Трамп Иран АКШга Ормуз кысыгына байланыштуу "чоң белек" бергенин айтты

трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Трамп ирандык сүйлөшүүчүлөр АКШга мунай жана газга байланыштуу «абдан маанилүү сыйлык» өткөрүп беришкенин билдирүүдө.

АКШ президентинин айтымында, бул «белек» Ормуз кысыгына тиешелүү, бирок ал башка эч кандай кошумча маалымат берген жок.

Ал бул кадам "биз керектүү адамдар менен иштешип жатканыбызды" көрсөтөт деп кошумчалады.

Дональд Трамп 24-мартта Ак үйдө журналисттерге маек берип жатып, Ирандагы согуш учурунда Перс булуңундагы өлкөлөрдүн ролу тууралуу суроолорго жооп берди. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын аракетин "эң сонун" деп бааласа, Катарды "азаматтар" деп сыпаттады. Иран менен тынчтык келишими канчалык ишке ашары тууралуу берилген суроого Трамп: "Биз бул согушта уттук", — деп жооп берди.

Трамп Иран режими бул өлкөдө эч качан өзөктүк курал болбойт дегенге макул болгонун айтты (бул ырастоону ал жаңжал учурунда бир нече жолу кайталаган). Андан Иранда анын командасы кимдер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат берүүсүн суранышты.

"Биз алардын бардык жетекчилигин жок кылдык, андан кийин алар жаңы лидерлерди тандоо үчүн чогулушканда, аларды да жок кылдык", — деди Трамп. "Азыр бизде жаңы топ бар, алардын иши кандай болорун көрөбүз".

Трамп АКШ менен Израилдин соккулары "режимдин алмашуусуна" алып келгенин айтып, бирок: "Мен эч кимге ишенбейм", — деп эскертти.

Трамптан анын улук кеңешчиси Жаред Кушнерди жана Жакынкы Чыгыш боюнча чабарман Стив Уиткоффту Иран менен түз сүйлөшүүлөргө жөнөтүү тууралуу сурашты. Президент алар учурда вице-президент Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Иран "келишим түзүүнү каалайт... эгер сиз алардын ордунда болсоңуз, ким каалабасын?". Трамп кошумчалагандай, Ирандын аскердик-деңиз флоту, аба күчтөрү жана байланыш каражаттары "жок кылынган", ал эми байланыштын жоктугу алар үчүн "эң чоң көйгөй" болууда.

Ак үйдө Улуттук коопсуздук боюнча жаңы катчынын ант берүү аземинде Трамп Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга токтолду. Ал Ирандын флоту, лидерлери жана радарлары калбаганын кайталап, АКШнын операциясын "чоң ийгилик" деп атады. Тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча ал: "Биз керектүү адамдар менен сүйлөшүп жатабыз жана алар келишим түзүүнү аябай каалап жатышат", — деп кошумчалады.