АКШ жана Израилдин Иранга каршы согушу башталганына төрт жума болду

Тегеран

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеран
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга Ормуз кысыгын ачуу үчүн 48 саат убакыт берип, ирандык электр станцияларын "жок кылуу" менен коркутса, буга жооп катары Тегеран кысыкты кеме каттамы үчүн толугу менен жабарын айтып катуу эскертүүдө. Ошол эле учурда Иран тургундары мүмкүн болгон эскалация электр энергиясынын өчүрүлүшүнө жана суунун тартыштыгына алып келет деп кооптонушууда.

АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү кечинде, эгер Тегеран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса, ирандык электр станцияларын "жок кылууну" убада кылды.

"Эгерде Иран ушул учурдан баштап 48 сааттын ичинде коркутуулардан баш тартып, Ормуз кысыгын толугу менен ачпаса, АКШ сокку уруп, алардын эң чоңунан баштап ар кандай электр станцияларын жок кылат!" - деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына.

Трамп билдирүүнү 21-мартта Гринвич убактысы боюнча саат 23:44тө жарыялаган. Бул Ирандын кысыкты ачууга дүйшөмбү, 23-март күнү Гринвич боюнча 23:44кө чейин (Тегеранда 24-март саат 3:14) убактысы бар экенин билдирет.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана өлкөнүн аскердик жетекчилиги, эгер АКШ Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку урса, Ормуз кысыгын толугу менен жаап салышарын билдиришти.

"Эгер АКШнын Ирандын электр станцияларына карата коркутуулары ишке ашса... Ормуз кысыгы толугу менен жабылат жана биздин талкаланган электр станцияларыбыз калыбына келтирилмейинче ачылбайт", - деп айтылат Ирандын мамлекеттик телеканалын берилген билдирүүдө.

Ошондой эле анда Израилдин энергетикалык жана IT-инфраструктурасына, ошондой эле аймактагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөрдүн электр станцияларына сокку уруу коркунучтары камтылган. Иран бийлиги кысык "Ирандын душмандарына" тиешеси барлардан башка бардык кемелер үчүн дагы деле ачык экенин билдирүүдө.

Kpler аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып AFP кабарлагандай, акыркы үч жумада кысык аркылуу өтө аз сандагы кемелер өткөн - бул согушка чейинки көлөмдүн болжол менен 5 пайызын гана түзөт.

Жекшемби күнү Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШнын коркутуулары алардын айласыздыгынан кабар берерин айтты. "Иранды дүйнө картасынан чийип салуу кыялы - тарых жараткан улуттун эркине каршы багытталган айласыздыкты көрсөтөт. Коркутуулар жана террор биздин биримдигибизди гана бекемдейт. Ормуз кысыгы биздин жерге кол салгандардан башкалардын баары үчүн ачык", — деп жазды ал Х социалдык тармагында.

Ирандыктар блэкауттан жана суунун тартыштыгынан коркушат

Би-Би-Си сүйлөшө алган Ирандын тургундары америкалык президентти электр станцияларына чабуул жасоо коркунучу аркылуу "отко май чачып жатат" деп айыпташууда.

Тегерандык 40 жаштардагы аял Би-Би-Синин Перс кызматына, эгер АКШ сокку урса, "суу, электр энергиясы жана газ берүү токтойт" деп айтты. Тегерандын дагы бир тургуну (болжол менен 20 жашта) эскалация болгон учурда электр энергиясынын өчүшүнөн жана банк тутумунун кыйрашынан коркорун билдирди.

"Алар отту ушунчалык катуу тутантып жатышат, бардык „кызыл сызыктардан“ жана чектөөлөрдөн өтүп кетишти", — деп кошумчалады ал.

"Өткөн жылы 12 күндүк согуш учурунда бизде үч жума бою суу болгон эмес. Мен үчүн бул согуштан да жаман болчу", — дейт тегерандык дагы бир аял.

Интернет өчүрүлгөн шартта Ирандагы адамдар менен байланышуу дагы деле абдан кыйын, бирок айрымдары өкмөт киргизген чектөөлөрдү айланып өтүүнүн жолдорун таап жатышат деп белгилейт Би-Би-Синин кабарчысы Гончех Хабибиазад.

Ирандын Израилге соккулары

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дем алыш күндөрү Тегеран кайрадан ракеталык соккуларга дуушар болду, Иран дагы Израилге жана аймактагы башка өлкөлөргө чабуул жасады.

Израилдин тез жардам кызматтарынын маалыматы боюнча, Ирандын Израилдин түштүгүндөгү, өзөктүк объектке жакын жайгашкан Арад жана Димона шаарларына жасаган ракеталык соккуларынан 160тан ашык адам жабыркады. Алардын айрымдары оор жаракат алышкан.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Димонадан болжол менен 13 чакырым алыстыкта жайгашкан өзөктүк изилдөө борборунун жабыркаганы тууралуу маалымат жок экенин жана ал жерде "объекттин сыртында радиациянын деңгээли жогорулаганы байкалган жок" деп билдирди.

Ирандын мамлекеттик каналы бул соккулар ишемби күнү Натанздагы ирандык өзөктүк объектке жасалган чабуулга жооп болгонун билдирди.

Жекшемби күнү кечинде Израилдин Тез жардам кызматы Ирандын ишемби күнкү ракеталык соккусунан бир адам каза болгонун кабарлады. Каза болгон адам - чачырандыдан жаракат алган 60 жаштардагы киши.

Кызмат акыркы 24 сааттын ичинде медиктер 164 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөткөнүн кошумчалады. Согуш башталгандан бери тез жардам кызматы 1 576 адамга жардам берген. Үч жуманын ичинде ракеталык соккулардан 16 адам каза болду.

ЦАХАЛ Европаны коркунуч тууралуу эскертет

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) өткөн дем алыш күндөрү Иран бүткүл Европа үчүн коркунуч туудурарын билдирди.

ЦАХАЛ социалдык тармактардагы билдирүүсүндө Ирандын 4000 чакырым алыстыктагы буталарды атууга жөндөмдүү алыс аралыкка атуучу ракетасын учуруусу боюнча комментарий берди. Кеп, сыягы, Диего-Гарсия аралындагы АКШ менен Улуу Британиянын биргелешкен базасына карай атылган эки ракета жөнүндө болуп жатат. Алардын бири да бутага жеткен эмес.

"2025-жылдын июнь айындагы Rising Lion операциясынын жүрүшүндө ЦАХАЛ ирандык режим Европанын, Азиянын жана Африканын ондогон өлкөлөрүнө коркунуч туудурган 4000 километрге чейинки аралыкка атуучу ракеталарды иштеп чыгууну көздөп жатканын аныктаган. Иран режими муну четке каккан. Биз муну айтканбыз: ирандык террордук режим - глобалдык коркунуч. Эми - Лондонго, Парижге же Берлинге жете турган ракеталары менен", — деп айтылат билдирүүдө.

Би-Би-Синин журналисти Анна Ламче жазгандай, ирандык ракета Лондонго жетүү үчүн болжол менен 2700 миль (4300 кмден ашык) аралыкты басып өтүшү керек. Жекшемби күнү Британиянын турак жай министри Стив Рид ирандыктар Улуу Британияны бутага алып жатканы боюнча азырынча конкреттүү белгилер жок экенин билдирди.