3 жашка чейинки балдар үчүн жөлөкпул. Кимдерге берилбейт?

жолок пул

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Эгер үй-бүлө буга чейин "үй-бүлөгө көмөк" же бийик тоолуу аймактарда жашоочуларга берилүүчү жөлөк пулдарды алып жаткан болсо, алар бир эле учурда "Бала ырысы" жөлөк пулун ала албайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, арыз берүүчүлөр мурдагыдай аз камсыз болгон же жакыр үй-бүлө экенин далилдөө талап кылынбайт. Бирок, ал үй-бүлө мамлекеттен башка жөлөкпулдарды алып келсе, аларга өзүлөрүнө ыңгайлуу болгон жөлөк пулду тандап алуу укугу берилет.

Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчү райондук коэффициент эске алынары кошумчаланды.

"Бийик тоолуу аймактарда жашагандарга райондук коэффициент эске алынат. Орто эсеп менен алганда, алар үчүн жөлөкпулдун өлчөмү 1400 сомдон айланып калат. Дагы бир маанилүү жагдай, арыз берүүчү жөлөкпүл ала турган бала менен чогу жашашы керек", - деп айтылат маалыматта.

6 – мартта президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгону айтылган.

Президенттин басма сөз кызматы жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзүп, ал үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилерин айткан.

Кыргызстанда буга чейин да балдарды колдоо үчүн айрым төлөмдөр каралган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөр үчүн үчүнчү жана андан кийинки балага үч жашка чыкканга чейин ай сайын 3000 сом төлөнөт. Көп балалуу энелер үчүн "Бала - береке " аттуу бир жолку төлөм бар. Ага ылайык, төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, алтынчы балага 800 миң сом.

Расмий маалыматка боюнча Кыргызстанда үч жашка чейинки 400 миңден ашуун бала бар.