Германия Украинага ири аскердик жардам берет

апа

Сүрөттүн булагы, EPA

    • Author, Илья Абишев
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматынын аскердик серепчиси
  • Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Биз колдоо көрсөтүүнүн жаңы пакеттери боюнча макулдаштык, бул биринчи кезекте абадан коргонуу каражаттарына, алыскы аралыкка атуучу куралдарга жана ок-дарыларга тиешелүү", - деди немис канцлери Фридрих Мерц шейшемби күнү Берлинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөргөн биргелешкен брифингде.

Киев менен Берлин ошондой эле коргонуу жана экономикалык кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюшту. Алардын негизги пункту - Американын Raytheon компаниясы менен Украинанын ортосунда баасы 3,7 млрд долларды түзгөн, бир нече жүз заманбап Patriot GEM-T ракета-тосуучуларын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлушу. Келишимди Германия каржылайт.

Келишимдин башка деталдарын Украинанын "Милитарный" аскердик порталы жазды. Ага ылайык:

- Украиналык Fire Point коргонуу компаниясы жана Германиянын ракета жана абадан коргонуу системаларын өндүрүүчүсү Diehl Defence технологиялык кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

- Германиянын Rheinmetall концерни жана Украина үчүн "Рута" реактивдүү дрондорун чыгарган Нидерландынын Destinus компаниясы биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашышты.

- Учкучсуз учуучу аппараттарды иштеп чыгууга адистешкен Германиянын Quantum Systems компаниясы эки жаңы биргелешкен ишкана түзүлгөнүн жарыялады.

- Америка-украиналык биргелешкен Auterion жана Airlogix ишканасы Украина үчүн миңдеген автономдуу сокку уруучу системаларга алгачкы буйрутманы алды. Келишим өндүрүштү Германияда жүргүзүүнү карайт.

Фридрих Мерцтин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык Украина үчүн гана эмес, Германия жана анын коопсуздугу үчүн да пайдалуу, анткени Европада акыркы он жылдыктарда "мындай аскердик тажрыйбага ээ болгон" башка армия жок.