Шаирбек Ташиев ИИМге күбө катары суракка барып жатканы кабарланды

Сүрөттүн булагы, oficcial
Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын тарапташы Орозбек Осмонов билдирди.
Орозбек Осмонов 26-мартта Фейсбук баракчасы аркылуу Шаирбек Ташиевдин суракка барып жатканын жазган.
"Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Акыркы күндөрү Ташиев Шаирбек ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат...", - деп жазган Осмонов.
Ушул эле күнү Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев бир күн мурда "Кыргызнефтегаз" ишканасына байланыштуу күбө катары тергөөгө чакырылып, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылган.
ИИМ азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Акыркылардан Гүлсүнкан Жунушалиева, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев жана Кубанычбек Конгантиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.
































