Трамп: "Иран келишимге баргысы келет, бирок ал мен макул болчу келишим эмес"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык платформасында кезектеги постун жарыялап, анда журналисттерге кайрадан сын менен атырылып, Иран толук жеңилгенин айтат.
"Жалган маалымат тараткан медиалар АКШ аскерлеринин Иранга каршы канчалык жакшы аракет кылганын айтууну жек көрүшөт. Иран толугу менен жеңилди жана келишим түзгүсү келет. Бирок ал мен макул боло турган келишим эмес!" - деп жазды Трамп.
Президент кайсы келишим тууралуу айтып жатканын жана Иран тарап так эмне сунуш кылганын тактаган жок.
Жума күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Ирандын Харк аралына массалык сокку уруп, ал жердеги бардык аскердик объектилерди жок кылганын билдирген эле.
Ошол эле билдирүүсүндө Трамп Харктагы мунай объектилерин толугу менен "жер менен жексен кылбоо" чечимин кабыл алганын айтты. Бирок, эгер Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшүнө тоскоолдук жаратса, бул чечим кайра каралышы мүмкүн экенин да эскертти.
Буга чейин Ирандын армиясы Жакынкы Чыгыштагы АКШ менен кызматташкан мунай компанияларына сокку урарын айтып, коркуткан эле. Аскерлердин билдирүүсүн Reuters агенттиги таратты. Анда, эгер Ирандын мунай инфраструктурасына чабуул жасалса, жооп чарасы катары ушундай соккулар болушу мүмкүн экени айтылат.
Харк аралында Иран мунайынын экспортунун 90% өтүүчү чоң мунай терминалы жайгашкан. Иран, мурда Перс булуңундагы айрым өлкөлөрдүн мунай инфраструктураларына сокку урган учурлар да болгон.
Associated Press: Багдаддагы АКШ элчилигинин тик учак конуучу тилкесине ракета тийди
Ирактын борбору Багдад шаарындагы АКШ элчилигинин тик учак конуучу тилкеси ракета соккусуна кабылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги коопсуздук кызматтарынын аты аталбаган эки кызматкерине таянып билдирди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Агенттиктик маалыматына ылайык, ракета элчиликтин аймагына түшкөн. Элчилик Багдаддагы "Жашыл зона" деп аталган катуу кайтарылган өкмөттүк кварталда жайгашкан. Бул жерде мамлекеттик мекемелерден тышкары ар кайсы өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү да бар.
AP агенттиги анын журналисттери окуя болгон жерден видео алышканын жазды. Анда Багдаддагы АКШ элчилигинин аймагынан түтүн чыгып жатканы көрүнөт.
Ал арада AFP өз булактарына таянып, элчиликке дрон тийген болушу мүмкүн экенин жазып чыкты.
AP белгилегендей, бул имарат - дүйнөдөгү эң чоң америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири. Ал буга чейин да Ирактагы иранчыл топтордун ракеталык жана дрон чабуулдарына бир нече жолу кабылган.
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, бул сокку Багдадда жасалган башка чабуулдардан кийин орун алды. Ал чабуулдардын натыйжасында иранчыл куралдуу топтун эки мүчөсү өлтүрүлгөн.
Мурдарак Ирактын коопсуздук кызматы Багдад шаарындагы турак үйгө сокку урулганын билдирген эле. Анда иранчыл куралдуу топтун командири бутага алынганы айтылган. AFP агенттигинин Багдаддагы кабарчылары шаар борборунда катуу жарылуу болгонун угушкан. Андан кийин окуя болгон жерге тез жардам унаалары жөнөтүлгөн. Маалыматтарга караганда, бул үйдө Иранга жан тарткан "Катаиб Хезболла" куралдуу тобунун штабы жайгашкан.
Бул куралдуу топ дээрлик күн сайын Багдад аэропортунун жанындагы америкалык аскердик объекттерге дрондор менен чабуул жасап келгендиги айтылууда.
Катар айрым аймактардан адамдарды эвакуациялоодо
Катардын ички иштер министрлиги өлкөнүн айрым аймактарынан жарандарды эвакуациялоо тууралуу буйрук берди. Бул "убактылуу сактык чарасы" катары түшүндүрүлдү.
Буйрук коркунуч жокко чыкмайын күчүндө болот.
Катардын бийлиги коркунучтын мүнөзүн тактаган жок, бирок буга чейин Иран жаңы соккуларды уруп баштаганын жар салган эле. Ал буга чейин дагы Катарды аткылап келген.
Коопсуздук сиреналары башта Бахрейнде жаңырып, тургундарды баш калкоолочу жайларга качып чыгууга үндөшкөн. Сауд Арабиясы абадан бир нече объектинин атып түшүргөнүн кабарлады.
Харк аралы Иранга эмне үчүн маанилүү?
Ирандагы чакан Харк аралынын узундугу болжол менен сегиз километрге жетет. Ал Ирандын жээгинен болжол менен 35 километрге алыстыкта жайгашкан.
Аралда калк аз жашайт, бирок бул жерде жайгашкан мунай терминалы аркылуу Иран мунайынын экспортунун 90% өтөт.
Мунай бул жерге ири танкерлер менен жеткирилет. Андан кийин ал көбүнчө Перс булуңу жана Ормуз кысыгы аркылуу Кытайга жөнөтүлөт. Кытай - Ирандын мунайын эң көп сатып алган өлкө.
Эгер бул аралга жетүү мүмкүнчүлүгү жабылса, бул Иран экономикасына олуттуу сокку болот.
Би-би-синин дипломатиялык кабарчысы Пол Адамс билдиргендей,айрым маалыматтар боюнча АКШ аскерлери кандайдыр бир учурда Харк аралын басып алууга аракет кылышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат.
Бул Иран мунай экспортун токтотуп гана тим болбостон, Иранга каршы аскердик операциялар үчүн плацдарм түзүшү мүмкүн.
Мындай божомолдор Перс булуңуна эки миңден кем эмес деңиз пехотачылары бар америкалык амфибиялык аскердик кемелер жөнөтүлүп жатат деген маалыматтардан кийин күчөдү.
Пенатгон бул маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок эгер бул ырасталса, мындай миссия АКШ аскерлерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бериши мүмкүн.































