АКШ дүйшөмбүдөн тарта Ирандын портторун камоого аларын жарыялады. Бул жаңжалдын жүрүшүн кандайча өзгөртүшү мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
- Author, Энтони Зуркер
- Role, Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Вице-президент Жей Ди Вэнс баштаган АКШ делегациясы Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы согушту токтотуу боюнча макулдашууга жетише албаган соң президент Дональд Трамп кийинки кадамды чечиши керек болчу.
Дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын Борбордук командачылыгы жакын арада Ирандын портторуна кирген жана чыккан кемелерди блокадага ала баштай турганын кабарлады.
Иран портторунун блокадасы дүйшөмбү күнү Чыгыш убактысы боюнча саат 10:00дө (Бишкек убактысы боюнча 21:00дө) башталат деп билдирди АКШнын Борбордук командачылыгы социалдык тармактарда. Ошондой эле "АКШнын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгы аркылуу Иранга тиешеси жок портторго багыт алган кемелердин эркин каттамына тоскоолдук кылбайт" деп кошумчалашты.
Бул Трамптын буга чейинки айткандарынан бир аз айырмаланат.
Жекшемби күнү Truth Social тармагындагы билдирүүлөрүндө ал Вашингтон Иранга деңиз блокадасын киргизерин жарыялаган. Ошондой эле ал АКШ союздаштарынын кемелеринин коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу үчүн Ормуз кысыгын миналардан тазалоону улантарын кошумчалады.
Ак үйдүн башчысы америкалык куралдуу күчтөр "согушка даяр" экенин жана Иранга карата чабуулдарды "ыңгайлуу учурда" кайра баштай аларын баса белгиледи. Андан ары Трамп Исламабаддагы 20 сааттык сүйлөшүүлөрдө жылыш болгону менен, Иран АКШнын өзөктүк амбицияларынан баш тартуу талабын аткарууга барбай жатканын билдирди.
Бул билдирүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен тааныш америкалык аткаминердин сөздөрүнө бир аз карама-каршы келет. Ал аткаминер пикир келишпестиктердин тизмеси алда канча узун экенин - анын ичинде Ирандын Ормуз кысыгындагы көзөмөлү жана аймактык прокси-топторуна (Йемендеги хуситтер жана Ливандагы "Хезболла") көрсөткөн колдоосу боюнча маселелер бар экенин айткан.
Трамптын акыркы билдирүүлөрүндө жакында эле айтылган "иран цивилизациясын жок кылуу" сыяктуу "акыр-кыяматтык" коркутуулар болбосо да, алар бир катар жаңы көйгөйлөрдү жана тобокелдиктерди жаратат - эң оболу Кошмо Штаттардын өзү үчүн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ормуз кысыгын миналардан тазалоо иштери Иран тараптан америкалык аскердик кемелерге чабуул жасоо коркунучун күчөтөбү?
АКШ Иранга ким алым төлөгөнүн кантип аныктайт?
Блокаданы тоготпогон чет элдик желектин астындагы кемелерге карата АКШ күч колдонобу?
Иран мунайына көз каранды болгон өлкөлөр, мисалы, Кытай буга кандай мамиле кылат?
Ирандын негизги киреше булагын бууп салууга багытталган бул кадам мунайдын баасын дагы да жогорулатабы?
Так жооптор жок.
"Кысыкты блокадага алуу ирандыктарды аны ачууга кантип мажбур кыларын түшүнбөй турам", - деп билдирди жекшемби күнү CNN телеканалына Вирджиния штатынан сенатор, Сенаттын чалгындоо комитетинин жогорку даражалуу демократы Марк Уорнер.
CBS телеканалынын Face the Nation программасында Огайодон республикачы конгрессмен Майк Тернер блокада Ормуз кысыгындагы кырдаалды жөнгө салууну тездетүүчү курал экенин айтты.
"Ким өтөрүн алардын чечишине жол бербей турганыбызды айтуу менен, президент биздин бардык союздаштарыбызды жана калгандарды сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырып жатат. Бул маселе чечилиши керек", - деп кошумчалады конгрессмен.
Өткөн аптада Иран менен АКШ эки жумалык тынчтык келишимине жана түз сүйлөшүүлөргө макул болгонго чейин Трамп татаал абалда калган.
Ал Вашингтондун Иранга жасаган чабуулдарын күчөтүүнү уланта бермек, бул өлкөнүн жарандык инфраструктурасына узак мөөнөттүү зыян келтирип, гуманитардык кризисти тереңдетип, дүйнөлүк экономиканы дагы да туруксуздаштырышы мүмкүн эле.
Же болбосо, ал согуштан баш тартмак. Бирок бул согуш америкалык коомчулук арасында эч качан популярдуу болгон эмес жана АКШнын чет өлкөлөрдөгү жаңжалдарга катышуусунан качабыз деген убадасына ишенген Трамптын айрым тарапкерлеринин да нааразычылыгын туудура баштаган.
CBS телеканалынын жаңы сурамжылоосу көрсөткөндөй, америкалыктардын көбү (59%) согуш АКШ үчүн начар жүрүп жатат деп эсептешет. Көпчүлүк Вашингтондун негизги максаттары - Ормуз кысыгы аркылуу эркин өтүүнү камсыздоо, иран элине көбүрөөк эркиндик берүү жана ирандын өзөктүк программасын биротоло токтотуу сыяктуу пландар ишке ашпай калды деп эсептешет. Эки партиянын тең өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү АКШ үчүн бул максаттарга жетүү маанилүү деп эсептешет.
Дээрлик бир апта өттү, АКШнын жеңиш тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан, Ак үй башчысы туш болгон көйгөйлөр өзгөргөн жок.
Жекшемби күнү эртең менен Fox News каналына берген маегинде Трамп Иран акыры АКШ каалагандын "баарын" берерин айтты. Ал мунайдын баасы жакынкы айларда ошол бойдон калышы же көтөрүлүшү мүмкүн экенин, бирок АКШ экономикасы буга туруштук берерине ишенип жатканын кошумчалады.
Бул, жумшак айтканда, тобокелдик кадам. Ал эми ноябрдагы аралык шайлоолор жакындаган сайын, эгер ал жаңылышып калса, президенттин Республикалык партиясы буга кымбат "кун" төлөшү мүмкүн.
Ишемби күнү кечинде, АКШнын вице-президенти Пакистанда ирандыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда, Трамп Майамиге барып, UFC мелдешинде профессионал мушкерлердин бири-бирин сабаганын көрдү.
Катышкан журналисттердин айтымында, бул таң калыштуу көрүнүш болду.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти канга боёлгон рингдеги аёосуз кармаштарды байкап, атактуулар менен баарлашып, миңдеген көрүүчүлөрдүн көзүнчө мамлекеттик катчы Марко Рубио жана башка кеңешчилери менен жандуу талкууларды жүргүзүп жатты.
Уруштар, алардын катаалдыгына карабастан, белгиленген эрежелерге жана убакыт чектөөлөрүнө ээ, ошондой эле ачык жеңүүчү жана жеңилүүчү менен аяктайт.
Иран менен болгон согуш мындай айкындуулукту эч качан бербеши мүмкүн, анткени ал экинчи айга созулуп баратат, ал эми азыркы эки жумалык тынчтык келишими кыйроонун босогосунда турат.
Бул жаңжал эрк сыноосуна айланды - Ирандын АКШ менен Израилдин тынымсыз чабуулдарына туруштук берүү жөндөмү жана Трамптын бул согуш алып келген экономикалык жана саясий чыгымдарга чыдоо даярдыгы таразага түшүүдө. Акыр-аягы, бул тирешүүнүн бардык катышуучулары алсырап калышы мүмкүн.
































