Ирандагы согуш Түндүк Кореяны кабатыр кылабы?

Сүрөттүн булагы, BBC / Andro Saini
- Author, Сангми Хан
- Role, Би-Би-Синин Корей кызматы
- Reporting from, Сеул
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
АКШ менен Израил Иранга каршы согушун баштагандан бери Ким Чен Ын катуу ойлонуп жатса керек.
Түндүк Корея бул чабуулдарды тез эле "негизсиз агрессиялык согуш" деп айыптап жиберди. Эки өлкө тең 1979-жылдан бери "Америкага каршы кан альянсын" түзүп, ракеталарды өндүрүү багытында кызматташып келатат.
Би-Би-Сиге жашырын бойдон калуу шарты менен маек курган Түндүк Кореянын мурдагы дипломаты билдиргендей, расмий Пхеньян өз куралдарын Иранга дагы экспорттоону көздөйт.
Бирок эки нерсе Түндүк Кореянын Иранга караганда артыкчылыктуу абалда экенин көрсөтөрүн талдоочулар белгилейт: өзөктүк куралдар жана Кытай.
2003-жылдагы Ирак согушу жүрүп жатканда маркум лидер Ким Чен Ир 50 күнгө жок болуп кеткен. Түштүк Кореянын чалгын кызматынын маалыматына ылайык, ал убактысынын көбүн борбор калаа Пхеньяндан болжолдуу 600 км алыстыкта жайгашкан Самжиен комплексиндеги бункерде жашырынып өткөргөн.
Ага салыштырмалуу уулу Ким Чен Ын Ирандын жол башчысы Али Хаменеи кол салууда өлтүрүлгөн учурда да коомчулуктун назарынан качкан жок.
Мындай өзгөчө реакция кандайдыр бир деңгээлде Түндү Кореянын өз күчүнө ишеничи күчөп жатканынан кабар берерин айтат, Чан Йоң Сок. Ал Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын Түндүк Корея боюнча талдоо тобунун директору.
"Өзөктүк держава сыяктуу"

Сүрөттүн булагы, AFP / KCNA VIA KNS
Түндүк Корея де-факто өзөктүк мамлекет. Ал тургай АКШнын президенти Дональд Трамп 2025-жылы бул өлкө "көп өзөктүк куралга ээ өзөктүк күч сыяктуу" деп айткан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Стокгольм Эл аралык тынчтык изилдөө институтунун 2025-жылдагы баяндамасына ылайык, Түндүк Кореяда 50дөй өзөктүк дүрмөт жана дагы 40 курал чыгарууга жете турган жетиштүү деңгээлде бөлүнүүчү материал бар. 2024-жылдын июлунда Түштүк Корея Түндүк Корея кыска аралыкты камтыган жана согуш майданында колдонууга багытталган тактикалык өзөктүк куралдарды иштеп чыгуунун "соңку баскычтарында" экенин эскерткен.
Былтыр Түштүк Кореянын президенти Ли Чже Мйон дагы Түндүк Корея АКШнын аймагына өзөктүк курал менен сокку ура алган континеттер аралык баллистикалык ракеталарды иштеп чыгарына аз калганын билдирген. Бирок ракетанын багыты жана атмосферага кайра киргенде дүрмөттү коргоо жөндөмү күмөн бойдон калууда.
БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (IAEA) билдиргендей, Ирандын "өтө ири, дымактуу өзөктүк программасы" бар. Бирок мекеме Ирандын "өзөктүк куралды иштеп чыгуу боюнча системалуу программасына" далил тапкан эмес.
2015-жылкы маанилүү өзөктүк келишимден кийин Иран өзүнүн уранды байытуу программасына чектөө киргизүүгө макул болгон. IAEA уюмунун текшерүүлөрү да кеңейип, Ирандын өзөктүк программасын басаңдатууга жардам бергенин айтат, Чаң Жи-Хиаң. Ал "Asan" саясий изилдөөлөр институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча адиси.
Бирок 2018-жылы Трамп бул өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кеткенден кийин Иран өзүнүн өзөктүк объекттеринен IAEA уюмун чектей баштаган. Аталган уюмдун жашыруун баяндамасында белгиленгендей, Иран 2025-жылдын июлунда Израил менен болгон согуштан кийин бардык кызматташуусун токтоткон. Бул туурасында AP агенттиги өткөн айда кабарлады.
Бирок Түндүк Корея алгачы өзөктүн сыноосун 2006-жылы жүргүзгөн. Үч жылдан кийин ал IAEA уюмунун бардык инспекторлорун өлкөдөн чыгарган. Андан бери Түндүк Корея беш жолу өзөктүк сыноолорду өткөрүп, акыркысы 2017-жылы болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал кезде Түндүк Корея АКШ менен мамилеге кызыкдар эле. Эки өлкөнүн лидерлери 2018 жана 2019-жылдары эки тарыхый жолугушуу өткөрүшкөн. Ким эл аралык санкциялардын алынышын каалап, Йонбендеги өзөктүк электр станциясын жоюуну сунуштаган. Бирок Трамп көбүрөөк нерсе каалап, сүйлөшүүлөр акыры үзгүлтүккө учураган.
Азыр Түндүк Корея Украинадагы согуштан улам Орусияга жакындашып, өзүнө ишенип тургандай. Бул ага керек болгон экономикалык жана аскердик кызматташтыкты камсыздарын АКШдагы "Stimson Center" аналитикалык борборунун Корея боюнча программасын жетекчиси Женни Таун билдирди.
Бирок Трамп менен Кимдин мамилеси жакшы сыяктанат. Былтыр эле АКШнын президенти түндүккореялык кесиптешин мактаган эле.
Ким "Трамп менен иштөөдө өзгөчө мүмкүнчүлүктөр" бар экенин түшүнөт, бирок ал "мамилени кайра жандантуу үчүн курмандыкка барбайт", – дейт Таун.
Ошентсе да Түндүк Корея Ирандагы согушту айыптап чыкканда Трампты ачык сынга алуудан карманды. Өткөн айдагы партиянын курултайында эгерде АКШ Түндүк Кореянын макамын урматтаса, анда жакшы мамиледе болорун, башкача айтканда, диалог үчүн эшик ачык бойдон каларын билдирди.
Кытай, Орусия жана "өзөктүк барымта"
Жайгашкан жери дагы Түндүк Кореянын пайдасына иштейт. Ал Кытай менен чектешет. Кытай болсо Түндүк Кореяны АКШга жана анын шериктеши Түштүк Кореяга каршы маанилүү таяныч катары көрөт. Эгерде Түндүк Кореянын бийлиги кулай турган болсо, Кытай качкындардын ири агымына туш болушу ыктымал.
Ошондуктан эки коммунисттик өлкөнүн мамилеси тарыхта "эриндер менен тиштердей" жакын деп сүрөттөлүп келген. 1961-жылдан бери Кытай эгерде Түндүк Кореяга кол салуу болсо, биргелешкен коргонуу келишими боюнча коргоого милдеттенме алган. Бул Бээжин кол койгон жападан жалгыз келишим.
Бул Кытай Түндүк Кореяны ар дайым кынтыксыз шериктеш катары көрөт дегенди билдирбейт. Анын үстүнө Түндүк Кореянын өзөктүк арсеналы аймакты туруксуздаштырып жаткан шартта. Кытай Түндүк Кореянын Орусия менен болгон мамилеси күчөп жатканын жактырбашы да ыктымал. Сеул улуттук университетинин конок изилдөөчүсү Чаң Йаң Соктун айтымында, Орусия менен Түндүк Корея 2024-жылы коргонуу келишимине кол койгондон бери бул күн тартибине чыкты.
Бирок анын айтымында, "Түндүк Кореянын Кытайда стратегиялык кызыкчылыгы бар... Кытай болсо өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарына аябай бекем жана Ким Чен Ын муну жакшы билет".

Ошондой эле Түндүк Корея географиялык жактан Түштүк Корея менен Жапонияны "өзөктүк барымтада" кармап турганын айтат, "Asan" институтунун өкүлү Чаң.
Эки корей өлкөсүн 250 километрге созулган жана туурасы 4 км демилитаризацияланган аймак гана бөлүп турат. Ал эми эки өлкөнүн борбор шаарлары бири-биринен 200 километрдей аралыкта жайгашкан.
Демек, Чаңдын айтымында, Инчхон жана Көңги провинцияларын да камтыган Сеул метрополитен аймагы Түндүк Кореянын түз сокку уруу аймагына кирет. Ал мурда Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматында иштеген.
"Түштүк Корея Израил, АКШ же Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөй болуп ракеталарды тосо алышы күмөн", – деп кошумчалайт ал.
Жапония дагы Түндүк Кореянын түз сокку уруу аймагына кирет. Түндүк Корея өзүнүн куралдарын сыноодон өткөрүп жатканда Жапон деңизине ракеталарды үзгүлтүксүз атып турган.
Эки Азия өлкөсүндө болжолдуу 80 миң АКШ аскери бар. Ал эми Жакынкы Чыгышта болжолдуу 50 миң АКШ аскери жайгаштырылган.
Вашингтондогу Корея-АКШ экономика институту аттуу аналитикалык борбордун өкүлү Эллен Кимдин айтымында, Иран согушунан улам Ким Чен Ын "Али Хаменеи өзөктүк куралы жок болгондуктан алсыз" болгон жана АКШ менен сүйлөшүүлөр болсо режимдин сакталып калышына кепилдик бермек эмес деген ойдо калган болушу мүмкүн.
Таун да бул пикирге кошулат. "Түндүк Корея өзөктүк тоскоолдук мүмкүнчүлүгүнүн артынан кууп жүрүп, көп жылдар бою кыйынчылыктарга туш болгон болушу мүмкүн. Бирок мындай учурларда Ким Чен Ын өзөктүк куралы бар өлкөгө кол салуунун тобокелдиги өтө чоң экенин билет жана туура чечим чыгарганына дээрлик ынанат".




























