Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгынан кетүү арызын жазды

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 18-мартта жалпы жыйында билдирип, тийиштүү арыз парламенттин кароосуна келип түшкөнүн тастыктады.
Регламентке ылайык, парламент жакын арада анын отставкасын кабыл алуу же четке кагуу маселесин карап, чечим чыгарышы керек.
Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына 2024-жылдын июнь айында дайындалган.
Айрым маалыматтарга караганда, кадрдык өзгөрүүлөр Финансы министрлигинде да болушу күтүлүүдө. Анын башчысы Алмаз Бакетаев кызматтан кетип, Мелис Тургунбаевдин ордуна Улуттук банктын башчылыгына келиши мүмкүн экенин бир катар маалымат каражаттары жазышууда. Финансы министрлигине Алмаз Бакетаевдин ордуна Руслан Сүйналиевди дайындоо пландалып жатканы кабарланды. Ал ушул убакка чейин Финансы министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Бир күн мурда соцтармактарда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да кызматынан кетет экен деген маалыматтар чыгып, көп өтпөй Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аны четке какты.
"Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып, анын ордуна Канат Асангулов дайындалыптыр деген маалыматтар тарап жатат. Мындай маалыматтар чындыкка коошпойт, жогорудагы аты аталган жетекчилерге байланышкан кадрдык чечимдер кабыл алынган эместигин билдиребиз", - деп жазды Дайырбек Орунбеков.
Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жаткан 44 жаштагы Мелис Тургунбаев экономика илимдеринин доктору. Борбор Азиядагы Америка университетин (2003), Жапониядагы Саясий изилдөөлөр институтун (2005) жана дүйнөгө атагы чыккан Лондон бизнес мектебин (2023) аяктаган.
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп турган кезде президенттен эки ирет, Жаратылыш ресурстары министри кезинде бир жолу сөгүш алган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Улуттук банктын төрагалыгына келгенине эки ай гана болгондо, 2024-жылы август айында биринчи сөгүш берилген. Анда акча-кредит саясатындагы мүчүлүштүктөр валюта курсунун туруксуздугуна алып келип, экономикага терс таасирин тийгизгени белгиленген. Натыйжада анын эки орун басары кызматтан алынган. 2024-жылдын июнь айында да Улуттук банктын төрагасы катары "ишиндеги кемчиликтер" үчүн да сөгүш алган.
Улуттук банкка келгенге чейин, 2023-2024-жылдары Жаратылыш ресурстары министри болуп иштеген. Анда да "кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн" сөгүш берилген.
Мелис Тургунбаев мамлекеттик кызматтан тышкары "Газпромнефть Азия", "Кыргызнефтегаз" ишканаларында жана KICB банкында жетектөөчү кызматтарда иштеген.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон бери Камчыбек Ташиевге жакын делген депутаттар, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.





























