3+4: БШК тууралуу жаңы мыйзамда эмне сунушталат?

Сүрөттүн булагы, shailoo.gov.kg
Жогорку Кеңеште "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленди. Долбоорго ылайык, Боршайкомдун курамын 12 адамдан 7ге чейин кыскартуу сунушталууда. Мыйзам долбооруна депутат Марлен Маматалиев баштаган алты эл өкүлү демилгечи болууда.
Алар: Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Таалайбек Масабиров. Авторлор бул документ бюрократияны жоюп, Боршайкомдун ишин оптималдаштырат дешет.
"Курамды он эки адамдан жети адамга чейин кыскартуу башкаруу процесстерин оптималдаштырууга, бюджетке болгон финансылык жүктөмдү (эмгек акыга, материалдык камсыздоого, социалдык кепилдиктерге жумшалуучу чыгымдарды) азайтууга жана кабыл алынган чечимдер үчүн комиссиянын ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
Боршайком тууралуу мыйзамдын 2-беренесине киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, БШК курамы мындан ары жети адамдан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын үчөөсүн президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
"Мындай бөлүштүрүү (3+4) комиссияда күчтөрдүн туруктуу тең салмактуулугун түзөт. Парламенттин пайдасына бир добуштук артыкчылык элдик бийлик принцибине жана мыйзам чыгаруу органынын өкүлчүлүктүү институт катары ролун күчөтүүгө шайкеш келет. Ошол эле учурда президентте олуттуу таасир (үч добуш) сакталып калат. Мындай "асимметриялык өкүлчүлүк" модели постсоветтик мейкиндиктеги жана Европанын бир катар мамлекеттеринде ар кандай формаларда колдонулат", — дешет авторлор.
Аракеттеги БШК тууралуу мыйзамга ылайык, Боршайком 12 адамдан турат: анын алтоосун президент сунуштаса, калган алтоосу парламент тарабынан көрсөтүлөт.
Шайлоо процесстери боюнча эксперт Айнура Усупбекова жаңы документ Конституцияда көрсөтүлгөн паритеттик принципке шайкеш келбей жатканын айтты.

Сүрөттүн булагы, vb.kg
"Демилгечилер президент үч, парламент төрт адамды БШКга көрсөтөт деп жатышат. Бирок Баш мыйзамда өкүлдөр теңме-тең көрсөтүлүшү керектиги айтылат. Президент төрт адамды көрсөтсө, парламент дагы төрттү көрсөтүшү керек болот", — деди Айнура Усупбекова.
Муну эске албаганда деле, эксперттин пикиринде, БШК курамынын дээрлик эки эсеге кыскартылышы бул органдын институционалдык көз карандысыздыгына тобокелчилик келтириши мүмкүн.
"Ушундай чакан курамда минималдуу көпчүлүк деле комиссиянын маанилүү чечимдерин кабыл алууга туура келип калат. Мисалы, БШКнын эки мүчөсү эле ооруп калса же башка себептер менен катыша албай калса, беш эле адам маанилүү саясий чечимдерди кабыл алабы? Мисалы, өткөн шайлоодогу №13 округдагыдай бир нече жагдай жаралса, аны беш киши эле чечсе, БШКга ишеним кетиши мүмкүн. БШК жөн гана административдик орган эмес, элдин шайлоо укугун ишке ашыруучу орган".
Бирок мыйзам демилгечилери, тескерисинче, коллегиалдык органда канчалык киши көп болсо, орток пикирге келүү же ыкчам чечим кабыл алуу ошончолук татаалдашарын айтып жатышат.
БШК мүчөлөрүнүн позициясы
Боршайком мүчөсү Узарбек Жылкыбаев жаңы демилге БШКда талкууланганын Би-Би-Сиге ачыктады.
"Биз жаңы демилге тууралуу ЖМКдан билдик, андан соң БШК мүчөлөрү өзүбүз да талкууладык. Мыйзам долбоорунда "оперативдүү иштөө" тууралуу жазылыптыр. Биздин курам деле, бизге чейинки БШК деле ыкчам эле иштеп келген. Анткени мыйзамдын талаптары, чечимдер кабыл алынуучу мөөнөттөр боюнча эрежелер бар. Андыктан бул маселе жаралбашы керек, — дейт Жылкыбаев. — Документте "оптимизация", "экономия" тууралуу да бар экен. Төрт киши кыскарса, андан маанилүү деле үнөмдөө болот деп ойлобойм. БШКнын курамы канчалык көп болсо, ошончолук саясий ар түрдүүлүк болот. Бул бир тараптуу чечим кабыл албаганга шарт түзөт".

Сүрөттүн булагы, Social Media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Тагир Осмоналиев, Кыргызстандагы "Таза Шайлоо" ассоциациясынын мурдагы директору, Жогорку Кеңештеги жаңы демилгени кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоого даярдыктын бир бөлүгү катары карайт.
"Бул президенттик шайлоого тикелей тийиштүү демилге. Бул БШК мүчөлөрүн алмаштыруунун бир мыйзамдуу жолу да болушу мүмкүн. Себеби санын өзгөртүү менен анын мүчөлөрүн да алмаштыруу керек болот. Мисалы, Боршайкомго мүчөлүккө беш жылга бекитилет эмеспи, балким, жаңы мыйзам менен азыркы курамды жаңылагылары келип жаткандыр".
БШКнын азыркы курамы 2021-жылы июнда бекиген.
Президенттин квотасы менен анда Боршайкомго Нуржан Шайлдабекова, Марс Бакытбеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Тойчуев, Акбалык Жумалиева жана Айдана Жупуева келген. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан Абдыжапар Бекматов, Искендер Гайыпкулов, Акылбек Эшимов, Тынчтыкбек Шайназаров, Узарбек Жылкыбаев жана Кайрат Маматов көрсөтүлгөн эле.
Бирок андан бери да БШКнын курамы ар кандай себептерден улам өзгөрдү. Мисалы, БШКнын мурдагы төрагасы Нуржан Шайлдабекова кызматын өз каалоосу менен тапшырып, көп өтпөй элчи болуп кеткени белгилүү. Учурда төрагалык кызматты Тынчтык Шайназаров аткарууда.
Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаипов президенттин квотасы менен БШКга былтыр гана мүчө болушкан.
Кыргызстанда кийинки жылы, 27-январда, президенттик шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Ал эми ага даярдык төрт айдан кем эмес мөөнөттө башталышы шарт. Андыктан жаңы мыйзам долбоору тууралуу парламент депутаттары быйыл каникулга чыкканга чейин бир бүтүмгө келиши керек.
































