"Сокку урулат деп коркуп турабыз". Ирандагы согуш шартындагы Нооруз

Согушка карабастан Тегерандагы айрым базарлар иштеп жатат.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согушка карабастан Тегерандагы айрым базарлар иштеп жатат.
    • Author, Гончех Хабибиазад
    • Role, Би-Би-Синин Фарси кызматы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Бул BBC News сайтында жарыяланган материалдын котормосу. Англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз. Би-Би-Синин маектештеринин аты-жөнү коопсуздук себептеринен улам өзгөртүлдү.

Перстердин Жаңы жылына – Нооруз майрамына саналуу күндөр калганда ирандыктар ага адатта жакшы маанайда камдана башташат.

"Биз үйдү жыйнап, жаңы кийимдерди, таттууларды жана белек-бечкектерди сатып алып, майрамга даярданабыз", - дейт Тегерандын түндүк-чыгышындагы тоолуу Дамаванда жашаган Мина.

Бирок Мина көзүнө жаш алып, быйыл майрам таптакыр башкача маанайда өтөрүн кошумчалады.

"Бул жылы ар бир күн өтө узакка созулуп, такыр бүтпөчүдөй болуп жатат. Мен убакытты сезбей калгандаймын".

"Жаңы күн" деп которулган Нооруз – бул күн менен түндүн теңелүүсүнүн урматына белгилеген салттуу майрам. Бул күнү Иранда жана башка өлкөлөрдө жашаган адамдар жаздын, жаңы жылдын башталышын жана табияттын жандануусун белгилешет. Бул майрамдын тарыхы 3000 жыл мурда башталгандыктан, дүйнөдөгү эң эски майрамдардын катарына кирет.

Быйыл майрам 20-мартка туура келип, кийинки күнү ирандыктардын жаңы жылы башталат.

Бирок 2026-жылы Ноорузду Ирандын көптөгөн тургундары согуштун шарттарында тосуп жатышат. АКШ менен Израил Иранга каршы согушту 28-февралда баштаган жана ошондон бери Иран үзгүлтүксүз бомбаланууда.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Ирандагы укук коргоочулар" уюму Иранда согуш башталгандан бери 3114 адам өмүрү менен кош айтышканын, анын ичинде 1354ү жайкын тургундар, алардын кеминде 207си балдар экенин билдирди.

Бомбалоого жооп кайтарып, Тегеран Израилге жана АКШнын Перс булуңундагы союздаш мамлекеттерине чабуул коюп жатат.

Маектешибиз Минанын Тегерандан Дамавандга үй-бүлөсү менен көчүп келген уулу Амирдин айтымында, бул жылы Ноорузда такыр башкача сезимдер болууда.

"Согуштан улам адамдар жумушсуз калууда. Мени өлкөнүн инфраструктурасы өзгөчө тынчсыздандырып жатат, – деди Амир. – Эгерде согуш улана берчү болсо, анда Ирандан эч нерсе калбашы мүмкүн. Бул биз үчүн акыркы Нооруз болуп калышын каалабайм".

Акыркы жолу ирандыктар Нооруз майрамын согуш шарттарында 1980-жылдары – Ирак менен сегиз жылга созулган жаңжалда тосушкан эле.

Өткөн жылы ирандыктар Ноорузду Тегеранда фейерверк атып белгилешкен.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн жылы ирандыктар Ноорузду Тегеранда фейерверк атып белгилешкен.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ирандыктар үчүн Нооруз алардын тарыхын, салттарын жана улуттук мүнөзүн чагылдырган майрам. Бул майрамды перстер, күрттөр, армяндар, азербайжандар, тажиктер, казактар, кыргыздар, өзбектер жана башка маданияттардын өкүлдөрү белгилешет. Ар бир элдин Ноорузга байланышкан өз салттары бар.

Салттардын бири – өткөн жылдын түйшүктөрүнөн арылып, Жаңы жылды тосуп алуу үчүн майрамдын алдында үйдү толугу менен тазалап чыгышат.

"Жаңы жыл башталганда телевизордон жаңырган майрамдык куттуктоо асмандагы ракеталардын жана дрондордун үнү менен коштолобу – муну билбейм. Бирок мындай болбойт деп үмүттөнүп жатам", - дейт Мина.

Нооруз майрамына карата эки аптага созулчу эс алуу күндөрү адамдар адатта бири-бирине конокко барышат. Бирок бул жылы аткылоодон улам шаардан чыгып кеткен айрым тургундар Тегеранга кайткысы келбей жатат, себеби баш калаа ушул кезде жапырт чабуулдун алдында калды.

"Бул жылы коноктоп жүргүдөй шартыбыз жок. Биз Тегерандан чыгып кетип, коопсуз жерге көчүүгө мажбур болдук, – дейт Мина. – Бул ойгоноор замат унутуп калчудай жаман түш болсо го!".

Бул аптада борбор калаанын көчөлөрү демейдегиден кыйла тынчыраак.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул аптада борбор калаанын көчөлөрү демейдегиден кыйла тынчыраак.

Ноорузга саналуу күндөр калганда адатта Ирандын булуң-бурчундагы базарларда, дүкөндөрдө жана соода түйүндөрүндө сатып алуучулар көп болуп, басарга жер табылбай калат. Бирок быйыл майрамдык маанай такыр байкалбайт.

"Мурда Ноорузга керектүү нерселердин бардыгын табуу кыйла жеңил болчу. Эми кайда барба, абадан сокку урулат деп коркуп отурабыз", - дейт Тегеранда жашаган Пармис аттуу кыз.

Ошого карабастан, 17-мартта Пармис баары бир маникюр жасатып келди. Бул маалда сулуулук салондору адатта бош болбойт, себеби адамдар Нооруз майрамында жасанып жүргүсү келет.

"Кээ бир сулуулук салондору эч нерсеге карабай ишин улантып жаткандай. Катуу жарылуу болгондо салондо отургам, ал жакта иштегендер "кыңк" этпестен ишин уланта беришти", - дейт Пармис.

Салттуу майрамдык дасторкон “син” тамгасынан башталган жети азыктан турат

Сүрөттүн булагы, Amid FARAHI / AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Салттуу майрамдык дасторкон "син" тамгасынан башталган жети азыктан турат

Мариям аттуу аялдын айтымында, айрым адамдар азыр деле фестивалга жана анын негизги иш-чарасына – өзгөчө Хафт Син дасторконун жаюуга даярданып жатышат. Дасторкондо жети (хафт) азык болушу керек, алардын аталыштары алфавиттин он бешинчи тамгасынан (син) башталат.

"Адамдар Хафт Син үчүн керектүүнүн баарын алып жатышат. Көчөдө гүл сатып жаткандарды да көрдүм. Бирок майрамдык маанай буга чейинки жылдардагыдай эмес, – дейт Мариям. – Ошол эле учурда бул биздин салтыбыз, аны сакташыбыз керек. Мен айрым бир нерселерди сатып алгам, үйүмдө да калган-катканым бар. Хафт Син дасторконун эртең жаям".

Ал ортодо өлкөдө майрам учурунда да согуштун уланышын колдогондор бар.

"Нооруз азыр маанилүүбү? Ислам Республикасы бийликте кала берсе, биз аягы көрүнбөгөн жакыр жашообузду улантууга мажбур болобуз. Нооруз жыл сайын болот, убакыт өтө берет. Бирок бул жолу Ислам Республикасы жок болушу керек", - дейт Тегерандын жашоочусу, 30 жаштагы Рамтин.

Тегерандык Киандын апасы болсо "аятоллалардын бийлиги кулашы үчүн бомба түшүп, талкаланган үйдүн алдында калышым керек болсо, буга да макулмун" деп айтат экен.

"Менде деле ошондой сезимдер. Айлана-тегерегибиздин баары жер менен жексен болсо да, мен баары бир Ислам Республикасы кетиши керек деп ойлойм. Нооруз менен ишибиз деле жок, ал тургай быйыл Хафт Син дасторконун да жайган жокпуз", - дейт Киан.

Нооруз суук кыш артка чегинип, анын ордуна дем берүүчү жана үмүт тартуулаган жаз келди дегенди билдирет. Бул күнү адамдар тилектерин айтып, өздөрүнө жана жакындарына ден соолук, бакыт жана жаңы башталыштарды каалашат.

Тегерандын 20 жаштагы тургуну Ширин "Нооруз майрамында согуш жүрүп жатканы үчүн өзүмдү алда канча жаман сезип жатам", - дейт.

"Айрым дүкөндөр ачык болгону менен, Нооруздун маанайы эч сезилбейт", - деди Ширин. (ZMa)