Иран Израилдин эки шаарына сокку урду

Димонадагы кыйроо

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын ракетасы бутага алган Димона шаарынан анча алыс эмес жерде Негев ядролук изилдөө борбору жайгашкан.
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ирандын ракеталары Израилдин түштүгүндөгү Димона жана Арад шаарларына сокку урду. Димонадагы чабуулдан кеминде 47 адам жаракат алды. Ишембинин кечинде учурулган ракеталар шаардан 13 чакырым алыстыктагы өзөктүк жайды бутага алганы кабарланууда.

Израилдин өзгөчө кырдаал маалында тез жардам кызмат көрсөткөн "Маген Давид Адом" уюму жакынкы Арад шаардагы чабуулдан "көп сандагы" адам жаракат алганын ырастады. Маалыматка ылайык, Арадда 75 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын онго жакыны оор жаракат алган.

Тегеран бул чабуулдарды Ирандын Натанц өзөктүк жайына урулган соккуларга жооп деп сыпаттап жатат.

Иран парламентинин спикери Мохаммад Багери Галибаф X платформасындагы соңку билдирүүсүндө Израил жана АКШ менен согушта "алдын ала пландалган кийинки стратегияларды ишке ашырууга убакыт келгендей" деп белгиледи.

"Эгер Израил бекем корголгон Димона аймагында ракеталарды атып түшүрө албаса, оперативдик жактан алганда, бул жаңжалдын жаңы фазасы башталганын ишарат кылат. Израилдин асманы корголбой калды", - деп жазды спикер.

Расмий Тель-Авив Ирандын ракетасы Израилдин абадан коргонуу системасынан өтүп, түштүктөгү Димона шаарына кантип сокку урганын иликтеп жатканын билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын соңку чабуулдарына жооп катары "мындан ары да душманга бардык фронтто чечүүчү сокку урууну" убада кылды. Ал ишембинин кечин "Израилдин келечеги үчүн өнөктүктөгү эң оор кеч" деп мүнөздөдү.

Димона шаарындагы ракеталык соккунун кесепети

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Димона шаарындагы ракеталык соккунун кесепети

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Израилдин түштүгүндөгү Негев ядролук борборунун жанында болгон ракеталык чабуулдан кабардар экенин маалымдады.

Уюм "өзөктүк изилдөө борборуна зыян келтирилгени тууралуу эч кандай кабар ала электигин" айтып, радиациянын адаттан тыш деңгээли аныктала электигин кошумчалады.

Уюмдун башчысы Рафаэль Гросси ядролук объектилердин жанында аскердик аракеттер болбошу керектигин эскертти.

Израилдин өзөктүк жайы тууралуу эмне белгилүү?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Димонадан 13 чакырым алыстыкта Израилдин ядролук курал арсеналы сакталат делген объект бар. Расмий түрдө бул изилдөө жүргүзө турган жай катары гана сыпатталат. Бирок дээрлик алтымыш жылга жакын убакыттан бери Израил ал жерде өзөктүк бомба даярдап келе жатканы "ачык сыр" деп саналат.

Бул маалыматтар ырасталса, анда ал Израил Жакынкы Чыгыштагы жалгыз ядролук держава экенин билдирет. Ошондуктан бул объекттин бутага алынышы тууралуу билдирүүлөр Израил үчүн олуттуу мааниге ээ.

Иран Израилдеги дал ушул жайды бутага алганын ырастап, ага чейин Натанцтагы ядролук объектисине сокку урулганын маалымдады.

АКШ менен Израилдин Иран менен согушу башталганына 22 күн болду. Адеп 28-февралда Кошмо Штаттар менен Израил Ирандын бир катар аймактарына сокку урган. Баштапкы чабуулдарда Иранды узак жылдан бери башкарып келе жаткан Аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн. Буга жооп катары Иран Перс булуңундагы Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы сыяктуу бир катар өлкөлөрдөгү АКШнын базаларына сокку урган. Мындан тышкары Ирандын Ормуз кысыгын бөгөттөшү мунай ташыган кемелердин кыймылын чектеп, бир катар өлкөлөрдө күйүүчү майдын кымбатташына негиз берди.

АКШ да, Израил да согуш Ирандын ядролук бомба жасоо мүмкүнчүлүгүн жок кылууну максат кыларын белгилеп келишет. Ирандын бийлиги бул чабуулдар Тегеран өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда болгонун айтып, азырынча согушту токтотуу боюнча диалогго баруудан баш тартып жатат.