Орусияда малды жапырт жок кылуунун себеби эмнеде?

Сүрөттүн булагы, Instagram/dariamironenko
- Author, Кабарчылардын бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Новосибирск облусунда фермерлер менен бийликтин ортосундагы курч тиреш бир нече аптадан бери уланууда. Тирешке малдын жапырт түрдө жок кылынышы себеп болду. Аймактагы фермерлер малды өлтүрүүнү токтотуу өтүнүчү менен бери дегенде алты кайрылуу жасашты, алардын жарымы тикелей президент Владимир Путинге даректелген.
Бийлик малды жок кылууга пастереллёз жана кутурма ылаңдары себеп болуп жатканын айтканы менен, тийиштүү расмий документтерди көрсөтпөй жатышат. Фермерлердин ырасташынча, айрым учурларда малды анализ албастан, ээлери үйдө болбогон маалда жок кылып кетишүүдө. Ошол себептен бийлик бул ылаңдарга каршы күрөшкө жамынып, андан да олуттуу коркунучту жашырып жаткан болушу мүмкүн деген шектенүүлөр күчөп баратат.

Сүрөттүн булагы, Kirill Kukhmar/TASS
Новосибирск облусунун Ордын районундагы карантин киргизилген бир нече айылдын, анын ичинде Козиха жана Новопичугово айылдарынын тургундары Владимир Путинге жана Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге малды сактап калуу өтүнүчү менен кайрылууларды жолдошту.
Ал тургай 18-мартта Козиханын тургундары калктуу конуштун аталышын Владимир Владимирович Путиндин айылы деп өзгөртүү планы бар экенин жарыялашты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул "өз өлкөсүн жана жерин сүйгөн" адамдардын ишараты. Мунун алдында элеттиктер фронттогу жоокерлерге азык-түлүк жөнөтүп, аларды колдоп жатканын айтып, видео таратышкан. Балким, айыл тургундары мындай аракеттер менен бийликтин назарын бурдуруп, аларга ниети түз болгонун көрсөтүүгө умтулуп жаткандыр.
Адамдардын нааразычылыгы видео кайрылуулар менен гана чектелип калган жок. Ордын районунда фермерлер малды алып кетүүгө жол бербөөгө аракет кылып, жолдорду тосушту. Бул үчүн алар милицияга чакырылып, уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн протоколдор түзүлдү.
11-мартта Козихада жана кошуна Новопичуговдо нааразылык акциялары учурунда үч адам – Козиха айылдык кеңешинин депутаты Лариса Вьюнникова, фармацевт Максим Виль жана фермер Андрей Гавриленко кармалган.
Жергиликтүү блогерлердин айтымында, 9-мартта мал көмүлгөн жерди казууга келген техникаларды өткөрбөй, жол тоскондугу үчүн Козихада жашаган алты фермерге айып салынган. Козиханын тургуну Дарья Мироненко айылындагы кырдаалды Инстаграмдагы баракчасында жигердүү чагылдырып жатат. Дарья бул үчүн ага айып салынганын, бирок айыпты төлөө үчүн акчаны элеттиктер чогултуп беришкенин айтты.
Дарьянын айтымында, анын ата-энеси 30 жылдан бери айылда мал кармайт.
"Малын өрттөп, жок кылышкандан кийин алар эртең менен ойгонуп, короого чыкканда эч нерсеси калбаганын көрүшөт. Адам жашагысы деле келбей калат да. Айылдагылардын баары ыйлап жатышат. Адамдар абдан ыза болууда, алар малга балдарындай эле мамиле жасап, багып келишкен да", - дейт Дарья.
Бирок Мироненконун айтымында, Козихада мал азырынча тирүү болгону менен, айылга жакын жерде малды жок кылчу жайды куруп коюшту, ал эми башка айылдарда малды жок кыла башташты, кээде малдын ээси бул тууралуу кеч билип калууда.
14-мартта облустун Купинск районундагы Новоключи айылынын тургуну Светлана Панина губернатор Андрей Травниковдун кабылдамасында пикет өткөрдү. Анын плакатында бийлик 40 уйду, 150 койду, жети эчкини, үч төөнү жана эки чочкону жок кылганы жазылып турат. Панина кошунасынын үйүндө отурганда ветеринарлар жана полиция келип, ага айтпастан болгон малын өрттөп кеткен.

Сүрөттүн булагы, https://t.me/disclosed_blog
16-мартта Новосибирск облусунун айыл чарба министри Андрей Шинделов Панинаны кабыл алуудан баш тартып, министрликтин коридорлорунан качып баратканы тартылган видео чыкты.
Ушундай эле окуя Карасук районундагы Чернокурье айылынын тургуну Константин Полежаев менен да болду. Анын 169 бодо малын, 18 коюн жок кылышкан. Константин үйдө болбогонун, ага эч ким чалып эскертпегенин, анализдердин жыйынтыктарын көрбөгөнүн, расмий корутунду колуна тийбегенин айтты.
"Такие дела" басылмасынын кабарлашынча, Новосибирск облусундагы айрым айылдардын тургундары уйларын союп, этин өздөрү жеп алуу үчүн муздаткычка сактай башташты. Малды сатууга же башка жакка ташууга 300 миң рубль айып каралган.
Бийликтин жүйөсү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Новосибирск облусунун бийлиги катаал чараларды пастереллёз жана кутурма ылаңы менен түшүндүрүп, бирок так диагноз жазылган документтерди коомчулукка көрсөтпөй жатышат. Алар "кызматтык пайдалануу үчүн" деп белгиленген №167 аймактык өкмөттүн тескемесине шилтеме жасоодо, бирок Би-Би-Си ачык булактардан бул документти таба алган жок.
Кутурма чындап эле "өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын" тизмесине киргизилген, бирок пастереллёз чыкканда адатта малды жапырт түрдө жок кылуу сыяктуу катаал чаралар көрүлбөйт.
Марттын башында Новосибирск облусунун Айыл чарба министрлиги облустагы беш райондо кутурма жана пастереллёз кеңири жайылып жаткандыктан фермерлердин малы жок кылына баштай турганын билдирген. Аткаминерлер бул кышта кар өтө көп жаагандыктан жапайы жаныбарлар азык издеп айылдарды аралап, эмделбеген малга ылаңды жугузганын айтышууда.
Кийинчерээк облустук ветеринардык кызматтын жетекчиси Юрий Шмидт жоопкерчиликти малчыларга жүктөдү. Ал жеке чарбаларда "өтө одоно кемчиликтер бар экенин", малдын бир бөлүгү эмделбей калганын айтты.
Ошол эле маалда 10-мартта эле Тергөө комитети пастереллёз ылаңына байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам шалаакылык беренеси боюнча Новосибирсктин Айыл чарба министрлигинде текшерүү жүргүзө баштаган. Ал эми 16-мартта аймакта өзгөчө кырдаал режими бир ай мурда эле киргизилгени белгилүү болду. Буга чейин аймактык сайттарда өзгөчө кырдаалдар тууралуу эч кандай маалымат чыккан эмес.
Тургундар бийлик малды жок кылуу тууралуу расмий документтерди көрсөтпөгөнүн, анализдердин жыйынтыгы менен тааныштырбаганын, айрым учурларда лабораториядан ырастама келбесе да малды жок кылып жатышканын айтышууда. Көптөгөн фермерлер малда ылаңдын белгилери байкалбаганын, ал эми бийлик сунуштап жаткан компенсация келтирилген зыяндын ордун толтурбай турганын билдиришти.

Сүрөттүн булагы, Instagram/dariamironenko__
Медиа каражаттарында болуп жаткан окуялардын башка версиялары чыга баштады. Алардын бири: сөз чындыгында пастереллёз жөнүндө эмес, кооптуу жана өтө жугуштуу вирустук шарп ылаңы жөнүндө болуп жатат. Мындай учурда мал жапырт түрдө жок кылынат. "Коммерсант" гезити агрардык рыноктогу булактарга таянып жазгандай, мындай имиш кептер ишкерлерди өзгөчө тынчсыздандырууда, себеби шарп ылаңынын күчөшү эт жана сүт азыктарын экспорттоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ютубдагы "Сибирь элдик телевидениеси" каналынын журналисти Иван Фролов маалымат такыр болбогонун, шарп эпидемиясы башталышы ыктымал экенин айткан эле. Бул видео чыккандан көп өтпөй ал Новосибирскиде "билип туруп жалган маалымат таратты" деген айып менен камакка алынды, ал эми бул видео каналдан өчүрүлдү. Облустун бийлиги шарп ылаңы тууралуу имиш кептерди расмий түрдө четке кагууда.
Бул ылаң тууралуу 16-мартта журналист Ксения Собчак да айткан, анын "Осторожно. Новости" басылмасы өз булагына таянып, Свердлов облусунун губернатору Денис Паслер сүт азыктарын өндүрүүчүлөр жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда малды жок кылууга шарп ылаңы себеп болуп жатканын билдирген. Губернатордун айтымында, бул оору Орусияга немис компаниясы чыгарган тоют менен кирген.
Болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтын тартыштыгынан улам интернетте "Мираторг" сыяктуу ири агроишканалардын кызыкчылыгы үчүн майда чарбаларда багылган мал жок кылынып жатат деген ушак кептер кеңири жайыла баштады.
Кошуна өлкөлөр кабатыр
Новосибирск облусу коомдук чыр-чатактын чордонуна айланганы менен, малды жок кылуу Сибирь жана Поволжье аймактарында өткөн күз-кыш мезгилдеринде эле башталган.
Өткөн жылдын аягынан бери өлкөнүн бери дегенде он аймагында пастереллёз ылаңы катталган. Айрым учурларда миңдеген мал, анын ичинде төө сыяктуу экзотикалык жаныбарлар да жок кылынган. Бул билдирүүлөрдүн бардыгын текшерүү мүмкүн эмес, бирок сөз жалпысынан дээрлик 90 миң мал – 80 миңге жакын чочко жана 10 миң уй жөнүндө болууда. Росстаттын маалыматы боюнча, 2025-жылдын декабрынын аягында Орусияда 7 миллионго жакын уй жана 28 миллион чочко бар болчу.
Бийлик бул темада үн катпаса да, кырдаалдан улам Орусиянын жакынкы коңшуларынын айрымдары бул өлкөдөн малды импорттоону убактылуу токтотуп жатышат.
17-мартта Беларус эпизоотиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу Орусиянын 14 аймагынан жана Түндүк Кавказ федералдык округунан малды ташууга тыюу салды.
Казакстан кышында эле Орусиянын бир катар аймактарынан, анын ичинде Новосибирск облусунан малды алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Февралда Кабардин-Балкариядан келген бодо малдан шарп ылаңынын белгилери табылганы кабарланган. (ZMa)




























