"Кыргызнефтегаздын" жетекчилиги Таймурас Ташиевдин айткандары боюнча комментарий берди

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четинбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин "Кыргызнефтегазда" кампалар дизелдик күйүүчү майга толуп, сатылбай жатканы тууралуу айткандары боюнча Би-Би-Сиге комментарий берди.
Самсаалы Четинбаев ал башкарган ишканада өндүрүш жана кайра иштетүү штаттык режимде жүрүп жатканын белгиледи. Ошол эле убакта "Кыргызнефтегаз" ишканасында дизелдик отунду сатуу боюнча маселе бар экенин моюндап, бирок аны сезондук көрүнүш катары сыпаттады:
"Кампалар толуп баратканы чындык. Бирок иш токтоп калган жок. Жыл сайын жаз алды ушундай көрүнүш болот жана ал кадыресе нерсе. Жазгы талаа иштери башталгыча ушинтип кампалар толуп барып, анан иштеп кетет".
Самсаалы Четинбаев "Кыргызнефтегаздын" жетекчилигине быйыл мартта дайындалган.
Ал "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында учурда Ички иштер министрлигине бара жатканын да кошумчалады.
ИИМ 17-мартта "Кыргызнефтегаздагы" схемалар тууралуу Салык кызматынын иликтөөсүнөн кийин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат.
Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
16 мүнөттүк иликтөөдө 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик компаниясын өндүрүлгөн мунайдын 30%ын (262 миң тонна) түз өзүнүн "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна бербестен, Ташиевдерге байланышы бар жеке компанияларга сатканы айтылат. Бул фирмалар чийки затты кайра эле "Кыргызнефтегаздын" "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна иштетүүгө берип, даяр продукцияны өздөрүнө алышкан.
Мындан тышкары, программада "Мокогрупп" фирмасы тууралуу да сөз болот. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев бар экени, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин негиздөөчүсү Камчыбек Кыдыршаевич өзү болгону тууралуу сөз болот.
"Солярканы Таймурастын "Мокогрупп" фирмасы да сатып алган. Жана андан ары мамлекеттик сатып алуулар аркылуу негизинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык ишканаларга саткан" деп айтылат иликтөөдө.
Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган.
Өткөн айда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан көп өтпөй, Байгазы Матисаков да жумуштан бошотулган. Ошондой эле "Кыргызнефтегаздын" башчысы да алмашып, Самсаалы Четинбаев дайындалган.
17-мартта Таймурас Ташиев айтылган дооматтар боюнча үн катты. Ал 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" дээрлик 358 миң тонна дизелдик отун өндүрсө, өзүнүн "Мока Групп" компаниясы болгону 5 миң 463 тонна дизелдик күйүүчү май сатып алганын, бул көлөм "Кыргыз Петролеум Компани" өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөрүн айткан.
"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда "Кыргыз Петролеум Компани" дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени, алардын кампалары толуп, дизтопливону сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизтопливо сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жатышканы дагы белгилүү болду. Тийиштүү тараптардан болсо, бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз" деп жазган Таймурас Ташиев.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Таймурас Ташиев да милицияга суракка чакырылганын жазышкан. Бирок ИИМден Таймурас Ташиев бул иш боюнча суракка алынбаганын кошумчалашты.




























