"Шайыр бала эле". 110 сом үчүн асынып алганы айтылган Эрболдун аянычтуу өлүмү

ваивп

Сүрөттүн булагы, COURTESY

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Нарын районунун Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусунун өлүмү тергелүүдө. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Мурдараак 14 жаштагы Эрбол Абиров мектепте 110 сом уурдоого айыпталгандан кийин өз жанын кыйганы айтылган. Жакындары бул жалган жалаа экенин, окуучу намыстанып асынып алганын айтышып, ишти акыйкат иликтөөнү сурашууда.

Нарын районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу Эрбол Абиров 1-апрелде өз жанын кыйган. Жакындары ал китептин ижарасы үчүн чогулган акчадан 110 уурдап алууга айыпталганын айтышууда. Маркумдун агасы Айбек Эламан уулунун билдиргенине караганда, Эрбол намыстанып асынып алган. Ал буга мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу – дене тарбия мугалими күнөөлүү деп эсептейт.

"Инимдин өлүмүнө мектепте китептин ижарасына деп чогулган акча себеп болду. Мугалимдер инимди ошол акчадан 110 сом уурдап алды деп күнөөлөшүптүр. Мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу иш бөлмөсүнө алып барып, өз алдынча суракка алыптыр. Инимдин жанында ата-энеси, класс жетекчиси же социалдык педагог болбоптур. Ал инимди кайра класска жетелеп келип, англис тил сабагы өтүлүп жатканда 110 сомду партанын үстүнө койдуруптур. Иним класска ыйлап кирип келиптир. Эрболго күч колдонуп эле күнөөнү мойнуна алдырып коюптур. Өз жанын кыяр алдында калтырып кеткен кыска билдирүүсү да бар. [Ал (мугалимдин аты -ред.)] мени кыйнап койду, ал акчаны алган эмесмин деп жазган экен. Ушул ишти акыйкат иликтеп беришсе деп суранам", - деди маркумдун агасы Айбек Эламан уулу.

Кеп болуп жаткан мугалим менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Мектептин директорунун айтымында, тарбия иштери боюнча уюштуруучу дарылануу үчүн өргүүгө чыгып кеткен.

Мектептин социалдык педагогу Самара Исаева ак көңүл бала катары мүнөздөйт. Ошол эле маалда баланы өлүмгө жеткирүүгө шектелип жаткан мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусун да айыптоодон алыс.

"Эрбол ак көңүл, шайыр жаркылдаган бала эле. Ошол эле маалда тентектик да кылып койчу. Чоң кишилер менен, чоң балдар менен сүйлөшкөндү жакшы көрчү. 1-апрель күнү кадимкидей эле сабакка келген. Бешинчи саатта орус тил сабагы кириптир, ошол маалда окуучу кыз эжейине "Эрбол акча алганын мен көрдүм" деп айткан экен. Эрбол ошол учурда арданып калган деп ойлоп жатабыз. Негизи түшүндүрүү иши өзүнчө бөлмөдө жүргөн. Биз агайды күнөөлөгөндөн алыспыз. Себеби Эрбол экөө аябай жакшы сүйлөшчү. Эрбол агайлары менен сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Өз оюн ээн-эркин айта алчу. Мындан тышкары спорттук иш-чараларга да активдүү катышчу. Мен аны көбүнчө спорт залдан көрчүмүн".

Негизи 110 сом үчүн окуучунун өмүрү кыйылганы кечээ гана маалым болду. Бүгүн бул маселе парламентте да көтөрүлдү. Депутаттар окуучуну өлүмгө жеткирген жагдайды тыкыр иликтеп, иш козгоону талап кылышты.

"Биз өмүр бою мугалимдерге болушуп келебиз. Өзгөчө парламентте. Бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылып жатат. Тигил жакта ишти кыргызча жабабыз деп ызы-чуу болуп жатыптыр. Ушуну өкмөт жана төрага өзүңүз көзөмөлгө алып коюңуздар деп кайрылат элем", - деди депутат Элвира Сурабалдиева.

Эрболдун өлүмү талкуу жараткандан кийин райондук милиция кылмыш ишин козгоду. Маалыматта окуучунун сөөгү сарайда табылганы, тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылат:

"Маркумдун сөөгүнө тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда".

Агасынын билдиришинче, Эрбол бышык, анча-мынчага моюн бербеген, тээрикпеген бала эле. Мал-жанды жакшы көрчү. Өзүнө энчиленген жээрде кашка аты бар болчу. Ээр токуму токулган бойдон калды...

2025-жылы Кыргызстанда балдар арасында суициддин 101 фактысы катталган. Бул тууралуу 10-февралда Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кабарлаган.