WFP: Кыргызстанда ар бир төртүнчү адам жакырчылыкта жашайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда калктын 26% жакырчылыкта жашайт, ал эми Баткен облусунда бул көрсөткүч 40%дан жогору. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) 2026-жылдын март айына карата жаңы отчетунда айтылат. Документте өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын кооптуу жактары белгиленген.
Уюмдун отчетуна ылайык, өлкөдө элдин 41% сапаттуу тамак-ашка каражат жеткире албайт. Үй-бүлөлөрдүн 75% акча тартыштыгынан карыз алып же ден-соолугуна жумшалуучу чыгымдарды кыскартууга мажбур болушат. Ошондой эле 5 жаштан 9 жашка чейинки балдардын 30 пайызында темирдин жетишсиздиги байкалса, 5 жашка чейинкилердин 21 пайызы анемиядан жабыркайт.
Экономикалык өсүштүн темпи жогору болгонуна карабастан, азык-түлүк коопсуздугу төмөнкү себептерден улам туруксуз бойдон калууда:
- Мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылык;
- Айыл чарбасындагы өзүн-өзү камсыздоонун төмөндүгү;
- Азык-түлүк жана күйүүчү майга болгон баалардын өсүшү;
- Климаттык тобокелдиктер.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынын 93 пайызын тоолор ээлегендиктен, өлкө табигый кырсыктарга, өзгөчө сел коркунучуна абдан жакын экени отчетто баса белгиленген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин январь айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 25 пайыздын тегереги экенин белгилеген.
"Жакырчылык көрсөткүчтөрү COVID убагында жогорулап, 30 пайызга чейин жеткен. Жакырчылык өлчөмү боюнча, статистикалык органдар жылына киши башына кирешеси 65 417 сомдон аз болсо, кедей деп эсептешет. Ошол эсеп былтыркы жылдын орто айларында 25,7 пайызды түзгөн. Стаститика боюнча жакырчылык өтө тез арада өсөт экен. Анан кандай гана аракет көрбөйлү, жылына 2 пайызга төмөндөйт экен. Азыркы учурда 25 пайыздын тегереги. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдардын арасында жакырчылыктын деңгээли 33 пайыз. Бизде көп балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашап келет деген, албетте, биз үчүн жаман көрсөткүч. Алдыдагы жылдарга карата өлкө тарабынан жалпы жакырчылык деңгээлин 20 пайызга төмөндөтөбүз деп, жакында кабыл алынган 5 жылдык планга киргизилди. Биздин оюбузча беш жылда 20 пайыз гана эмес, 15 пайызга чейин төмөңдөтөбүз деген оюбуз бар", - деген Эдил Байсалов.
Байсалов 30-январда Жогорку Кеңештин "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 300 миңден ашканын, 18 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 800 миңдин тегерегин түзөрүн айткан. Анын айтымында, өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 4 миллиондой киши же калктын 57 пайызы айыл жергесинде жашайт.




























