Жогорку Сот "экстремисттик" деп табылган басылмаларга карата өкүмдү күчүндө калтырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
9-мартта Жогорку Сот "Клооп" басылмасынын материалдарын экстремисттик деп тапкан Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
2025-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Басылмалардын жактоочусу Нурбек Токтакунов Октябрь райондук сотунун аталган чечимин кайра карап чыгуу үчүн Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, соттун жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар катталган, атап айтканда, соттун чечими басылмалардын өкүлдөрүсүз кабыл алынган.

"Бирөөнү экстремист деп тааныйбыз деп чечим чыгарып жатканда, биринчиден, ошол кишини сотко чакырыш керек. Аракет кылыш керек, өкүлү болсо, сотко өкүлүн чакырыш керек. Анткени сотто эки тарап болушу керек. Сот отуруп, күнөөлөп жаткан тарапты да, актап жаткан тарапты да угуп, андан кийин гана чечим чыгарышы керек да", - Нурбек Токтакунов.
Жогорку Соттогу отурумга Башкы прокуратуранын өкүлү да катышты. Ал жактоочунун дооматтарын четке кагып, соттун чечимин мыйзамдуу болгонун билдирди. Анын айтымында, жоопкер тараптын өкүлдөрү өлкөдөн чыгып кеткендиктен жана турган жери белгисиз болгондуктан, процесс алардын катышуусуз өткөн.
"Биз келтирилген жүйөлөр менен макул эмеспиз. Анткени биз арызда Чек ара кызматынын маалыматына таянып, кызыкдар тараптар өлкөдөн чыгып кеткенин жазганбыз. Сот тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес", - деди прокуратуранын өкүлү.
Жактоочу Нурбек Токтакунов соттун чечиминде да, эксперттик корутундуларда да экстремисттик деп табылган материалдардын так тизмеси көрсөтүлбөгөнүн, бул бүдөмүк бойдон калып жатканын белгиледи. Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү буга жооп катары атайын экспертизалар дайындалганын жүйө келтирди. Анын айтымында, аталган экспертизалардын жыйынтыгы бул басылмалардын материалдары өлкөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугуна коркунуч жаратат деген корутунду чыгарган.
"Эки экспертиза бар, алардын негизинде материалдар улуттук жана маалыматтык коркунуч жаратат деген жыйынтык чыккан. Биринчисинде, адис экстремисттик ишмердүүлүктүн лингвистикалык белгилери бар деп жатат. Экинчи, Республикалык психиатриялык борбордун корутундусунда бийликке карата түз жана кыйыр түрдөгү негативдик манипуляциялар жана айрым кызмат адамдарынын иши бар деп айтылууда. Бул эки корутунду сот биздин арызды канааттандыруу үчүн жетиштүү деп эсептейм", - деп белгиледи прокуратуранын өкүлү.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Укук коргоочу Рита Карасартова Жогорку Соттун буга чейинки инстанциядагы бүтүмдөрдү колдогон бул кадамын Кыргызстандагы сот адилеттигине көлөкө түшүргөн чечим катары сыпаттады.
"Адвокат "силер карап чыгып, кайсы материалдарда экстремисттик белгилер болгон" айтып бергиле деп кайрылды. Булар ошол кайсы материалдар болгонун табыш керек болчу да. Октябрь райондук соту айыпталып жаткан адамдын катышуусу жок эле алардын материалын "экстремисттик" деп таап койбоду беле. Анын ишмердүүлүгү мыйзамдан четке чыгып, өз билемдик кылып жатса да, Жогорку сот мыйзамдуу деп бекитип беришти. Оркойгон туура эмес нерсени көрсөтүп берип жатса, бүгүн Жогорку сот көздү жумуп эле койду. Бирөө президентке түзмө-түз чыгып, WhatsApp менен суранса ырайым берилип, ал эми жалпысынан процедуралар менен өткөндөр ботодой боздоп, сыртта калып калышы мүмкүн деген мурунку эле саясат уланчудай сезим калтырды", - Карасартова.
Ошентип, Жогорку Сот Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" боюнча мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Буга чейин, 2024-жылы январда Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорлорунда иштеген жана кызматташкан 11 журналист менен активист кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктар" беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк жетөө акталып, экөө пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Азыр Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы алты жылдык мөөнөтүн өтөп жатат.

Кийин "Клооптун" мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров да беш жылга соттолуп, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган. Алар "жапырт башаламандыкка" боюнча кармалган.
"Клооп" басылмасынын айрым журналисттери чет жактан иш алып барып, жаңылыктар сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын жаңыртып турушат.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги начарлаганы жана медиа кызматкерлерине кысым күчөгөнү тууралуу мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет. Буга чейин президент Садыр Жапаров «Клооп Медиа» басылмасын жоюу боюнча Жогорку соттун чечими мыйзамдуу экенин айтканы бар.
Былтыр май айынын башында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялаган. Иликтөөгө ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн арасынан 144-орунга жайгашкан.
Freedom House (FH) эл аралык уюму былтыр Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарында калтырган.





























