1-апрелден тарта айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн акы төлөнөт

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордон ("Унаа" мекемесинен) билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, 31-мартка чейин (кошо эсептегенде) күбөлүктү акысыз алмаштырууга болот. 1-апрелден тарта күбөлүктү алмаштыруу үчүн 1 389 сом акы төлөнөт. (буга чейин 779 сом болору айтылган эле).
Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн эски күбөлүктөрдү 083-формасындагы медициналык маалымкатсыз эле жылдын аягына чейин алмаштырууга болот.
Бүгүнкү күнгө чейин 335 миңге жакын айдоочу мөөнөтсүз күбөлүктөрүн жаңысына алмаштырууга жетишкени айтылат.
2025-жылдын ноябрь айында Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев мөөнөтсүз күбөлүктөрдү жокко чыгарылып, ордуна он жылдык мөөнөткө жаңы документ бериле баштарын билдирген.
Алгач мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 15-январдан 15-февралга чейин алмаштырып алууга болору айтылып, кийинчерээк мөөнөтү узартылган.




























