"Мени колдогон адамдарга ыраазымын". Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

Чүйдөгү №2 аялдар түрмөсүндө кармалып турган журналист Махабат Тажибек кызы абактан чыкты. Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча алдын ала угуу болду. Сот Махабат Тажибек кызын эч жакка чыкпоо тилкаты менен абактан бошотту.
Махабат абактан чыкты. Кыйынчылык башынан өтсө да сыр бербейт. Кадимкисиндей каткыра күлүп, иниси, кесиптештери менен кучакташып көрүштү. Сагынышып калгандай.
Кандайсың, жакшысыңбы?!
Журналист биринчи анын чыгышына көмөк көрсөткөндөргө, колдогондорго ыраазычылык билдирди:
"Бириккен Улуттар Уюмуна чексиз ыраазычылык билдиргим келет. Эки жыл бою жалгызсыратпай, мага Англиядан, Канададан Франциядан, Эстониядан кат жөнөткөндөргө ыраазычылык билдирем. Ошолордун колдоосу менен, кудайдын ырайымы менен бошодум деп ойлойм".
Махабат мындан аркы пландары менен бөлүшүп, алгач атасынын бейитине барып куран окуй турганын айтты. Командасы менен жети жыл Кыргызстанда иликтөө жүргүзүп келишкенин, келечекте ишмердигин улантуу ниети бар экенин билдирди:
"Алдыга кадам таштайбыз. Балким, эл аралык иликтөөлөргө баш багабыз. Бүгүн үйгө барып жуунам. Бул жакта жууна турган жер жок экен деп ойлобогула. Эс алам. Уулум, апам, бир туугандарым менен жолушам. Албетте, командам менен кезигем. Баарынан ушул командамды аябай сагындым. Булар мени колдоп келишти. Ыраазчылык айтам".
Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызынын ишин кайра караган. Алдын ала угуу жабык өткөн. Сот журналистти эч жакка чыкпоо тилкаты менен абактан бошоткон.
Ишти судья Темирбек Маматов караган.
Махабат Тажибек кызынын адвокаттарынын бири Акынбек Ногоевдин билдиришинче, сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу да бөгөт чарасын карап, "камактан башка түрдү тандоого каршы эмесмин" деген кортунду берген.
Түпкүлүгүндө адвокаттар кылмыш иши кыскарып, Махабат толук акталат деп үмүттөнүп жатышкан.
"Биз чечимге канааттанган жокпуз. Себеби биздин жалпы ишти кыскартуу жөнүндө өтүнүчүбүз канааттандырылган жок. Демек, эл аралык уюмдардын талаптары аткарылган жок", - деди Акынбек Ногоев.
Бул арада Махабат Тажибек кызынын жолдошу, чет өлкөгө мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров сот чечими тууралуу пикирин билдирди.
"Махабаттын бөгөт коюу чарасы өлкөдөн чыкпоо тил каты менен өзгөртүлдү… Жакшы жаңылык! Бул эл аралык басымдын аркасында мүмкүн болду. Бирок алдыда аны жана башкаларды да толугу менен актоо үчүн күрөш турат!!!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Сүрөттүн булагы, Courtesy
Махабат Тажибек кызынын иши
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жогорку сот 10-мартта "Айт Айт Десе", Temirov LIVE долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки бардык өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн. Буга чейин айыпталуучунун жактоочулары ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо өтүнүчү менен Кыргызстандын Жогорку сотуна кайрылышкан.
Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Махабат Тажибек кызынын ишин карап, чечим чыгардган болчу:
"Тажибек кызы Махабат тууралуу кылмыш ишин анын жактоочусу Аргымбаеванын жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра баштоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылсын. Тажыбек кызы Махабат тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы жана Бишкек шаардык сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар иштери боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 18-декабрындагы өкүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш-жаза иштери боюнча коллегиясынын 2025-жылдын 25-февралындагы токтому жокко чыгарылсын. Тажибек кызы Махабат тууралуу кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна башка курамда жаңыдан кароо үчүн жиберилсин. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт", - деп чечимди окуду судья.
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Махабатты жеке тааныбай турганын, бирок анын ишине тыкыр көз салып келгенин белгилеп, ишти кайра кароого жөнөтүү адам укуктарынын нормаларын сактоого жасалган кадам болгонун айткан:
"Менимче, Жогорку Соттун бүгүнкү чечими Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл алардык стандарттарды коргоого жана аткарууга карай алгачкы кадамы деп ойлойм. Мындан ары ушул кадамдан жазбай, Махабаттын иши биринчи инстанцияга баргандан кийин да процессуалдык кепилдиктер менен каралып чыкса, Махабат боштондукта болот. Эми Махабат кайра тергөө абагына кайтарылат, ал жерден адвокаттар бөгөт чарасын өзгөрткөнгө аракет жасашат. Мен Махабатты жеке тааныбайм, бирок аныкы адам укуктары эң көп бузулган иш деп эсептесем".
Махабат Тажибек кызынын адвокаттары 2025-жылдын ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу чыгарган корутундуга таянып, Жогорку Сотко өтүнүч менен кайрылган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ноябрында БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу журналист Махабат Тажибек кызынын ишине байланыштуу корутундусун чыгарган.
Жумушчу топ ага коюлуп жаткан айыптарды негизсиз деп таап, бул окуя Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жети беренесин, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын алты беренесин бузганын аныктаган.
Кыргызстанды Тажибек кызын бошотууга, ага компенсация төлөөгө жана укуктарын калыбына келтирүү үчүн башка чараларды көрүүгө чакырган.
Ошондой эле аны негизсиз камоо кандай шартта болгону боюнча толук жана көз карандысыз териштирүү жүргүзүп, укуктарын бузган адамдарга карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.
Мындан сырткары, жумушчу топ Кыргызстанды көз карандысыз медианы куугунтуктоону дароо токтотууга жана Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесин эл аралык адам укуктарынын нормаларына шайкеш келтирүү боюнча шашылыш мыйзамдык реформаларды жүргүзүүгө чакырган.
Ушул корутунду жаңы ачылган жагдай катары көрсөтүлүп, ишти кайра кароо өтүнүчү Жогорку сотко берилген.
Бүгүн сот отурумунда адвокаттар БУУнун Өзүм билемдик менен кармоо боюнча жумушчу тобу 34 жыл ичинде ушундай өтүнүчтү буга чейин эки жолу гана, биринчисинде, Түркияга, экинчисинде Түштүк Кореяга жолдогонун, экөөндө тең сунуш эске алынганын белгилешти.
Махабат Тажибек кызы ким жана качан камалган?
Махабат Тажибек кызы 2024-жылдын 16-январында кармалган. Ошол күнү Ички иштер министрлиги Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир журналистти кармап кеткен.
Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары айыпталган.
2024-жылдын 10-октябрында Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live жана "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, долбоордун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Кийин Жогорку сот да аны колдогон.
Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго пробациялык жаза берилген. Долбоордун дагы бир катар кызматкерлери толугу менен акталган.
35 жаштагы Махабат Тажибек кызы кесиби боюнча юрист. Ал 2008-жылдан бери журналист болуп иштеп, Factcheck.kg, Politmer.kg жана Ediviso платформаларында эмгектенген.
2022-жылы күйөөсү Болот Темиров кармалып, андан кийин Кыргызстандан депортациялангандан соң, Махабат Тажибек кызы Temirov Live медиасынын жетекчилигин колуна алган.
Анда коррупция, мамлекеттик башкаруу, бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги жана коомдук маанидеги башка темалар көтөрүлүп келген.
27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт Айт Десе" медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.
Мындан тышкары бул долбоорлорду түптөгөн журналисттер Болот Темировдун жана Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылган.
Сот чечиминде аты аталган долбоорлордо манипуляциялык мүнөздөгү, бийлик органдарына болгон ишенимди солгундаткан, коомдук коопсуздукту бузууга жана жарандарды нааразылык акцияларына катышууга түрткөн материалдар жарыяланып турганы айтылган.
Бул чечим журналисттик коомчулукта жана эл аралык укук коргоо уюмдарында тынчсызданууну жараткан.
Бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана ал сакталарын байма-бай айтып келет.
Мурдараак Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирген. Аскат Алагөзов укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айткан.




























