Жапаров Ирандагы кыргыз дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Тегеран шаары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеран шаары
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы дүйшөмбүнүн кечинде билдирди.

Расмий билдирүүгө ылайык, Тышкы иштер министрлиги Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берди.

"Өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине Иран Ислам Республикасындагы кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталат", - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Бирок расмий маалыматта Ирандагы кыргыз дипломаттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун сактоо боюнча конкреттүү кандай чаралар көрүлө турганы так айтылган жок.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ирандагы элчилигинде Кыргызстандын кеминде беш жараны эмгектенет. Элчи Акылбек Кылычев Иран президенти Масуд Пезешкианга согуш башталарына төрт күн калганда ишеним грамотасын тапшырган болчу.

Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычев менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, 24-февраль 2026-жыл.

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычев менен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, 24-февраль 2026-жыл.

АКШ-Израилдин Иран менен согушу тутангандан бери кыргыз өкмөтү атайын рейстерди уюштуруп, Перс булуңундагы бир катар өлкөлөлөрдө жашаган жүздөгөн кыргызстандыктарды мекенине кайтарган. Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдиргендей, учурда Иранда 100гө жакын, Израилде 97 кыргыз жараны бар.

Өткөн аптада Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланган.

Жыйында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандагы стратегиялык объекттердин тизмеси боюнча сунуштарды беришкен.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШ менен Израилдин Иран менен согушу башталганына 24 күн болду. Адеп 28-февралда Кошмо Штаттар менен Израил Ирандын бир катар аймактарына сокку урган. Баштапкы чабуулдарда Иранды узак жылдан бери башкарып келе жаткан Аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөн. Буга жооп катары Иран Перс булуңундагы Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы сыяктуу бир катар өлкөлөрдөгү АКШнын базаларына сокку урган. Натыйжада бул өлкөлөрдө каттамдар үзгүлтүккө учурап, бир катар мамлекеттер атайын рейстер менен өз жарандарын бул аймактан чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.

Мындан тышкары Ирандын Ормуз кысыгын бөгөттөшү мунай ташыган кемелердин кыймылын чектеп, бир катар өлкөлөрдө күйүүчү майдын кымбатташына негиз берди.

АКШ да, Израил да согуш Ирандын ядролук бомба жасоо мүмкүнчүлүгүн жок кылууну максат кыларын белгилеп келишет. Ирандын бийлиги бул чабуулдар Тегеран өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда болгонун айтып, азырынча согушту токтотуу боюнча диалогго баруудан баш тартып жатат.