Кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешүүдө

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 21-мартта кыргызстандыктар Нооруз майрамын шаң менен белгилешүүдө. Майрамдык иш-чаралар өлкөнүн ар бир облусунда мамлекеттик жетекчилердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин жана калың элдин катышуусунда өтүп жатат.
Президент Садыр Жапаров Ноорузду белгилөө үчүн Нарынга барды. Ал эми Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы сейил багындагы салтанатка Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана облус башчысы Аманкан Кенжебаев катышты.
Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында майрамдык иш-чаралар менен катары улуттук оюндар өтүп жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
Садыр Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу 2030-жылы салынып бүтөрүн айтты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөн Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык жетишкендиктерине токтолуп, жасалып жаткан ири долбоорлорготоктолду:
"Теңир-Тоо - энергетикалык дарамети жогору аймак. Кудай берген Нарын дарыясы турганда облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең. Учурда 100 мегаваттык "Куланак" ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашканда аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кошумча кубаттуулук жаралат. Мындан сырткары, 1200 МВатт электр кубаты өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестор курулуш иштерин баштады. Ал эми "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу салынып бүтсө, аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылат, эл аралык мааниси артат. Бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт. Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Европа менен Кытайдын ортосунда азыр биз туюк өлкөдө жашап жаткан болсок, темир жол бүтөөрү менен биз, транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул темир жол болжол менен 2030-жылы ишке кирет деп турабыз".

Сүрөттүн булагы, Official
Президент акыркы беш жылда Нарын облусунда байкаларлык өсүш болгонун белгиледи. Акыркы беш жыл ичинде Нарын облусунун экономикасы өсүп, ички дүң продукциясы 18 миллиард сомдон 40 миллиард сомго жетип, 2,2 эсеге жогорулаганын Бул аралыкта ишканалардын саны 30дан 134кө көбөйүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,7 эсеге артканын айтты.
Инфраструктура тармагында 259 чакырым жол асфальтталып, 51 жаңы социалдык объект пайдаланууга берилген. Мындан сырткары, Нарын аэропорту ишке кирген.
Президент дүйнөдөгү татаал геосаясий кырдаалга токтолуп, Кыргызстан үчүн тынчтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.
"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө, айрым мамлекеттердин чек араларында болуп жаткан окуялардын фонунда, Кудайга шүгүр, Кыргызстанда туруктуулук орноп, чек араларыбыз толук чечилип, өнүгүү жолуна түштүк. Калайык-калкыбыз багыт алган курсубузду колдоп-коштоп, эл менен бийлик эриш-аркак жаңы Кыргызстанды курууга белсендик. Ийгиликтердин башаты – биримдикте, ынтымакта жана туруктуулукта. Кыргызстандын кубаттуу өлкөгө айланышы үчүн эң ириде аң-сезимибизде бурулуш жасап, мекенчил болууга, илим-билим алууга жана мамлекеттин экономикасын күчтөөгө жан үрөшүбүз керек", - деди Садыр Жапаров.
Президент быйыл Кыргызстанда өтө турган ири эл аралык окуяларга да токтолду. Бишкекте ШКУнун жыйыны, "Ысык-Көл форуму" жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Мамлекет башчысы бул иш-чараларды "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" жогорку деңгээлде өткөрүүгө чакырды.

Сүрөттүн булагы, Official
Нооруз - бул күн менен түн теңелген учурда белгиленүүчү, жаратылыштын жаңылануусун жана жаңы жылдын келишин туюндурган элдик майрам. Ал биримдиктин, ынтымактын жана токчулуктун символу катары кабылданып, жакшы тилектер, салттуу сүмөлөк тамагы жана элдик оюндар менен коштолот.



























