Камчыбек Ташиев өзү тууралуу туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди

Ташиев

Сүрөттүн булагы, region tv

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кечээ Ички иштер министрлигинде сурак берип чыккан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев өзү тууралуу туура эмес маалымат таратып жаткандар бар экенин айтты. Ал бул тууралуу 20-мартта, Бишкектеги Жал кичи районундагы мечитте айт намазын окугандан кийин билдирди.

"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, айт намазынын урматына кимдир бирөөнү ушул убактарга капа кылып койсом же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылып койсом, мен ар бир мусулман калкынан кечирим сураймын. Орозо маалында жалган жалаа таратып, ар түрдүү ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана тараткан ар бир адамды дагы Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн, айт намазынын урматы үчүн кечирдим. Мындан ары мындай жаман иштерге барышпасын, жаман сөздөрдү, туура эмес маалыматтарды таратышпасын", - деди Ташиев.

Ал өзүн кимдер каралап жатканын ачык айткан жок. Бул - Ташиевдин кызматтан алынгандан берки биринчи жолу элдин алдына чыгышы жана сүйлөшү.

Кызматтан алынгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев туура бир айдан соң,19-мартта Бишкекке кайтып келери менен ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында беш саат сурак берип чыкты. Ал сурак тууралуу маалымат бербөө боюнча тилкат жазып бергени айтылды. ИИМ Ташиев "Кыргызнефтегаз" боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралып жатканын билдирген.

Ташиев кызматтан алынгандан бери анын аты бир катар күмөндүү иштерде аталып жатат. Ал жетектеген УКМКнын кызматкерлери мыйзамсыз иштерге барганы, ишкерлерди мыйзамсыз камап, мүлкүн тартып алганы тууралуу маалыматтар чыккан. Анын алкагында атайын кызматтын мурдагы бир катар жетекчилерине иш козголуп, камалды.

ИИМ 17-мартта "Кыргызнефтегаздагы" схемалар тууралуу Салык кызматынын маалыматынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат. Ошондой эле буга Ташиевдердин фирмалары аралашканы айтылган. Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" алардын жээни Байгазы Матисаков жетектеп турганы белгиленет.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал күнү Германияда жүргөн Ташиев бул чечим ага күтүүсуз болгонун айткан. Жапаров болсо чечим кабыл аларда досуна телефон чалганын билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

13-февралда Кыргызстанга келген Ташиев кайра эле, 17-февралда чет өлкөгө чыгып кеткен.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин пикир келишпестиги 9-февралдагы "75чилердин катынан" кийин ачыкка чыкканы айтылып жүрөт. Анда бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, мурдагы өкмөт башчылары, жалпы 75 киши Садыр Жапаровго жана спикер Нурланбек Тургунбек уулуна кат жолдошуп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Бул катка кол койгондордун ичинен алты киши кармалып, кылмыш иши козголгон.

Садыр Жапаров 16-февралдагы маегинде Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып, ал мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирген.

"Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. "Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр" дедим. Досумдун айтымы боюнча, "ак сакалдар" дейбизби, "көк сакалдар" дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, "медвежья услуга" көрсөтүштү", - деген Садыр Жапаров.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

Ал кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Ташиев өзү кызматтан алынгандан бери анын тегерегиндеги окуялар тууралуу атайын комментарий бере элек.