АКШ Иран менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштадыбы? Трамптын билдирүүсү жана Тегерандын жообу

Трамп выступает перед журналистами, 20 марта 2026 года

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-синин орус кызматы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү билдиргендей, АКШ менен Иран өткөн жуманын аягынан бери аскердик аракеттерди токтотуу боюнча "абдан жакшы жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү" жүргүзүп жатышат, ошондуктан ал ирандын электр станцияларына соккуларды токтото турууга буйрук берди. Иран ТИМ жана парламент спикери аркылуу америкалыктар менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатканын расмий жарыялады. Ошол эле учурда Ирандын тышкы саясий мекемесинин анонимдүү өкүлү CBS каналына "АКШнын сунуштарын" алганын ырастады.

"Бир жума бою улана турган бул терең, кенен жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн мүнөзүнө жана маанайына таянып, мен Коргоо министрлигине Ирандын электр станцияларына жана энергетикалык инфраструктурасына жасала турган ар кандай аскердик соккуларды беш күнгө жылдырууну тапшырдым", — деп жазды Трамп, сүйлөшүүлөр так ким менен жүрүп жатканын тактабастан.

Кийинчерээк дүйшөмбүдө Трамп Мемфисте сүйлөп жатып, Иран тынчтык үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк алып жатканын айтты. "Биз ал муну пайдаланат деп үмүттөнөбүз. Бирок кандай болгон күндө да Америка жана бүткүл дүйнө алда канча коопсуз болот", — деп кошумчалады АКШ президенти.

Жекшемби күнү ал Иран эгер Ормуз кысыгын ачпаса, ирандык электр станцияларына сокку уруу менен коркуткан. Буга жооп катары Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу талкаланган электр станциялары калыбына келтирилмейинче кысыкты толугу менен жаап салуу менен коркутту.

Трамп АКШ тараптан ким Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ачык айткан жок, бирок бир нече америкалык басылмалар өз булактарына жана бир учурда Трамптын өзү менен болгон телефондук сүйлөшүүгө таянып, бул президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана анын күйөө баласы Джаред Кушнер экенин билдиришти.

Иран парламентинин спикери жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Мохаммад-Багер Галибаф X социалдык тармагы аркылуу АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөр жок экенин жана Трамп мунай баасы менен манипуляция кылууга аракет кылып, "фейк жаңылыктарды" чыгарып жатканын билдирди.

Буга чейин ушундай эле мазмундагы билдирүү менен Ирандын ТИМи чыккан.

Ошол эле учурда кийинчерээк Иран ТИМинин жогорку даражалуу өкүлү CBS News каналына берген эксклюзивдүү комментарийинде Тегеран "ортомчулар аркылуу АКШдан сунуштарды алганын жана учурда аларды изилдеп жатканын" билдирди. CBS News түшүндүргөндөй, Вашингтондон алынган билдирүү "эки касташкан өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жарчысы болуп калышы мүмкүн".

Axios басылмасы анонимдүү булактарга таянып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана анда Түркия, Египет жана Пакистан ортомчу болуп жатканын кабарлады.

дым после предположительного удара поднимается над Тегераном, 23 марта 2026 года

Сүрөттүн булагы, Tolga Akbaba/Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 26-марттагы чабуулдардан кийин Тегеранда түтүн асманга көтөрүлүүдө.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Axios маалыматы боюнча, акыркы эки күндүн ичинде бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Ирандын ТИМ башчысы Аббас Арагчи менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кийинчерээк, Флоридадан Мемфиске учаар алдында журналисттер менен болгон маегинде Дональд Трамп АКШ Ирандагы «негизги адам» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, бирок ал жогорку лидер Моджтаба Хаменеи эмес экенин айтты.

Ал ошондой эле "Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрдү" атап, алар "талкууларда маанилүү орунду ээлейт" деди.

"Эгер баары жакшы болсо, биз жыйынтыгында бул маселени жөнгө салабыз. Болбосо, биз жөн гана бардык күчүбүз менен бомбалоону улантабыз", — деп кошумчалады ал.

Мемфисте Трамп сүйлөшүүлөрдүн аркасында "келишимге" жакшы мүмкүнчүлүк пайда болгонун, бирок азырынча эч нерсеге ишенүүгө болбой турганын айтты.

"Биз эртең алардын кээ бир электр станцияларын талкалаганы жатканбыз [...] Үмүт кылам, бизге муну кылууга туура келбейт", — деди Трамп.

"Мен баары келишим менен бүтөрүнө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм, — деп улантты ал. — Биз буга беш күн беребиз, анан бул бизди эмнеге алып барарын көрөбүз. Бул мезгилдин аягында баары бардыгы үчүн абдан жакшы келишим менен бүтүшү толук мүмкүн. Биз аягына чейин барып, ал жерди [Иранды] түз маанисинде жок кылгандагыдай эле жакшы болот, бирок эгер бизге муну кылууга туура келбесе, бул да жаман эмес, жакшы болот".

«Эч кандай ядролук курал болбойт»

Мемфиске бараткан жолдо, учакта Трамп журналисттерге Иран ядролук куралга ээ болуу аракеттеринен баш тартууга даяр экенин айтты.

"Алар келишим түзүүнү абдан каалап жатышат. Бул жакшы келишим болот жана мындан ары эч кандай согуш, эч кандай ядролук курал болбойт, — деди Трамп. — Аларда мындан ары ядролук курал болбойт, алар буга макул болуп жатышат. Ал эми кандайдыр бир ушундай нерсе [байкалса], анда эч кандай келишим болбойт".

"Трамп каршы тарап макул болбосо дагы, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп ачык жарыялоо менен оппоненттерин сүйлөшүүгө түртүүчү манерасы менен белгилүү, — деп комментарий берди Би-би-синин Вашингтондогу кабарчысы Дэниэл Буш. — Иран болсо, атүгүл көшөгө артында жүрүп жатса да, Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын эл алдында четке кагуу манерасы менен белгилүү".

"Азырынча Трамп Иранга кандайдыр бир макулдашууга жетишүү үчүн беш күндүк убакыт берди, ошондуктан теориялык жактан убакыт кетти, — деп улантат Би-би-си кабарчысы. — Албетте, Трамп буга чейин ар кандай сүйлөшүүлөрдө көп жолу акыркы мөөнөттөрдү белгилеп, анан аларды өткөрүп жиберген же жаңыларын жарыялаган".

Трамптын билдирүүсү мунайдын баасынын кескин төмөндөшүнө алып келди. Алсак, Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине 108 доллардан болжол менен 94 долларга чейин арзандады. Андан кийин баа 97 доллар тегерегине көтөрүлдү — бирок АКШ президентинин билдирүүсүнө чейинки деңгээлге жеткен жок.

Соккулар уланууда

Израиль менен АКШ бул арада Ирандагы буталарга сокку урууну улантышты, ал эми Иран дүйшөмбү күнү коңшу өлкөлөргө соккулар менен жооп берүү аракеттерин улантты.

Алсак, Израилдин Коргоо күчтөрү жаңы соккулар учурунда Тегерандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун штабдарынын бирине сокку урганын билдирди. Ири аскер кызматкерлери бул штабдан ИРСК бөлүктөрүнүн, ошондой эле "басиж" аскерлештирилген түзүмдөрүнүн аракеттери координацияланганын айтышууда.

Израилдин Коргоо күчтөрү абадан чалгындоо жана башка каражаттарды жүргүзүп, жогорку тактыктагы ок-дарыларды колдонуу менен жайкын тургундар үчүн кесепеттерди минималдаштырууга аракет кылганын баса белгиледи.

Би-би-си дүйшөмбү күнү социалдык тармактарда пайда болгон Инди океанынын жээгиндеги Ирандын Сирджан деңиз базасындагы кубаттуу жарылуунун видеосун, ошондой эле аскердик продукция чыгарууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциялык тизмесине кирген Ирандын "Сайран" электроника компаниясынын талкаланган жана өрттөлгөн имаратынын видеосун верификациялады (аныктыгын тастыктады).

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу дүйшөмбү күнү Израилге жана Кувейт, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарындагы үч америкалык базага дрондор менен сокку урганын жарыялады.

Беш өлкөнүн бири да Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүн тастыктаган жок, бирок дүйшөмбү күнү Иранга коңшу өлкөлөрдө абадан сокку уруу сиреналары берилди.