АКШ-Израилдин Иран менен согушу жаңы дүйнөлүк тартипти ишарат кылабы?

Бул курама сүрөттөн АКШнын президенти Доналд Трамптын тунарыңкы жүзүн көрүүгө болот. Ал “USA” деп жазылган кепка кийип алган. Кочкул көк костюмчан, ачык көк көйнөк кийген жана сүрөттүү галстугу бар. Артында танка менен жарылуунун жана андан өтүп жаткан чоң жараканын сүрөтү түшүрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Амир Азами
    • Role, Би-Би-Синин Фарси кызматы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

АКШ, Израил жана Ирандын ортосундагы тиреш өзгөрүп жаткан дүйнөлүк тартиптин шартында башталган алгачкы ири жаңжалдардын бири катары каралышы ыктымал. Бул жаңы системада ондогон жылдардан бери эл аралык мамилелерди жөнгө салып келген эрежелер күчүн жоготуп жаткандай.

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери жаңжалдар жана дипломатиялык мамилелер көбүнесе эл аралык укук жана Бириккен Улуттар Уюму жана башка конвенциялык институттардын алкагында жөнгө салынып келет. Ошол эрежелер бүгүлүп же тандалма түрдө чечмеленип келсе да өкмөттөр жалпысынан өз иш-аракеттерин ошол системанын чектеринде негиздөөгө аракет кылышчу. Аскердик операциялар көбүнчө укуктук аргументтер, дипломатиялык кеңешмелер же болбосо эл аралык коалицияларды түзүү менен коштолчу.

Азыркы согушта андай иш-аракеттердин ролу чектелгендей. Стратегиялык чечимдер ыкчам аскердик жана саясий же коопсуздук чараларын эске алуу менен кабыл алынып жаткан сыяктуу. Мындай шартта ташталган кадамдар эл аралык укуктук ченемдерге же ар тараптуу макулдашууларга ылайык жүргүзүлбөй калууда.

Иран үчүн мындай шартта иш алып баруу толугу менен жаңылык эмес. Өлкө ондогон жылдардан бери кеңейтилген эл аралык санкцияларга туш болуп, саясий жактан обочолонуп келет. Убакыттын өтүшү менен Иран андай чечимдерди буйтап өтүү өчүн өз тармагын жана экономикалык механизмдерди иштеп чыкты. Дүйнө жүзү боюнча эң катаал санкцияга туш болгон өлкөлөрдүн бири болгонуна карабастан Иран мунайын экспорттоону токтотпой, аймактагы таасирин сактап келатат.

Мындай стратегиялык маданиятта Иран кырдаалдын курчушун көбүнчө өз көзөмөлүнө алып турган. Ал каршылаштары үчүн тирешүүнүн кесепетин оорлотуу аркылуу буга чейинки кризистерге жооп кайтарып келген. Ошону менен ал аймактагы согушту да тутандырбай кармап турган. Ирандын бийигирээк максаты сырткы күчтөр кырдаалды курчутпашы үчүн каршылаштарга каршы экономикалык же саясий басымды күчөтүү болчу.

“Согуштун да эрежелери болот #GenevaConventions” деп айнек имаратта жазылып турат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кызыл чырым эл аралык комитетинин Женевадагы баш кеңсеси

Израил дагы эл аралык конвенциялар иш жүзүндө эч кандай ыкчам чектөөлөргө алып келбеген чөйрөдө иш алып барууга көнгөн. Израилдин аскердик доктринасы, эгерде жетекчилер олуттуу коркунуч жараларына көзү жетип турса, анда ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге басым жасап келатканына көп болду. Алдын ала сокку уруу жана ири күч колдонуу мындай мамиленин кайталанган элементи болчу.

Соңку жылдарда Израилдин Газа согушу сыяктуу жаңжалдагы иш-аракеттерине эл аралык укуктук форумдар тарабынан көзөмөл күчөдү. Мисалы, БУУнун Эл аралык сотун жана Эл аралык кылмыш сотун айтууга болот. Ошол эле учурда Израил өзүнүн коопсуздугуна артыкчылык берип, чечкиндүү аскердик чараларды көрүүгө болот деп эсептейт. Айрыкча, АКШнын стратегиялык бекем колдоосуна ээ болгон шартта.

АКШнын бул системадагы орду башкача. Вашингтон 1945-жылдан кийинки эл аралык тартиптеги оюнчулардын бир катышуучусу гана эмес. Ал жаңы тартипти калыптандырып, бир калыпта кармап турууда башкы ролду ойногон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон шериктештердин тармактары, институттар жана укуктук нормалар көбүнчө Американын дүйнөлүк таасирин бекемдөөгө кызмат кылган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШ 2003-жылы Иракты басып алганда бул системадан ачык эле буйтап өтүүсүнө өтө аз калган. Ошондо да Вашингтон бастырып киргенин жалпы коалициялык аракеттер менен негиздөөгө аракет кылган. "Ыктыярдуулардын коалициясы" деп аталган топко Британия, Австралия жана Польша кирип, башка ондогон өлкөлөр ар кайсы деңгээлдеги жардамдарын сунушташкан. Аталган согуш боюнча мыйзамдык негиздеме өтө талаштуу бойдон калса да АКШ өз операциясын ар тараптуу контекстке таяндыруу аракетин токтоткон эмес.

Бирок азыркы тирешке аралашкандар үчүн эл аралык укукка басым жасоо маанилүү деле эместей. Жогорку мансаптуу расмийлердин билдирүүлөрү башкача тондо угулду. Ишембиде, 14-март күнү, мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп Би-Би-Сиге сүйлөп жатып, Ирандын Харг аралынын көпчүлүк бөлүгүнө бир катар сокку урулуп, "толугу менен жок кылганын" айтты: "Жөн эле көңүл ачуу үчүн ага бир канча жолу сокку уруп коюшубуз мүмкүн". Мындай сөздөр түзмө-түз мааниге ээ жана дипломатиялык салмагы аз мамилени билдирет. Бул Американын аскердик операцияларын коштогон салттуу билдирүүлөрдөн айырмаланып турат.

Мындай жаңы мамиледе экономикалык куралдар саясий курал сыяктуу ишенимдүү түрдө пайдаланылып келген. Тарифтер, соода чектөөлөрү жана каржылык чаралар атаандаштарга карата эле эмес, көптөн берки өнөктөштөргө да колдонулган. Европа өлкөлөрү, анын ичинде Британия жана НАТОдогу мүчө мамлекеттер, коргонууга жумшалган каражаттардан тартып, миграция саясаты, соода алакалары жана Орусия менен болгон мамилесине чейин Вашингтондун сынына кабылды.

Мындай саясат кыска мөөнөттөн алып караганда натыйжалуу көрүнүшү ыктымал, айрыкча эгерде башка мамлекеттер түптөлүп калган эл аралык нормалардын алкагында иш алып барууну улантышса. Ал эми узак мөөнөттүү кесепети жөнүндө так кесе бир нерсе деп айтуу оор. Эгерде эрежеге негизделген системанын башкы куруучусу өз эрежелерин этибарга албай баштаса, анда башка өлкөлөр да ал эрежелердин чектерине көңүл бурбашы мүмкүн.

Мурдагы тирештердеги Ирандын жүрүм-туруму мындай чектөөлөрдү жетекчилик кантип жөнгө салганын көрсөтүп турат. Мурдагы кризистердин тушунда, анын ичинде 2025-жылдын жай мезгилиндеги 12 күндүк согушта, Тегеран аскердик күч менен жооп берип жатса да өзүнүн стратегиялык кызыл чектеринен чыккан эмес. Ал жаңжал кадимки эл аралык мыйзамдын алкагынан чыгып кеткен болсо да Иран мерчемдүү жооп кайтарган.

Ормуз кысыгында кемелердин кыймылы токтогонун көрсөткөн карта.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ормуз кысыгында кемелердин кыймылы чектелгенин көрсөткөн карта.

Иран Катардагы Американын Ал-Удейд авиабазасына ракеталарды учурганга чейин Катар менен Американын бийлигине бейрасмий эскертүү берген сыяктуу. Ушундай эле эскертүү Ирактагы Ирандын соккусу учурунда да берилген. Олуттуу зыян келтиргенден кийин деле Тегерандын жообу кырдаалды ого бетер курчутууга жеткирбей, этияттык менен кармап турууга багытталгандай көрүнгөн.

Бирок азыркы жаңжалда андай чектөөлөр бошоңдоп калгандай. Жетекчи Аятолла Али Хаменеини өлтүрүшкөндөн кийин чабуулдардын биринчи толкунунда Иран Араб жарым аралындагы АКШнын объекттерине каршы сокку урду. Анда аскердик базалар да, жарандык объекттер менен инфратүзүмдөр да бутага алынды. Ошол эле маалда Ирандын аракеттери дүйнөдөгү эң маанилүү энергетика корридорлорунун бири делген Ормуз кысыгындагы жүк ташууну натыйжалуу түрдө үзгүлтүккө учурата алды.

Ал өз жыйынтыгын тез эле берди. Энергетика базарына катуу таасир этип, кууш суу жолундагы жүк ташуунун үзгүлтүккө учурашы дүйнөлүк ташып жеткирүү чынжырына сокку болду. Бул эпизоддон эл аралык бизнестер менен мамлекеттер мурдатан бери иштеп келаткан кырдаалды курчутпоо механизмдери бошоңдой баштаганда бир аймактагы чыр-чатак кантип тез эле дүйнөлүк экономикага таасир эте аларын көрүштү.

Башка ири дөөлөттөр бул окуялардан өздөрүнө жыйынтык чыгарып жатышса керек. Орусия энергиянын баасы кымабатташынан пайда көрүшү ыктымал. Европа Биримдиги каршылык көрсөткөнүнө карабастан Москвага карата санкциялар да азайышы мүмкүн. Кытай болсо эл аралык нормалар канчалык өзгөрүүсүнө жана кайсы багытты көздөй бет аларына көз салып турушу ыктымал.

Азыркы окуялардын багытына Европа бере ала турчу таасири чектелүү көрүнөт. Дипломатиялык аракеттерге карабастан Евробиримдик менен Британия окуяларга таасир этүүгө караганда байкап эле тургандай.

Ошондуктан Жакынкы Чыгыштагы согуш орчундуу мааниге ээ. Ал бир эле чыр-чатактын жыйынтыгы менен чектелбейт. 1945-жылдан бери дүйнөлүк мамилелерди жана саясатты калыптандырып келаткан эл аралык системанын туруктуулугун күн тартибине чыгарды. Аталган система дүйнө жүзү боюнча эч качан толугу менен кабыл алынган эмес болсо да жана көбүнчө талаш-тартыш жаратып келгенине карабастан ал күч-бийликти колдонуу чектерин аныктап турган.

Аталган эл аралык система алсырай бере турган болсо, жыйынтыктарды алдын ала болжолдоо оңой болбой калышы ыктымал. Анда мамлекеттер орток эрежелерге эмес, кара күчтөрүнө гана таянып калары бышык. Мындай шартта аталган системаны башында иштеп чыккан өлкөлөр дагы анын эрозиясынан келип чыккан кесепеттерин алдын ала биле албай калышы мүмкүн.