"Ирандагы согушту колдой албайм". АКШнын контртеррордук борборунун башчысы кызматтан кетти

Жо Кент

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Кент
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын Улуттук контртеррордук борборунун башчысы Жо Кент кызматтан кетип, мындай чечимге Иранга каршы согуш себеп болгонун билдирди.

Дональд Трамптын администрациясында террорчулукка каршы күрөштү координациялаган 45 жаштагы Кент Ак үйдү "багытын өзгөртүүгө" чакырды.

Жо Кент Трамптын командасынын мүчөсү жана көптөн берки тарапкери болчу. Улуттук контртеррордук борбордун башчысы кызматына Кенттин талапкерлигин өткөн жылдын июль айында АКШнын Сенаты жактырган.

Кент Трамптын администрациясында АКШ менен Израилдин Ирандагы операциясын ачык сындап чыккан жогорку даражалуу кызматкер болуп калды.

Кент Трампка кат жазып, аны Х тармагына жарыялады. Катта мындай деп айтылат: "Иран биздин өлкөгө тикелей коркунуч жараткан эмес, биз бул согушка Израилдин жана анын Америкадагы күчтүү лоббисинин кысымы алдында кошулганыбыз айдан ачык".

"2025-жылдын июнь айына чейин Жакынкы Чыгыштагы согуштар тузак болгонун, ал согуштарда патриотторубузду жоготконубузду, өлкөнүн байлыгы жана өнүгүүсү курмандыкка чалынганын абдан жакшы түшүнүп келгенсиз. 11 жолу согуштук аракеттерге катышкан ардагер катары, согушта сүйүктүү жубайы Шеннонду жоготкон күйөө катары мен Америка элине эч кандай пайда алып келбей турган согушка жаңы муунду жиберүү чечимин колдой албайм".

Ошондой эле Кент X тармагына: "Мен Ирандагы уланып жаткан согушту таза абийир менен колдой албайм", - деп жазды.

Кент – ЦРУнун атайын багыттагы күчтөрүнүн ардагери. Анын аскер-деңиз күчтөрүндө криптолог болуп кызмат өтөгөн жубайы Шеннон Кент 2019-жылы Сирияда жанкечтинин кол салуусу маалында каза болгон.

Кент ошондой эле "Израилдин жогорку даражалуу аткаминерлери" жана таасирдүү америкалык журналисттер Трамптын администрациясынын "Биринчи кезекте Америка" деген саясатын жокко чыгарган "жалган маалымат" таратышканын ырастайт.

Трамп Кенттин кызматтан кетишине Ирландиянын премьер-министри Михол Мартин менен жолугушуу маалында комментарий берди.

"Мен анын билдирүүсүн окудум, - деди АКШ президенти. – Мен аны жакшы адам катары тааныйм, бирок коопсуздук маселелеринде өтө эле чабал деп эсептеп келгем".

"Мен анын билдирүүсүн окуганда, мындай адамдын кызматтан кеткени жакшы болгонун түшүндүм, себеби ал "Иран коркунуч жараткан эмес" деп айтты. Иран коркунуч жаратууда жана бардык өлкөлөр Иран канчалык коркунчтуу болгонун түшүнүп турушат".

Ал арада Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Кенттин катында "чындыкка дал келбеген көптөгөн ырастоолор" бар экенин айтты.

Кент деген ким?

Жо Кент буга чейин Конгресске эки жолу талапкерлигин коюп, өтпөй калган. Ал Улуттук контртеррордук борбордун башчылыгына өткөн жылдын июль айында бекитилген.

Жо Кент 2022-жылдагы шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө. Анын конгрессмен болуу аракетинен майнап чыккан эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жо Кент 2022-жылдагы шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө. Анын конгрессмен болуу аракетинен майнап чыккан эмес
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Көптөгөн демократтар Кент экстремисттик топтор менен, анын ичинде Proud Boys уюмунун ("Намыстуу жигиттер" – АКШдагы ашкере оңчул эркектердин уюму) мүчөлөрү менен байланышы бар деп ырасташкан.

Кенттин талапкерлиги каралган угууларда ал ошондой эле федералдык агенттер 6-январда Капитолийдеги тополоңду шыкактады деген дооматтардан, ошондой эле Трамп 2020-жылдагы шайлоодо жеңди деген ырастоолордон баш тарткан эмес.

Улуттук контртеррордук борбордо ал Улуттук чалгын кызматынын директору Тулси Габбардга баш ийип, дүйнө жүзү боюнча ыктымалдуу террордук коркунучтарды талдап, аныктоо ишин көзөмөлдөчү.

Кент АКШнын куралдуу күчтөрүнүн курамында 11 жолу чет өлкөлөрдө кызмат өтөп келген, анын ичинде АКШнын Ирактагы армиясынын атайын багыттагы күчтөрүнүн катарында согушка катышкан.

Кийинчерээк ал ЦРУнун атайын бөлүмүнүн офицери болгон, ал эми жубайы каза болгондон кийин мамлекеттик кызматтан кеткен.

Жакында эле Трамптын администрациясынын бир нече жогорку даражалуу кызматкерлери отставкага кетишти, алардын арасында Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиянын укук колдонуу боюнча директору Маргарет Райан жана Кеннеди борборунун президенти Рик Гренелл бар.

Бирок Трамптын президент катары экинчи мөөнөтүндө кадрлардын алмашуусу анын 2017-жылдан 2021-жылга чейинки президенттик мезгилине караганда алда канча аз байкалууда. (ZMa)