Кытайда азчылыктарды мандарин тилин үйрөнүүгө милдеттендирген мыйзам бекитилди

Бээжин Тибет сыяктуу аймактардагы аз улуттуу топтордун укуктарын чектөөгө көптөн бери айыпталып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бээжин Тибет сыяктуу аймактардагы аз улуттуу топтордун укуктарын чектөөгө көптөн бери айыпталып келет.
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кытайда азчылыктарды мандарин тилин үйрөнүүгө милдеттендирген мыйзам бекитилди

Кытайда расмий түрдө таанылган 55 этностук азчылык бар.

Кытай "этностук биримдикти" бекемдөөгө көмөктөшөт деп эсептеген жаңы мыйзамды жактырды, бирок сынчылар мыйзам азчылыктардын укуктарын ого бетер бузарын ырасташууда.

Кагаз жүзүндө мыйзам расмий түрдө таанылган 56 этностук топтун билим берүү жана турак жай менен камсыз кылуу аркылуу интеграциясына көмөктөшүүгө багытталган. Бул этностук топтордун басымдуу бөлүгүн хан кытайлары түзөт. Бирок сынчылар мыйзам бул азчылыктарды тилинен жана маданиятынан ажыратарын ырасташууда.

Мыйзамга ылайык, бардык балдар мандарин тилин мектепке барганга чейинки курактан баштап, орто мектепти бүтүргөнгө чейин үйрөнүүгө тийиш. Буга чейин окуучулар окуу программасынын басымдуу бөлүгүн эне тилинде, мисалы, тибет, уйгур же монгол тилдеринде окушчу.

Мыйзам 12-мартта парламенттин жылдык сессиясынын аягында жактырылды – бул күнү формалдуу чечимдер кабыл алынат.

"Бул мыйзам 1949-жылдан бери расмий түрдө таанылып келаткан этностук көп түрдүүлүктү басууга багытталган саясаттын кескин өзгөрүүсүнө шайкеш келет", - деди Корнелл университетинин антропология кафедрасынын доценти Магнус Фискешо.

"Кийинки муундун балдары учурда обочодо калып, аларды мажбурлап өз тилин жана маданиятын унуттуруп жатышат".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок Бээжин кийинки муунга мандарин тилин үйрөтүү аларга келечекте жумуш табууга жардам берет деп ырастоодо.

Ошондой эле "Этностордун ортосунда биримдикти жана жылышты колдоо жөнүндө" мыйзам "биримдикти бекемдөө аркылуу модернизациялоого" көмөктөшүү үчүн чечүүчү мааниге ээ болгону айтылат.

Мыйзамга 12-мартта Бээжинде өткөн Бүткүл Кытай Эл өкүлдөрүнүн чогулушунда добуш берилип, кабыл алынды. Бул чогулушта күн тартибиндеги бир дагы маселе четке кагылбайт.

Мыйзам ошондой эле этностордун ортосундагы ынтымакка таасир эте турган, мыйзамда белгиленген "зыяндуу" көз карашты балдарга таңуулай турган ата-энелерди же камкорчуларды жоопкерчиликке тартууга укуктук негиз берет. Айрым талдоочулардын баамында, мыйзам азчылыктар жашаган райондорду жок кылып, анын ордуна "өз ара аралашкан жамааттардын" пайда болушуна шарт түзөт.

2000-жылдардын аягында Кытай өкмөтү этностук азчылыктарды "кытайлаштыруу" деп атаган багытты сүрөй баштаган. Бул саясатка ылайык, этностук топторду саны жагынан үстөмдүк кылган хан кытайлардын маданиятына ассимиляциялоо жолу менен бирдиктүү улуттук иденттүүлүк түзүлө баштады.

Хан кытайлары өлкөнүн 1,4 миллиард калкынын 90 пайыздан ашыгын түзөт.

Бээжин көптөн бери Тибет, Шинжаң жана Ички Монголия (Кытайдын түндүгүндөгү автономдуу район) сыяктуу аймактардагы этностук азчылыктардын укуктарын басмырлоодо деп айыпталып келет.

Сынчылардын айтымында, ассимиляция бул жерлерде адатта адамдарга таңууланууда – бул мамлекеттик саясат, ал Кытайдын лидери Си Цзинпин бийликке келгенден бери тездеди. Си Цзинпин өзгөчө этностук азчылыктар жашаган аймактарда каршы чыккандарга жана нааразылык акцияларына карата мурдагыдан да катаал позицияны карманууда.

Тибетте бийлик монахтарды камап, Далай-ламага сыйынууга жол бербөө үчүн монастырларды көзөмөлгө алды.

Би-Би-Си өткөн июлда тибеттиктердин каршылык көрсөтүү чордонуна айланган монастырга барганда кечилдер жашоолору коркутуп-үркүтүү менен өтүп жатканын айтышкан.

"Биздин, тибеттиктердин, негизги адам укуктарын тебелеп жатышат. Кытай өкмөтү бизди эзип, куугунтугун улантууда. Бул элге кызмат кылган өкмөт эмес", - деген эле кечилдердин бири.

Сүрөттө: Би-Би-Си ондогон жылдар бою тибеттиктердин каршылык көрсөтүү борборуна айланган монастырда болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Би-Би-Си ондогон жылдар бою тибеттиктердин каршылык көрсөтүү борборуна айланган монастырда болду.

Шинжаңда укук коргоо уюмдары бир миллион уйгур мусулманы "кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып отурганын аныкташкан. Ал эми БУУ Бээжинди адам укуктарын одоно бузуп жатат деп айыптап келет.

Би-Би-Си 2021-2022-жылдары даярдаган репортаждарда мындай лагерлер бар экенин, ошондой эле сексуалдык зомбулук жана мажбурлап стерилдөө учурларын тастыктаган далилдерди тапкан. Бул айыптоолорду Бээжин четке кагууда.

2020-жылы Кытайдын түндүгүндөгү этностук монголдор монгол тилинде окутууну кыскартуу чараларына каршы митингдерди өткөрүшкөн.

Ата-энелер алтургай бул саясатка каршылык көрсөтүп, балдарын мектепке жибербей калышкан, себеби айрым этностук монголдор бул кадамды өздөрүнүн маданий өзгөчөлүгүнө коркунуч катары баалашкан. Бийлик мындай каршылык көрсөтүүлөрдү токтотуу үчүн тез аранын ичинде чара көргөн.

Коммунисттик партия ар кандай этностук топторду колдой турганын билдирип келет. Өлкөнүн Конституциясында "ар бир этностук топ өз тилин колдонууга жана өнүктүрүүгө укуктуу", "өз алдынча башкарууга укуктуу" деп жазылган.

Анткен менен сынчылар жаңы мыйзам Си Цзинпиндин ассимиляцияга умтулуусун күчөтөт дешет.

"Мыйзамда Си Цзинпин башкарган Кытайда хан кытайы болбогон элдер саны жагынан басымдуулук кылган хан эли менен интеграциялануусу үчүн көбүрөөк күч-аракет жумшап, биринчи кезекте Бээжинге лоялдуу болушу керектиги буга чейинкисинен дагы айкыныраак белгилеп жатат", - деди Корнелл университетинин мамлекеттик башкаруу кафедрасынын доценти Аллен Карлсон.

Сингапурдун Улуттук университетинин профессору Иан Чонг Би-Би-Сиге берген маегинде өнүгүүгө жана өсүшкө мындай басым жасоону "көрсөтмөлүү аракет" катары баалады.

"Бул туюндурманы "азчылыктардын тилдери жана маданияттары артта калып, жылышка тоскоол болуп жатат" деп чечмелесе болот".

Си Цзинпиндин азчылыктарга мамилеси "анын түндүктөгү хан кытайлары өзөгүн түзө турган улуу жана күчтүү кытай элин түзүү идеясына шайкеш келет... Азчылыктар ошол өзөктүн бутагы катары каралат, демек кандайдыр бир мааниде туунду болуп саналат", - деп кошумчалайт ал.

"Иш жүзүндө бул азчылыктардын маданиятын жана тилдерин көзөмөлдөө, бузуу жана ал тургай басуу андан ары да күчөйт деген коркунучту пайда кылды". (ZMa)