Колумбияда аскердик-транспорттук учак кыйрады: борттогу 125 адамдын кеминде 66сы каза болду

ghпа

Сүрөттүн булагы, Daniel Ortiz / AFP via Getty Images

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Колумбияда аскерлер бараткан аскердик-транспорттук учак кырсыкка учурады. Акыркы расмий маалыматтарга караганда, кеминде 66 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышты.

Колумбия армиясынын басма сөз атташеси билдиргендей, Hercules С-130 учагы Колумбия менен Перунун чек арасындагы Пуэрто-Легисамо шаарчасындагы базадан учуп чыккандан көп өтпөй кулаган. Колумбиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачысы Карлос Фернандо Сильва Руэданын айтымында, бортто 114 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү болгон.

Колумбиянын президенти Густаво Петро X тармагына 77 адам ооруканага жеткирилгенин, ал эми 43 адам дагы деле табыла электигин жазды. Куткаруучулар учактын сыныктарын тазалап, ал кулаган аймакты тинтип жатышат.

Колумбиянын коргоо министри Педро Санчес учактын бортунда аскерлер болгонун тастыктады. Министр учак аэродромдон болжол менен бир жарым чакырым алыстыкта кулаганын тактады. Анын айтымында, салондо тутанган өрттөн улам ок-дарылар жарылып кеткен. Санчес кошумчалагандай, учактын бул аймакта аракеттенген козголоңчу топтор тарабынан атып түшүрүлгөнүнө эч кандай белгилер жок.

Жергиликтүү басма сөздө учак кулаган жерден көккө көтөрүлгөн түтүндүн сүрөт-видеолору жана жаракат алган аскерлерди мотоцикл менен ооруканага ташып жаткан жергиликтүү тургундардын кадрлары жарыяланды.

Президент Густаво Петро өзүнүн билдирүүсүндө бул кырсыкка аскердик техникаларды, анын ичинде учактарды модернизациялоо программасын ишке ашырууну кечеңдеткен «бюрократиялык көйгөйлөрдү» күнөөлөдү.

"Мен мындан ары эч кандай создуктурууга жол бербейм, кеп биздин жаш жигиттердин өмүрү жөнүндө болуп жатат", - деп жазды президент.

Февраль айында ушундай эле үлгүдөгү АКШда жасалган дагы бир аскердик-транспорттук C-130 Hercules учагы Боливияда кулаган. Ал учак банкнотторду ташып бараткан болчу.

Колумбиянын Путумайо аймагынын губернаторунун айтымында, кеминде 34 адам каза болгон. AFP агенттиги аскердик чөйрөдөгү булактарына таянуу менен каза болгондордун саны 66 адамды түзөрүн кабарлайт. Алардын ичинде 58 аскер, Аскердик-аба күчтөрүнүн алты аскер кызматкери жана эки полиция кызматкери бар. Кийинчерээк бул санды расмий өкүлдөр да тастыктаганын агенттик билдирди.