Ирандын ракеталары Европага чейин жетеби?

Сүрөттүн булагы, Photo by Eyad Baba / AFP via Getty Images
- Author, Ник Эриксон
- Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Тегеран алыскы аралыкка уча алган баллистикалык ракеталарды Индия океанындагы Диего Гарсия аралында жайгашкан Британия-АКШ биргелешкен аскердик базасын көздөй атуусу Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын курчушун ачык эле көрсөтүп турат.
Ракета бутага алынган жерлерге тийген жок, бирок Израилдин коргонуу күчтөрү (IDF) билдиргендей, бул согуш башталгандан бери алыска уча алган ракеталар биринчи жолу колдонулуп жатат.
Тегеран ракеталарды учурганын расмий түрдө ырастай элек. Ирандын маалымат каражаттары өз кабарларында көбүнчө чет элдик медиаларга шилтеме берип жатышат.
Эксперттер ишке ашпай калган кол салуунун кесепети жөнүндө ой жүгүртүп жатышат. Аны менен катар ыктымал бутага алына турган жерлерге мунун мааниси кандай болушу мүмкүн экени ойлондурбай койбойт. Мисалы, Европанын Берлин, Париж жана Лондон сыяктуу борборлору келечекте бутага алынышы мүмкүнбү?
Бритинаянын министрлер кабинетинен билдиргендей, Израилдин коргонуу күчтөрүнүн Иранда Лондонго чейин учуп жете алган ракеталары бар деген маалыматты "ырастаган эч кандай баалоолор" жок.

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Ирандын ракеталык программасы көптөн бери эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болуп келатат", – дейт Би-Би-Синин Фарси кызматынан Гончек Хабибиазад. "Тегеран өзүнүн ракета иштеп чыгаруусу нагыз коргонуу максатын көздөөрүн жана улуттук токтотуп кармап туруу стратегиясына таянарын айтып келет. Сынчылар болсо алыскы аралыкка уча алган куралдар аймактагы коопсуздук динамикасын өзгөртүшү ыктымал экенин билдиришет".
Тегерандын өзөктүк дымагынын айланасындагы тынчсыздануулар боюнча сүйлөшүүлөр башталганына бир айдай эле болду. Израил менен АКШ чабуулун баштап, эми сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы өтүшү ыктымал.
Диего Гарсия аралы Чагос аралдарынын бир бөлүгүнө кирет. Ал Ирандан болжолдуу 3800 км аралыкта жайгашкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Wall Street Journal жана CNN АКШнын ысымы аталбаган расмийине шилтеме жасап, баллистикалык ракеталардын атылганын кабарлашты. Бирок эч бири бутага барып тийбегенин айтышты.
Ракеталардын бири учуп баратып иштен чыкса, дагы бирин АКШнын аскердик кемеси кармап токтотуп калган. Би-Би-Си бул маалыматтар так деп эсептейт.
Бул окуядан кийин көп өтпөй Израилдин коргонуу күчтөрү айткандай, Европадагы, Азиядагы жана Африкадагы көптөгөн шаарларга коркунуч жаралган. Израилдин коргонуу күчтөрү Тегеран алыскы аралыкка уча алган ракеталарды иштеп чыгуу ниети бар экенин былтыр ачыктаган.
Израилдин коргонуу күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Эял Замир Чагос аралдарын көздөй ракета учурулгандан кийин коомдук желеде видео чыгарып, чукул эскертүү жарыялады. "Иран 4000 км аралыкка уча алган континенттер аралык баллистикалык ракеталарды эки баскыч менен учурду. Ракеталар Израилге сокку уруу үчүн багытталган эмес", – деди ал. "Алардын учуу аймагы Европанын борборлоруна чейин жетет. Берлин, Париж жана Рим, баары коркунуч аймагында".
Ал эми башкалар, анын ичинде Британиянын биргелешкен куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы жана коргонуу боюнча эксперт Ричард Барронс Би-Би-Сиге билдиргендей, мунун баары Ирандын ракета корун жана камтуу аралыгын кайра баалап чыгууга мажбур кылууда.
"Мурда Ирандын ракеталары 2000 км аралыкты камтыйт деп ойлочубуз. Диего болсо 3800 км".
Иран өзүнүн баллистикалык ракета программасынынын учуу чегин өз алдынча 2000 км аралык деп белгилегенин бүгүнкү күнгө чейин билдирип келген. Демек, Европа эмес, Израил Ирандын ракеталары сокку ура ала турган аймакка кирет.
Маркум Аятолла Али Хаменеи 2021-жылы ал ракеталарды иштеп чыгуудагы техникалык чектерден улам эмес, саясий чечим болгонун айткан. Анда аскердик лидерлердин жана Ислам республикасынын сакчылар корпусунун каршылыгына карабастан жасалганы да айтылган.
Ал Израилге каршы коркунучту сактап турууну көздөп, бирок Европаны да бутуна тургузуп жибергиси келген эмес. Себеби Тегерандын башкы багыты Европа эмес болчу.
Бирок былтыр сентябрда Ирандын эл өкүлү мамлекеттик телеканалга Ислам республикасынын сакчылар корпусу континенттер аралык баллистикалык ракетаны сыноодон ийгиликтүү өткөргөнүн кабарлаган. Бирок ал ракетанын учуу аралыгы жөнүндө кенен маалымат берген эмес.
Ракеталар канча аралыкка уча алат?

Сүрөттүн булагы, Shomos Uddin via Getty Images
Times of Israel маалымат агенттиги билдиргендей, Ирандын космостук программага ээ болуусу өлкөгө континеттер аралык баллистикалык ракеталарды жасоого өбөлгө түзгөн технологияны иштеп чыгарын туюнтарын АКШнын расмийлери көптөн бери айтып келишкен. Иран бул технологияны муктаждык жаралса колдонору айтылган.
Айрым талдоочулар бул пикирге кошулат. Лондондогу Бириккен кызматтар королдук институтунун мурдагы башкы директору доктор Карин фон Хиппел Би-Би-Сиге билдиргендей, "ракеталар Диего Гарсияга чейин жетти деп эсептесек... ирандыктар 10 миң километрге чейин уча алган континенттер аралык баллистикалык ракеталарды дагы жасап жатышат. Ошентсе да аларды иш жүзүндө көрө элекпиз".
Бул Ирандан учурулган ракеталар АКШ континентине чейин жетиши ыктымалдыгын билдирет.
Байкоочулардын айтымында, учурда Индия океанында урулган сокку ал чек жоюлганын көрсөтөт.

Сүрөттүн булагы, Atta Kenare / AFP via Getty Images
Бирок айрымдардын айтымында, ракеталарды башында токтотуп калбаганда деле көздөгөн жерине чейин жетери күмөн болчу.
Британиянын турак-жай министри Стив Рид Би-Би-Сиге билдиргендей, "ирандыктардын Британияны бутага алып жатканы же алар бутага ала алары боюнча так баалоолор жок".
Маселе Иран алыска сокку уруу үчүн керектелген технологияны иштете алып албасында, ошондой эле мындай алыскы аралыкты камтыган ракеталарды көзөмөлдөп башкаруу жөндөмүнө ээ болуп болбогонунда.
Мунун психологиялык өңүтү да ачыктан ачык көрүнүп турат.
Айрымдар Иран бутага алган жерлерге эч качан сокку ургусу келген эмес деп ишенет. Алардын оюнча, Тегеран ниети жана тосуп токтотуу боюнча ачык эскертүү бергиси келген.
"Алар эртең эле Лондонго же Парижге сокку уруп жиберебиз дешпейт, бирок менин оюмча, бул тосуп токтотууну бекемдөөгө шарт түзгөн элемент болуп берет", – деген Денни Цитринович Лондондогу Independent гезитине. Ал Израилдин аскердик чалгын кызматында мурда иштеген жана учурда Тел-Авивдеги Улуттук коопсуздук боюнча изилдөө институтунда иштейт.
Индия океанындагы окуяга Израилдин бул аптадагы жообу дагы биригүүгө чакырык катары чечмелениши мүмкүн.
"Албетте, Израил согуштун масштабын кеңейтүү кызыкчылыгы үчүн жана Америка менен Израилдин катарына мүмкүн болушунча көп өлкөнү кошуу үчүн муну айтып чыгат", – деди Би-Би-Сиге НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн командиринин мурдагы орун басары, генерал Ричард Ширрефф.
"Биз ага каршы турушубуз керек. Бул так натыйжасы жана стратегиясы болбогон Трамптын согушу. Бул саздак жайга айланууда. Бизге өзөктүк жөндөмдөрү жок кылынганын алты ай мурда айтышкан эле. Бул боюнча Вашингтондон келген маалыматтарга ишене албайбыз".


























