Бакыт Төрөбаев Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров 18-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
52 жаштагы Бакыт Төрөбаев 24-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан бошотулган. Андан бир күн мурда Бакыт Төрөбаевдин иниси Эркин Жолдошалиев менен сүйлөшкөн аудиосу интернетке тарап кеткен. Төрөбаев аудио боюнча түшүндүрмө берип, анда туугандар ортосундагы гана сүйлөшүү болгонун айткан.
23-февралда тараган видеодо чет өлкөдө экенин айткан Жолдошалиев Бакыт Төрөбаевге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев анын жерин сатып алганын, бирок ал жердеги заводдун шаймандарын, темир-тезектерин алып кетүүгө мүмкүндүк бербей койгонун айтып жатканын угууга болот.
Көп өтпөй Таймурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы ишканаларды "рейдерлик жол менен басып алды" деген айыптоолорго байланыштуу "Регион" телеканалына маек берип, дооматтарды четке каккан жана "айрымдар атамды каралоого аракет кылып жатат" деп билдирген.
Кийин Жолдошалиев Кыргызстанга келгенин айтып, Таймурас Ташиевди аталган маселе боюнча дебатка чакырган.




























