Крымда Ан-26 аскердик учак кыйрап, 29 адам каза болду

Сүрөттүн булагы, Yuri Smityuk/TASS
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Крымдын үстүнөн учуп бара жаткан Ан-26 аскердик-транспорттук учагы кырсыкка учурап, экипаждын алты мүчөсү жана 23 жүргүнчү каза болду. Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктын алдын ала себеби - техникалык бузулуу. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын булактары учак аскага урунганын кабарлашты.
"Издөө-куткаруу тобу Ан-26 учагы кырсыкка учураган жерди тапты. Окуя болгон жерден берилген маалыматка караганда, экипаждын алты мүчөсү жана бортундагы 23 жүргүнчү набыт болду", — деп айтылат "Интерфакс" агенттиги келтирген билдирүүдө.
"Учакка сырттан эч кандай чабуул же таасир болгон эмес. Кырсыктын алдын ала себеби - техникалык бузулуу", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги шейшемби күнү саат 18:00 чамасында Ан-26 аскердик-транспорттук учагы менен байланыш үзүлгөнүн кабарлаган. Учак аннексияланган Крымдын үстүнөн пландуу учууну ишке ашырып жаткан.
Биринчи билдирүүдө да "учакка сырттан эч кандай таасир" болбогону айтылган. ТАСС агенттигинин булагы "учак аскага урунганын" ырастоодо. "РИА Новостинин" маектеши да "аба кемеси аскага урунганын" билдирди.
Азырынча башка эч кандай чоо-жайы кабарлана элек.
Жеңил аскердик-транспорттук Ан-26 учагы 1975-жылы куралдуу күчтөрдүн катарына кабыл алынган. Ал аскерлерди жана техниканы орто аралыкка ташуу үчүн ылайыкташкан.
2020-жылдын сентябрь айында Украинанын Харьков облусунда Ан-26 учагынын кыйрашынын натыйжасында 26 адам каза болуп, бирөө аман калган. Кырсык машыгуу учурунда болуп, учак Чугуев шаарынын жанына кулаган.































