Али Ларижанинин өлүмү Ирандын бийлик сересиндеги кризисти тереңдетти

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
- Author, Амир Азими
- Role, Би-Би-Си Перс кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Израилдин аба соккусу Ирандын саясатын аныктаган эң тажрыйбалуу жана таасирдүү жетекчилердин бирин жок кылды. Кыйчалыш учурда турган Ирандын бийлиги Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Али Ларижани Израилдин соккуларынан каза болгонун ырастады.
Ларижани аскердик командир болгон эмес. Бирок ал Ирандын стратегиялык чечимдерин кабыл алууда негизги ролдордун бирин ойноп келген.
Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы катары ал согуш, дипломатия жана коопсуздук маселелерине байланыштуу чечимдердин чордонунда болду.
Анын таасири бүткүл системада, айрыкча Ирандын АКШ жана Израил менен болгон тирешин тескөөдө сезилип турду.
28-февралда жогорку лидер Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин Ларижани тайманбас позицияны карманып, Иран узакка созулган жаңжалга даяр экенин билдирген.
Анын өлүмүн эми мамлекеттик маалымат каражаттары тастыктады. Бул окуя соңку апталардын ичинде бир нече жогорку даражалуу ирандык жетекчилер жана командирлер өлтүрүлгөн кеңири масштабдуу өнөктүктүн бир бөлүгү болуп калды. Мындай көрүнүш согуш учурунда Ирандын жетекчилик түзүмүн алсыратууга атайылап багытталган аракетти ишарат кылып турат.
Батышка карата катаал позициясына карабастан Ларижани Иранда көп учурда прагматик катары сыпатталган. Ал идеологиялык берилгендикти технократтык ыкма менен айкалыштырып, риторикага караганда ойлонулган стратегияны артык көрчү.
Ал Батыш державалары менен кызматташтыктан өтө күмөн санаган. Бирок ошол эле учурда маанилүү дипломатиялык аракеттерге катышкан. Анын ичинде Иран менен Кытайдын узак мөөнөттүү кызматташтык келишими боюнча өкүл катары иш алып барган.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өмүрүнүн соңку күңдөрү Ларижани үч ири кризисти башкарууга аракет кылып жаткан.
Биринчиси согуштун өзү эле. Ал Иран узакка созулган кармашка жана чыр-чатактын чөлкөмгө жана андан тышкаркы аймактарга жайылышына даярданышы керек деген ойдо болуп, Ормуз кысыгын жабууну сунуштаган.
Экинчи кризис өлкөнүн ичиндеги нааразылык толкуну болду. Адеп экономикалык кыйынчылыктардан башталган акциялар тез арада Ислам республикасын кулатуу чакырыктары айтылган ири митингдерге айланган эле. Бул нааразылык акциялары күч менен басылып, өлкө боюнча миңдеген адамдардын өлүмүнө себеп болгон.
Үчүнчү кризис Ирандын өзөктүк программасы жана Вашингтон менен кыйыр сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышы болду. Бул эки маселе тең буга чейин эле аскердик соккулардан улам үзгүлтүккө учураган.
Анын жок кылынышы бул маселелерди ара жолдо калтырып, аларды азырынча белгисиз мураскерге өткөрүп берди. Ал адам өтө туруксуз кырдаалда иш алып барууга мажбур болот. Кандай гана жаңы жетекчи келбесин ал бутага алынышы мүмкүн.
Бул бийликтин армия тарапка дагы көбүрөөк оошуна жол ачышы ыктымал. Президент Масуд Пезешкиандын соңку билдирүүсүнө ылайык, жогорку жетекчилик жөндөмсүз болгон учурда куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүнө иш-аракетке өтүү боюнча кеңири ыйгарым укуктар берилген. Иш жүзүндө бул чечимдердин тезирээк кабыл алынышын шартташы мүмкүн, бирок борборлоштурулган координациянын деңгээли төмөндөшү ыктымал.
Ошондой эле жетекчилик бийликти мурастоо маселесин башкарууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканы байкалууда. Иран бул маселеде коомдук билдирүүлөрдү кечеңдетип, жаңы жогорку лидер Можтаба Хаменеи баштаган айрым инсандарды коомчулуктан жашырып келет. Бул коопсуздук себептерден же ички белгисиздиктен улам болуп жатабы, ал жагы белгисиз.
Туруксуздуктун күчөшү кыска мөөнөттөгү эң ыктымал жыйынтык болчудай. Аскердик позиция жана өлкө ичиндеги репрессиялар да катаалдашы ыктымал.
Ирандын армия башчысы Амир Хатами дагы Ларижанинин өлүмү үчүн "чечкиндүү" өч алуу чараларын көрөрүн эскертти.
Бирок убакыттын өтүшү менен улам бир жогорку жетекчисинен ажыраган система, айрыкча, 90 миллиондон ашуун калкы бар өлкөдө натыйжалуу иш алып бара албашы мүмкүн.
Али Ларижанинин өлүмүнүн кесепети бир гана жетекчинин жок кылынышы дегенди билдирбейт. Ал жетекчилик кызматтардагы кризисти тереңдетип, согуштун жүрүшүнө да, Иран мамлекетинин өзүнүн туруктуулугуна да олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.



























