"Мүлкүмдү кайтарып берди". Би-Би-Сиге арыз-муңун айткан ишкерди президент кабыл алды

- Author, Айдай Аманкулова, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
УКМКнын кысымы менен бизнесимден ажырадым деген Азимкул Жолдубаевдин маселесин Би-Би-Си чагылдыргандан кийин президент аны кечээ, 31-мартта кабыл алды. Бул тууралуу Азимкул Жолдубаев редакцияга өзү кабарлады. Анын айтымында, өлкө жетекчиси мамлекеттин карамагына өтүп кетти делген кийим тигүү фабрикасын ишкерге кайра кайтарып берүүнү тапшырды. Президенттик администрациядан да ишкер менен жолугушуу болгонун маалымдашты.
Би-Би-Си жеке ишкер менен кыскача маек куруп, президент менен болгон жолугушуунун чоо-жайын сурады.
– Азимкул мырза, президент менен жолугуп чыккан экенсиз. Жыйынтыгы кандай болду?
– Ооба, жолугуп чыктым. Тарттырып жиберген жерди кайра өзүмө 49 жылга ижарага берди. "Ал объект мамлекетке өтүп кетиптир, баланска алып коюштуптур, менден кандай жардам керек", деп сурады. Мен ишимди кайра улантышым керек десем, "анда 49 жылга ижарага берели" деп айтышты.
– Өлкө жетекчисинин "кустуруу" иштеринин алкагында мүлкүнөн ажыраган ишкерлердин маселесин чечүүгө ынтызарлыгын билдирдиби?
– Өлкө жетекчиси ишкерлердин маселесин чечкенге өтө кызыкдар экен. Туура чечим кабыл алып бергени, колдогону мени абдан кубандырды. Чындап эле ишкерлердин маселесин карап жатыптыр. Буга чейин бизнес өкүлдөрүнө көңүл бурулган эмес.
Президент өзү экспортту көбөйтүүгө, жумуш күчүн түзүүгө, расмий иш алып баруубузга, ишкерлердин ишин илгерилетүүгө абдан кызыкдар экен.
– Сиз буга чейин деле арызданып жүргөнсүз да. Маселеңиз эмне себептен чечилбей жатты?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
– Буга чейин мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү кагазга таянып эле, "бул мамлекетке өтүп кетиптир, бул социалдык объект экен" деп, менин маселемди карабай жатышкан. Мен аларга "бул менин жеке мүлкүм болчу, мен акчага сатып алгам" дегенди түшүндүрө албай келдим. Ооба, убагында мамлекетке өтүп кетти, бирок ошол учурда мен басымга кабылып, УКМКнын ошол кездеги кызматкерлери мени камап салабыз деп кол койдурган да, ошол нерсе эске алынбай келди да.
Президентке "кустуризацияга" мен да кабылдым дедим. Бирок коррупциялык ишке катышым жок, ата-энем да, чоң атам да мамлекеттик иште иштеген эмес. Биз өз күчүбүз менен эмгектенип келе жаттык эле деп айттым. Буга чейин элди иш менен камсыздап, салык төлөп келе жатканымды айттым.
"Сени колдойбуз, ишиңди улант" деп, маанайымды көтөргөнү абдан кубантты.
– Жолугушууга сизден башка дагы кимдер катышты?
Президенттин Чүй облусундагы атайын өкүлү, УКМКнын жетекчиси, Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча агенттиктин башчысы катышты.
– Эми мындан аркы пландарыңыз кандай, ал жерден жабдууларыңызды чыгарып кеттиңиз эле?
– Жарым-жартылай көчүп кеткем, бирок кран менен көтөрө турчу станоктор дагы деле турат. Ал жерди кайра иреттеп, өндүрүштү калыбына келтирем.
– Ал жерде канча кишини иш менен камсыз кыла аласыз?
– Ал жерде айрым учурда 100, айрым учурда 200 кишини иш менен камсыздап келгем. Кийим тигүү фабрикасы жайгашкан Чүйдүн Октябрь айылы гана эмес, Виноградное, Дача-СУ, Васильевка айылдарынан да жумушчуларды кичи автобус менен ташып келчүбүз. Аларга үч маал тамак берип, кайра үйүнө жеткирип жатканбыз. Ал жерде кыз-келиндерди иш менен камсыздап келгенбиз. Биз аларга кесип үйрөттүк. Биз ошол аймакта миграцияны токтотууга түздөн-түз салым кошконбуз. Ошол ишибизди кайра улантабыз.
Маселенин чоо-жайы

Чүй облусунун Аламүдүн районун Октябрь айылында соңку 13 жылдан бери ишкердик кылып келген Азимкул Жолдубаев Би-Би-Си аркылуу президентке кайрылып, бизнесин коргоп берүүнү суранган.
Ал УКМК кызматкерлери басым көрсөтүп, 2024-жылы сентябрда кийим тигүү фабрикасын мамлекетке кайтарууга мажбурлаганын айткан.
"Биз сатып алып жатканда бул жер өндүрүш болгон. "Кызыл китеби" болгон. Бизге чейин беш-алты адам сатып алып, кийин биз сатып алганбыз. Ири каражат жумшап кийим тигүү фабрикасын ишке киргиздик. Кийин, 2024-жылдын аягында УКМКнын кызаткерлери келип, бул жер мурда социалдык объект экен, өз ыктыярыңыз менен мамлекетке өткөрүп бериңиз деп кысым көрсөтүп тартып алышты. Бул жер аларга укмуш иштеп жатабыз деген отчет үчүн эле керек болду. Кыйын учур эле. Убагында үн ката алган жокпуз", - деген Азимкул Жолдубаев.
Кийим тигүү фабрикасы муниципалдык менчикке өткөндөн кийин дагы иштеп турган. Ишкердин айтымында, атайын кызматтын өкүлдөрү оозеки түрдө мындан ары ишин улантууга кепилдик беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик март айынын ортосунда ишкерди бул жерден толугу менен чыгарган.
"Жылына эки миллион сом салык төлөчүмүн. Бирок кууп чыгышты. Бош жаткан ушул эле айылдагы башка объекттерди бала бакча кылбай, ушул жерди алабыз деп жатышат. Кыз-келиндер иши жок үйдө отурса, балдарын бала бакчага береби?"
Сүймөнкул Чокморов атындагы айыл өкмөттүн Рустам Касымбеков болсо, объект жүз пайыз муниципалдык менчик экенин, бул жерди жакын арада бала бакчага айлантарын айткан:
"Өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергенине байланыштуу, бала бакча катары ремонттогонго акча табылганга чейин иштеп тур деген сөз болгон экен. Эми мезгил келди, акча бөлүндү. Эми бул жайды ремонттойбуз, бөбөктөргө өткөрүп беребиз".
Бирок ишкер бийлик социалдык объектилерди менчиктештирип саткандар жоопкерчиликке тартылбай, канча жыл өткөндөн кийин өндүрүш үчүн сатып алгандар жазаланып жатканын эч түшүнбөй жатканын белгилеген.
УКМКнын мурдагы төрагасы кызматтан алынып, ишкерлер басым-кысымга туш болгонун айтып жаткан маалда, 27-февралда президент республикалык кеңешме өткөргөн. Анда мындан ары бизнес өкүлдөрүн мамлекет коргой турганын айткан.
"Инвестициялык жагымдуу шарттар түзүлүп жаткан маалда ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей турганын дагы бир жолу эскерте кетейин. Республикалык кеңешмеде олтурган бардык укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө алдын ала кайрыламын. Ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек. Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Мына ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди негизсиз текшерүүнү токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, контролдоп же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганыңарды койгула", - деген Садыр Жапаров.
Азимкул Жолдубаев президенттин наамына да кат жолдогонун, каты жетпей жатканын белгилеген.
Атайын кызматты өлкө жетекчисинин үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев жетектеп турганда "кустуризация" деген түшүнүк пайда болуп, ондогон ишкерлер мал-мүлкүн "өз эрки" менен мамлекетке кайтарып беришкен. Алардын айрымдары казынага эмес, сол чөнтөккө кирип кеткени да айтылып жатат. Айрым депутаттар, юристтер бул иштерди атайын комиссия түзүп карап чыгууну сунушташууда.































