Жогорку Кеңештин төрт жаңы депутаты ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 18-мартта, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында жаңыдан мандат алган төрт депутат - Улукбек Ормонов, Мавлюда Калбердиева, Бактыбек Чойбеков жана Алтынкүл Мурзакимова расмий түрдө ант берип, өз кызматтарына киришти.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган мандаттарын башка талапкерлерге өткөрүп берген.
Улугбек Ормонов №10 шайлоо округу боюнча Курманкул Зулушевдин ордуна, Мавлюда Калбердиева №11 шайлоо округу боюнча Шаирбек Ташиевдин ордуна, Бактыбек Чойбеков №17 шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиевдин ордуна, Алтынкүл Мурзакимова №29 шайлоо округу боюнча Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна мандат алышты.
Акыркы бир айдын ичинде бир катар депутаттар мандаттарын тапшырып кеткен. Өткөн жумада Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев жана Нурланбек Азыгалиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.























