УКМК пара алган мурдагы аскердик судьяны кармады

УКМКнын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, UKMK

Окуу убактысы: 1 мүнөт

25 миң доллар пара алып, анын үстүнө дагы жети миң доллар акча доолаган жактоочу кармалды.

Атайын кызмат А.К.А аттуу жактоочу мурда аскердик судья болгонун тактады. Шектүү өзүнүн мурдагы кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин кабыл алууга көмөк көрсөтөм деп акча алып келген деп айыпталып жатат.

"А.К.А. баштапкы этапта жабырлануучу тараптан 25 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок, алынган сумма менен чектелбестен, ал дагы 7 миң АКШ долларын талап кылууну улантып, баш тарткан учурда өзүнүн административдик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соттун чечимин каршылаш тараптын пайдасына каратып коюу менен коркуткан", -делет бул тууралуу УКМКнын расмий маалыматында.

Шектүү 437 500 сом (5 миң АКШ долларын) алып жаткан учурда кармалды.

Чогултулган материалдардын негизинде кармалган жаран соттун чечими менен эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда атайын кызмат тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.