Камактан чыккан Эрнис Жээнтаев: Балдарымды көргөнүмө кубанып жатам

Эрнис Жээнтаев Би-Би-Сиге кыска маек берип, журналистикадагы жумушун уланта берерин айтты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрнис Жээнтаев Би-Би-Сиге кыска маек берип, журналистикадагы жумушун уланта берерин айтты
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Фейсбук баракчасында бийликти сындаганы үчүн алты жылга соттолгон гезит дизайнери Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен сот залынан бошотулду. Жээнтаев Би-Би-Сиге кыска маек берип, журналистикада ишин уланта берерин, азырынча ден-соолугун калыбына келтиргиче ишке чыкпай туранын билдирди.

"Шаардык соттун чечими менен бир статьямдан акталып, бирөөнөн пробация менен чыктык. Президентибизге атайын көңүл буруп, реакция кылганына чоң рахмат! Журналистика тармагында өзүмдүн ишимди уланта берем. Кыргыз элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Балдарымдын жанына келип, сагынычымды таркатып жатканыма аябай кубанычтамын. Азырынча жумушка чыкпай, ден соолугумду чыңдап, калыбына келтирип алайын деп жатам",-деди Эрнис Жээнтаев.

Анын жактоочусу Нурбек Сыдыков Би-Би-Сиге билдиргендей, Жээнтаев Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин биринчи бөлүгү (Экстремисттик материалдарды сактоо) боюнча акталды. Ал эми 278-беренесинин(Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү боюнча өзгөртүүсүз калтырылып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен камактан чыкты.

Эрнис Жээнтаев (оңдо) жактоочусу Нурбек Сыдыков менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эрнис Жээнтаев (оңдо) жактоочусу Нурбек Сыдыков менен

27-февралда Эрнис Жээнтаевдин апасы каза болуп, Президенттик администрация Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатууга уруксат берген эле.

41 жаштагы Эрнис Жээнтаев - үч баланын атасы. Жубайы мектепте катардагы мугалим болуп иштээри жана ага үй-бүлөсүн багууга күч келип жатканы маалым болгон. Журналисттик коомчулук 14 миң сомдой акчалай жардам чогулткан. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Жээнтаевдин жубайы Гулниза билдирип, жолдошунун кесиптештерине ыраазычылык айткан.

Бийликтин сындаган курч посттору менен белгилүү Эрнис Жээнтаев былтыр ноябрдан тарта социалдык платформаларда активдүү болбой калган. Коомчулукка анын камалып, соттолгону тууралуу 13-февралда ага карата Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккандан кийин гана белгилүү болду.

Сот аны алты жылга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Фейсбуктагы пикири үчүн алты жылга соттолгон Эрнис Жээнтаев камактан чыкты

Сүрөттүн булагы, facebook/AmankulBabakulov