"Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемаларга Ташиевдердин тиешеси болгонбу?

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Заирбек Бактыбаев, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Cалык кызматына караштуу "Салык Сервис" мекемеси 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялады. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат. Программанын алып баруучусу, "Салык Сервистин" кызматкери Анарбек Катаганов ал ортомчу компаниялар УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындарына таандык болгонун белгилеген. Ташиевдер бул маалыматтар боюнча комментарий берише элек. Буга чейин алар ар түркүн каралоо болуп жатканын билдиришкен.
Иликтөө Салык кызматынын "Ай салык" деп аталган ютуб каналына чыкты.
16 мүнөттүк иликтөөдө 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик компнаиясын өндүрүлгөн мунайдын 30%ын (262 миң тонна) түз өзүнүн "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна бербестен, Ташиевдерге байланышы бар жеке компанияларга саткан. Бул фирмалар чийки затты кайра эле "Кыргызнефтегаздын" "Кыргыз Петролеум Компани" (КПК) заводуна иштетүүгө берип, даяр продукцияны өздөрүнө алышкан.
"Мамлекеттик компания бардык мунайдын 30% жеке фирмаларга сатат. Бул 262 миң тонна чийки зат. Мына, эң кызыгы бул жеке компаниялар мунайды өздөрү иштетишпейт. Алар аны акыркы тамчысына чейин кайра эле ошол "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик заводуна кайтарышат. Бирок бул жолу "берилген чийки зат" катары. Башкача айтканда, мамлекеттик мунай ортомчуларга сатылат, ортомчулар аны мамлекеттик заводго кайтарып берип, даяр күйүүчү май алышат. Жөнөкөй суроо туулат. Эгер завод өзүнүкү болсо, мамлекетке ортомчулардын эмне кереги бар?" - деп айтылат программада.
Бул схема иштеп турган учурда "Кыргыз Петролеум Компанини" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеген.
"Мыйзам бузуунун маңызы - эгерде мамлекеттик ишкана буларсыз түз эле өз заводуна иштетүүгө бергенде, анда бардык кирешени өзү алмак. Ал эми бул жерде, мисалы, "Кыргыз-Өзбек-Азербайжан" ЖЧКсы эң чоң бөлүктөн киреше бөлүшүү укугуна ээ болгон. 5 жыл ичинде бүтүндөй 83 миң тонна. Бул фирманын директору Ташиев Казыбек Кыдыршевич, ал эми негиздөөчүсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич. Башка компанияны карап көрөлү, мисалы, "РегионОйл". Ага Назгүл Куванычбековна Айдарова аттуу айым ээлик кылат. Ал ошону менен бирге "Ата-Журт" саясий партиясынын бухгалтери болуп саналат. Ошондой эле ал ишканада подрядчик катары иштеген башка байланышы бар компанияларда да кездешет" деп айтылат иликтөөдө.
Мындан тышкары, программада "Мокогрупп" фирмасы тууралуу да сөз болот. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев бар экени, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин негиздөөчүсү Камчыбек Кыдыршаевич өзү болгону тууралуу сөз болот.
"Солярканы Таймурастын "Мокогрупп" фирмасы да сатып алган. Жана андан ары мамлекеттик сатып алуулар аркылуу негизинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык ишканаларга саткан" деп айтылат иликтөөдө.
Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.
"Каралоого аракет кылып жатышат"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өткөн айда Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан көп өтпөй, анын жээни "Кыргыз Петролеум Компанининин" башчысы Байгазы Матисаков да жумуштан бошотулган. Ошондой эле "Кыргызнефтегаздын" башчысы да алмашты. Байгазы Матисаков менен байланышып, пикирин угуу аракетибизден майнап чыга элек.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон бери Камчыбек Ташиевге жакын делген депутаттар, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
Алардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, Салык кызматынын видеосунда аты аталган Шаирбек Ташиев бар.
БШК 14-марттагы жыйынында парламент депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Мандатынан ажыратылгандан кийин Ташиев шайлоочуларына жакын тарапкерлеринин бири Бактыгүл Беркбаеванын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду", - делет ал кайрылууда.
Ага чейин Шаирбек Ташиев ИИМге чакырылып, сурак берип чыкканы айтылган.
Акыркы бир айда Ташиевдер, алардын иштери жана мүлктөрү тууралуу бир катар аудио, видеолор чыкты. Андай аудиолордун бири чыкканда Таймурас Ташиев "Регион" телеканалына маек берип, маалыматтарды четке каккан.
"Азыр айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатышат, Орозо учурунда биз аларды кечирдик", - деген Таймурас Ташиев.
Ташиевдин тегерегиндеги окуялар боюнча алар кенен комментарий берише элек. Болгону Шаирбек Ташиев Жапаров-Ташиев тандеми ыдырагандан көп өтпөй, "Азаттыкка" маек куруп, алардын дарегине айтылган терс маалыматтарды төгүндөгөн.
"Агамдын иштеген иштери эли – журту үчүн болду. Күнү-түнү иштеп жүрүп, төрт жылдан бери, 2021-жылдан бери отпускага чыкпаптыр. Жети күн гана отпускага чыгыптыр ушул 4-5 жылдын ичинде", - деген Шаирбек Ташиев.

























