Сот аткаруучулар кызматы: Капаловдун өлүмү жумушуна байланыштуу эмес

Сүрөттүн булагы, Akipress
45 жаштагы Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Капаловдун сөөгү 13-мартта GAC үлгүсүндөгү унаасынан ок жеген абалда табылды. Аталган кызмат бүгүн билдирүү таратып, бул кырсык боюнча "кызматтык иликтөө башталып, бардык жагдайларды объективдүү аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп" жатканы кабарлады.
Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча маркумдун унаасынан 12 мм калибрдеги "Иж-18" үлгүсүндөгү жылмакай ооздуу мылтык, 13 даана ок, бир гильза, эки мобилдик телефон, өлүм алдындагы кат жана башка далил заттар табылган.
Капаловдун сырдуу өлүмү тууралуу социалдык платформаларда жана айрым ЖМКларда түрдүү жоромолдор айтылып жаткан.
Бирок ал иштеген Башкы прокуратурага караштуу мекеме баштапкы маалыматтарга таянып, окуя Капаловдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эместигин билдирди.
Кечээ 102 кызматына Бишкек шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан банкеттик залдардын биринин жанында, унаанын ичинде бир жаран өзүнө ок атканы тууралуу маалымат келип түшкөн.Окуя болгон жерге дароо Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Алдын ала соттук-медициналык кароонун жыйынтыгында маркумдун көкүрөк тушунда ок тийген жаракаттар аныкталган. Алынган жаракаттардын мүнөзүн жана оордугун тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаран карыз милдеттенмелерине байланыштуу өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
































