Боуэн: Трамп Иранды көтөрүлүш кылууга чакырды, бирок 1991-жылкы Ирак сабактарын эстен чыгарбаш керек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жереми Боуэн
- Role, Эл аралык редактор
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
Мен Америка президенти көтөрүлүшкө чыгууга чакырып, анан ал башталганда четте карап турганда эмне болорун билем. Себеби андайды мен мурда көргөм.
Тагыраагы 1991-жылы 15-февралда, биринчи президент Жорж Буш өмүрүнүн акырына чейин өкүнгөнү жөнүндө сөз сүйлөгөн.
Ал Массачусетс штатындагы "Патриот" (Patriot) куралдарын жасаган заводдо сөз сүйлөгөн эле. Аларды Перс булуңундагы алгачкы согушта эң алдыңкы курал катары колдоно башташкан болчу.
Учуп келе жаткан ракеталарды атып түшүргөн Patriot жабдуулары Украинада жана Иран менен болгон согушта дагы эле маанилүү ролду ойнойт.
Буш Patriot чыккан заводго барганда, ирактык аскерлерди Кувейттен чыгаруу боюнча "Чөл бороону" (Desert Storm) аттуу ири аскердик операция жүрүп жаткан.
АКШнын, Британиянын жана алардын шериктештеринин биргелешкен аба күчтөрү аларды жана Ирактын шаарларын талкалап жатышкан.
Кургактагы согушка тогуз күн калганда Ирак менен Кувейттин чек араларына шериктештердин он миңдеген аскерлери жыйнала баштаган.
Мен Багдадда элем, согуш жөнүндө тынбай кабар жазып тургам.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир нече күн мурун америкалыктар Амирия шаарынын четиндеги баш калкалоочу жайга абадан сокку уруп, 400дөн ашуун жай тургунду өлтүрүшкөн.
Америкалыктар жана британиялыктар бул командалык борбор болгон деп жаңылыш маалымат беришкен. Бирок мен адамдардын сөөктөрүн көргөм. Дээрлик бардыгы жаш балдар, аялдар жана карыялар эле. Ошондой эле түтөп турган баш калкалоочу жайды көргөм, ошондуктан алардын сөзү чын эмес экенин билгем.
Ошол кезде мен Буштун сөзүнө көп көңүл бурган эмесмин.
Бирок 35 жылдан кийин мен Доналд Трамп менен Бенжамин Нетаняху Иран элине түз аскердик колдоо убадалабай эле Ислам Республикасын кулатуу үчүн бир муунда бир келген жалгыз мүмкүнчүлүк болуп жатканын айтканын уккан сайын ал тууралуу ойлоном.
Буш укмуш курал делген нерсени жасаган жумушчуларды мактоо үчүн Patriot заводунда болгон.
Ал Ирактын башкаруучусу Саддам Хусейн Бириккен Улуттар Уюмунун Кувейттен чыгып кетүү боюнча резолюцияларын аткарышы керек деп бир нече абзацтан турган чакан сөз сүйлөгөн.
Иран менен болгон азыркы согуштан айырмаланып, Перс булуңундагы биринчи согушка БУУнун Коопсуздук кеңеши мыйзамдуу түрдө уруксат берген.
Буштун андан кийинки бир нече сөзүнүн кесепети оор болду.
"Кан төгүүнү токтотуунун дагы бир жолу бар... жана бул Ирак аскерлери жана Ирак эли маселени өз колуна алып, диктатор Саддам Хусейнди кызматтан кетүүгө мажбурлашы керек…"
Жумушчулар кыйкырып, кол чаап жатышты. Президент болсо Вьетнамдан берки алгачкы ири согуштун айланасында америкалыктардын башын бириктирүүгө далалат кылып турду.

Сүрөттүн булагы, Stefan Zalkin/EPA-EFE
Бирок айрым ирактыктар анын сөзүн олуттуу кабыл алып алышкан.
Ирактын куралдуу күчтөрү Кувейттен чыгарылгандан кийин ок атышуу токтоп Хусейн бийлигин сактап калган.
Түштүктөгү ирактык шииттер жана түндүктөгү күрттөр анын бийлигине каршы куралдуу көтөрүлүштү баштап жиберишти.
Америкалыктар, британиялыктар жана коалицияны түзгөн башка мамлекеттер эмне болуп жатканын көз салып турушкан жана кийлигишкен эмес.
Ирак бийлиги согуштан катуу жабыркап, бирок тик учактарын сактап калууга уруксат берилген жана алар каршы чабуулга өткөн. Натыйжада АКШ президенти тарабынан колдоого алынганы айтылган козголоңдо миңдеген күрттөр менен ирактык шииттер каза болгон. Бирок алар көтөрүлүштү максатына жеткирүү үчүн АКШ кийлигишет деп ойлоп ката кетиришкен.
Ал кезде мен күрттөр жашаган түндүктөгү суук жана ак карлуу тоолордо болчумун. Он миңдеген күрттөр ал жакка качып барышкан эле. Алар Хусейндин адамдарынын зордук-зомбулугу жөнүндө коркунучтуу окуяларды айтып беришкен. Ар таңда аталар балдарынын сөөктөрүн жуурканга ороп, тоодон түшүп баратканын көрчүмүн. Жаш балдар тоо боорлорунда сууктан же дизентериядан каза болушкан.
Акыры америкалыктар, британиялыктар, францялыктар жана башкалар күрттөрдү куткаруу багытында ири гуманитардык жардамды баштоого аргасыз болушту. Түштүктөгү шииттерге жардам бирдей жеткен эмес.
Перс булуңундагы биринчи согуштун кесепети көп жылга чейин сакталып турду. Учууга тыюу салынган аймакты милдеттүү түрдө көзөмөлдөө, туруктуу америкалык базалардын пайда болушу жана Сауд Арабияда жаш Усама бин Ладен. Ал Ислам дининдеги эң ыйык делген жерлердин кутун чет элдик аскерлер кетирип жатат деп ачууланган. Ал түптөгөн уюм кийин Ал-Каидага айланды.
Перс булуңундагы ар бир согуш кийинки жаңжалдардын үрөнүн сээп турган.
2003-жылы экинчи президент Буш Хусейнди бийликтен кулатып, атасынын бүтпөй калган ишин аягына чыгарган.
Иран ал согушта эң чоң жеңүүчү болгон. Анткени америкалыктар анын ачуу душманы Саддам Хусейнди жок кылышкан.
Перс булуңундагы бул азыркы үчүнчү согуш 2003-жылдан кийин күчөгөн Ислам Республикасын аймактагы ири күчкө айлануу дымагын басууга багытталган.
Бомбалоо аскердик жана өзөктүк программаларды кыйратуу үчүн иштелип чыккан. Муну айрыкча Израил өз өлкөсү үчүн коркунуч деп эсептейт.
Трамптын Израил менен биргелешкен согушту баштоо боюнча алгачкы чечими, акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Америкада көп колдоо тапкан эмес жана Американын израилдиктерден башка шериктештерин тынчсыздантууда.
Күмөн санап жаткандар жаңылышкан болсочу? Балким, талдоочулар менен комментаторлордун ой-пикирин Трампка болгон жийиркенүүсүнөн улам туман басып калган жүрбөсүн.
Балким, ал Жакынкы Чыгыштагы башка согуштарда америкалыктар менен бирге согушуп, каза болгон шериктештерин кемсинткени же кээде калп айтканы маанилүү эместир.
Ал мектепке сокку уруу учурунда Иран "Томагавк" ракетасын аткан болушу мүмкүн экенин айткан. Аталган кырсыкта 165тен ашуун адам, анын ичинде көптөгөн мектеп окуучулары каза болгонун Иран айткан. Иранда "Томагавк" ракеталары жок.
Мунун баарын Трамп жана анын тарапташтары фейк маалымат деп атоодо.
Алардын айтымында, эгерде бул согуш Ирандын өзөктүк куралга жана алыскы аралыкка атуучу баллистикалык ракеталарга ээ болушун токтотсо, анда бензиндин баасы бир аз убакытка кымбаттоосу маселе деле эмес. Баллистикалык ракеталар Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Израилге эле эмес, Европа менен ал тургай АКШга да коркунуч туудуруп жатат.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсетти согуш министри деп да атап коюшат. Ал БУУнун уруксатысыз күч колдонуу же өзүн-өзү коргонуу боюнча ынанымдуу жүйө келтирүү маселесинин айланасында европалыктардын шектенип жатканын сынга алды.
Хегсет "кол сунумуш болуп, бирок жардам бербеген, аң-таң калып тынчсызданымыш болгон жана күч колдонуу боюнча чечимди кечиктирген салттуу шериктештерин" айыптады.
Бирок азыр эми согушту токтотуу оңой болбосу анык. Анын кесепети эң жакшы дегенде белгисиз, ал эми курчуп кетсе – кооптуу.
Израилдин өзүнүн күн тартиби бар. Нетаняху эмнени каалаарын так билет. Ал өмүр бою кыялданган нерсесине жете аларына, Иран Ислам Республикасын жок кыла аларына, ишенет.
Согуштун экинчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө ал АКШнын "жардамы" менен Израил "кырк жылдан бери мен эңсеп келаткан нерсени жасай алды: террордук режимди түп тамыры менен жок кылуу. Мен ушуну убада кылгам жана биз ушуну ишке ашырабыз" деди.
Трамп сыяктуу эле, ал дагы Иранда элди көтөрүлүшкө чакырган. Израил Иранда башаламандык чыгып кетишинен тынчсызданбагандай. Алар үчүн бул жакшы жыйынтык болушу да мүмкүн.
Америка, Израил жана алардын колдоочулары Иран режимин кулатуу менен дүйнө коопсузураак болуп калат деп ишенишет.
Алар туура айтып жаткан болушу мүмкүн. Дал ошол жагымсыз жана зордукчул режим январь айында репрессияга, коррупцияга жана экономикалык кризиске каршы митиңдерге катышкан миңдеген ирандыктарды өлтүргөн. Иран уранды байытып, өзөктүк бомбага айландыра турган деңгээлге чейин жеткирген.
Бирок эгерде согуштун кесепеттери 2003-жылы Иракка басып кирүү менен башталганчалык деңгээлдеги өлүм-кырсыктарга жол ача турган болсо, анда алар жаңылышат.
Ирактын диктатору Хусейнди эч кандай планы жок эле бийликтен кулатуу көп жылдарга созулган диндер аралык жана жарандык согушка жол ачып, жүз миңдеген адам өмүрү кыйылды. Ал эми бийлик боштугу "Ислам мамлекети" сыяктуу экстремисттик топторду пайда кылды. Мындай топтор азыркы жаңы кризистен пайдаланып калууга аракет кылышат.
Нетаняху Иранга каршы согушту ойлонуп келатканына көп болду, бирок согушка даяр болгон Америка президентинин жардамы керек болорун Израил ар дайым түшүнгөн.
Акыры Трамп деген бирөө чыкты.
Мурунку президенттер, анын ичинде Билл Клинтон, муну жасашмак эмес. Нетаняху отуз жыл мурун премьер-министр болуп турганда биринчи жолу Клинтон менен иштешкен болчу.
Иранды кармап токтотуп туруу жагдайы аларды канааттандырчу. Эгер Иран чындап эле өзөктүк куралга ээ болууга аракет кылса гана согушуу жолун караштырып турушкан.
Анда алар Ирандын азыркыдай жообунан улам сезилерлик иш-аракет деле көрүшкөн эмес. Американын күчүнө каршы туруу, согушту жайылтуу, чоң экономикалык зыян келтирүү жана согушту токтотууга аракет кылган АКШ менен Перс булуңундагы өлкөлөрүнүн ортосундагы кылдаттык менен түзүлгөн биримдиктерди бузуу үчүн иштелип чыккан Ирандын жообу кооптондурган.
Азыр эми Иран аларды бутага алып отурат. Кытай өз убактысын күтүп турат. Эгерде Трамп жеңишке жетип, Сауд Арабия менен башкаларга башаламан кырдаалды жөнгө салууну табыштап кетсе, алар АКШ менен шериктештиктин баасын жана Израил менен жакындашууну кайрадан карап чыгышы мүмкүн.
Америкалыктарга мындан ары түбөлүк согуштар болбосун убада кылган Трамп Жакынкы Чыгышта аскердик күчтөрүн кармап турууну эп көрүшү ыктымал. Ошентсе да бул аскердик күчтөрүн Кытайга каршы колдонуп калышы мүмкүн экенин четке какпайт.
Бул кырдаал израилдиктер үчүн оор эмес. Алар Жакынкы Чыгыштага тартипти жаңыдан түзүп, талашсыз аскердик үстөмдүккө ээ болуу үчүн өз позициясын бекемдөөгө бул эң жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептешет.
Алар Ирандын Ливандагы өнөктөшү Хезболланы биротоло жок кылууну көздөп жатышат. Алар муну 1990-жылдардан бери самап, бирок ишке ашыра албай келишкен.
Дүйнөнүн көңүлү Иранга бурулуп турган чакта, Израил басып алган Батыш Жээкти аннексиялоо боюнча ишин кыйла илгерилеткен.
Трамп согушту токтотууга караганда баштоо алда канча оңой экенин түшүнүп жетиши мүмкүн. Эгер кайда бара жатканыңды так билбесең, качан токтоо керек экенин билүү да кыйын.
Бул дүйнөдөгү эң күчтүү өлкө АКШ ырааттуу саясий стратегиясы жок эле согушту баштап жиберген кезде өтө эле оор. Далилдер көрсөткөндөй, бул президенттин тушунда саясий чечимдер иштин жүрүшүндө эле кабыл алынып жаткандай.































