабыз", – деп токтоо түшүндүрөт 45 жаштагы архитектор жана мугалим.
Ал Ирандагы жана кеңири аймактагы "абдан татаал" саясатка же келечекте эмне болору тууралуу божомолдорго аралашкысы келбейт.
Бирок ал китеп окуп жатып сөздөрдү которуу үчүн сайтка да кире албаганына нааразы – интернет өчүрүлгөнүнө 50 күндөн ашты.
Жакында эле Ирандын байланыш министри Саттар Хашеми да тыюуну алып салууга чакырып, негизинен орто жана төмөн кирешелүү катмардагы 10 миллионго жакын адам иши үчүн интернетке көз каранды экенин белгиледи. Ал муну "коомдук укук" деп атады.
Чектөөлөр акырындап жана тандалма түрдө жумшарып жатат, бирок коопсуздук кызматкерлери "душмандын коркунучу" бар кезде алар дагы сакталат деп билдиришүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коопсуздук чаралары көзгө даана көрүнүп турат – бизге бул көчөдө да байкалды.
Жарандык кийимчен коопсуздук кызматкерлери, "Басиж" ыктыярдуу жарым-жартылай аскердик түзүмүнөнбү же Ислам революциясынын сакчыларынанбы – азыр бардык жерде жүрүшөт.
Жакынкы Фирдауси аянтында куралчан аскерлер курчап турган кара брондолгон унаалар андан да катуу белги берет.
Бул көчө сыяктуу эле, ал аянт да сүйүктүү перс акынынын аты менен аталган.
Мен архитектордон анын жашоосун эмне кыйла өзгөртө алат эле деп суроо салдым.
"Эркиндик", – деп дароо жооп берет ал. "Ой жүгүртүү эркиндиги жана келечекке ээ болуу эркиндиги".
Көчөнүн ары жагында популярдуу кафе атактуу гриль сэндвичтери менен муздак кофесин алуу үчүн кезек күткөн кардарларга толо экен. Кризиске карабай, Тегерандын кафе маданияты жашоосун улантууда.
Чоң терезенин жанындагы отургучтар адамдарга көчөдөгү жашоону байкоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул шаарда карама-каршылыктар ачык көрүнөт: жоолук жана узун күрмө кийген аялдар менен кең жынсы, пирсинг жана татуировкасы бар жаштар бир эле тротуарда жүрүшөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көптөгөн аялдар – жашы улуусу да, жашы да – башын жаап, "жупуну" кийинүү мыйзамдарын сактабай калышты. Бул бир нече жыл мурун болгон "Аялдар, жашоо, эркиндик" нааразылыктарынын мурасы – ал нааразылыктар күч менен басылган.
2025-жылдын соңунда баалардын өсүшүнө каршы чыккан нааразылыктар жалпы өлкө машстабындагы өкмөткө каршы толкундоого айланып, коопсуздук күчтөрүнүн катаал чараларынан улам миңдеген адамдар каза тапкан.
Жакындагы согуш Алинин да оюнда. Ал Наполиден импорттолуп келген чылымды досу менен чегип отурат.
Жанында кыска чачы жана модалуу көк көз айнеги бар карындашы турат.
"Согуш маалында коркунучтуу болду", – дейт Али. "Өзүбүздү жалгыз сездик. Үй-бүлөбүз башка шаарларда болчу, байланыша алган жокпуз".
Алардын келечеги да бүдөмүк. Карындашы ашпозчу жумушун таштаганын айтат, анткени ресторандын ээси айлык төлөй албай калган.
"Мен Трампты жакшы көрөм да, жек көрөм да", – дейт Али. "Ал Иран элине жардам берем деген үчүн жакшы көрөм. Бирок жардам берген жок, ошол үчүн жек көрөм".
Күн батканда биз өкмөттүн жаңы жетекчилеринин чакырыгына жооп катары каршылык жана биримдик көрсөтүү үчүн чогулган тарапташтар бар аянттардын бирине барабыз.
Вали-е Аср аянтында Иран желектери жана согуштун алгачкы сааттарында Израилдин аба соккусунан 28-февралда каза болгон мурдагы жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин чоң сүрөтү илинип турат.

Бул жерде бүгүн кечинде ачык асман алдындагы талкууга чогулгандар маркум лидер Америка менен сүйлөшүүлөрдү колдогонбу же жокпу деген сыяктуу маселелерди талкуулап жатышат.
Кара жоолукчан бир аял, ийнине желекти желбегей илип алып, сахнадагы алып баруучу менен катуу талашып жатат. Алып баруучу мурдагы аятолла башында сүйлөшүүгө каршы болуп, кийин макул болгон дегенге тигил аял каршы чыгып жатат.
"Ал кезде башкача болчу", – деп кыйкырып, ал Батышка ишенбегенин жана анын чабармандары жаңылышарын билгенин айтат.
Бир аздан кийин тема өзгөрүп, башка аял микрофон алып, хижабдын маанүүлүлүгүн айтып баштады.
"Бирок аны кийбегендерге өтө катаал мамиле кылбашыбыз керек, азыр улуттук биримдик керек", – дейт ал турумун күтүүсүз билдирип.
Кара кийинип, желек кармаган жаш аял бизге келип англисче: "Биз Трамп менен күчтүү позициядан гана сүйлөшөбүз", – дейт.
19 жаштагы Рейхане Тегеран университетинде микробиологияны окуйт, ал жаңы жогорку лидер Можтаба Хаменеинин сүрөтүн кармап турат.
Атасы өлтүрүлгөн жана өзү катуу жарадар болгон кол салуудан бери аны эч ким көрө элек дегенимди ал четке кагат.
"Азыр баары анын колунда, келечек дагы", – дейт ал.
Аянттан чыгып бара жатканда күтүүсүз ызы-чуу угулду.
Ак жана кара чалма кийген, камуфляж формадагы, көкүрөгүнө курал асынган молдолор мотоциклдер менен өтүп кетишти – бул түндүн дагы бир таң калычтуу көрүнүшү.

Биз кайра Санаеи Газнави көчөсүнө келебиз.
Жаздын мелүүн күнүндө, саат 22:30да тез тамактануучу жай менен кафенин жанында жаштардын чакан тобу турушат.
Жарык дүкөндүн алдында бут кийим сатуучу Мустафаны көрөбүз.
– Бүгүн кардар көп болдубу?
– Анча эмес, – дейт ал ийинин куушуруп. – Биз жөн гана бул согуштун бүтүшүн каалайбыз.
Би-Би-Синин башкы эл аралык кабарчысы Лиз Дюст Тегеранда репортаж даярдоодо анын материалдары Би-Би-Синин Перс кызматы үчүн колдонулбайт деген шарт коюлган. Бул чектөөлөр Иранда иштеген бардык эл аралык медиа уюмдарына тиешелүү.




























