"Кара короо" тасмасы. Өспүрүмдөргө криминалды пропагандалайбы?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
90-жылдардагы өспүрүмдөрдүн жашоосу. Рекетчилик. Көчө балдары кабылган кыйынчылыктар. Азыр кинотеатрларда жүрүп жаткан "Кара короо" же "Черный двор" тасмасы дал ушулар тууралуу. Бирок фильмдин авторлорунун айтуусунда, тасма балдар гана эмес, көбүрөөк алардын ата-энеси жөнүндө.

"Союз таркап, эл депрессияда болгон убак болчу. Биздин ата-энелерибиз бизге жакшы көңүл бура алышчу эмес. Анткени алар тамак-аш табайын деп, жанталашып иштеп жүрүшчү. Анан ошол өспүрүмдөр сүйүүнү көрбөй калганда, аларга ата-энеси үлгү боло албай калганы үчүн балдар башка жактан үлгү издешет: эшиктен, авторитеттерден, бандиттерден. Максат ошол болчу – эгер сен балаңа үлгү боло албасаң, ага башкалар үлгү болушат. Ошол кезде сен балаңды жоготуп аласың. Фильмдин идеясы ушундай", - деди "Кара короо" тасмасынын продюсери Асхат Табалдиев.
Казакстан менен Кыргызстан биргелешип тарткан бул тасмага чейин үч жыл мурун "Кара короо" сериалы чыккан. Ал бүткүл КМШ өлкөлөрүнө тарап, интернет айдыңындагы түрдүү платформаларда миллиондогон көрүүлөрдү топтогон. Бирок сериал да, тасма да криминал дүйнөсүн ачык көрсөтүп, айрым зомбулукту чагылдырган кадрлар көчө жашоосун пропаганда кылуу менен, өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген пикирлер да бар.
"Америкада жасалган айрым изилдөөлөргө караганда, жашы жете элек жеткинчек балдар зордук-зомбулук көрсөтүлгөн фильмдерде көбүнчө агрессивдүү жүрүм-турумдарды туурап, кайталашат экен. Ал эми өспүрүмдөр болсо, ошол нерсени норма катары кабыл алып, ошол зордук-зомбулукка болгон сезгичтик сезимдерин жоготуп кюшат экен. ошол фильмди көрүп эле таасирленип кетиши мүмкүн эмес албетте, анткени көптөгөн башка дагы факторлор маанилүү. ошондуктан бул нерсеге кылдат мамиле жасап, тартыш керек", - деди кино теоретик, PhD Регина Жаманкулова.

Жаманкулова экранга зомбулукту чагылдырууда этияттап, ачык көрсөтпөстөн, кинонун башка элементтери аркылуу берилсе дейт. Ал көрүүчүгө тасманы "чайнап" берүүнүн кажети жок деп эсептейт.
"Кино бул бир искусство болгондуктан, жашоонун албетте бул күзгүсү. Жашоодо болгон, болуп жаткан көйгөйлөрдү чакылдырат, бизге алар тууралуу маалымат берет. Бирок ошолорду кандай контекстте көрсөтүү да абдан маанилүү. Мисалы ошол зордук-зомбулукту балким түзмө түз эмес балким башкача бир элементтер аркылуу чагылдырыш керек",-деди Жаманкулова.
Фильмдин продюсери Асхат Табалдиев криминалдык драма жанрындагы кинолор буга чейин деле тартылып келгенин, экрандан эмне сабак аларын көрүүчү өзү чечерин белгилейт.
"Көрбөй туруп, бүгүнкү күнгө чейин "калп эле эмне кыласыңар тартып, "романтизация кылып жатасыңар, пропаганда кылып жатасыңар" деп жатышат. Андай эмес! Бул тасманын негизги максаты – деромантизация, декриминализация болчу. Анткени биз ошол кезде өсүп, жек көргөн нерселерди чындыкка чыгаралы дедик. Ооба, бул кинодо мушташ көрсөтүлгөн, анткени жанр – боевик, криминалдык драма болуп саналат. Ошондуктан көрүүчүгө ошонун баарын жеткирүү үчүн дал ошол зомбулукту көрсөтүшүбүз керек. Анан биздин геройлорду туура жолго чыгарышыбыз керек",-деди Табалдиев.

Бир кездери Кыргызстанда коммерциялык багыттагы кинотасмалардын жанры көбүнчө комедия болсо, азыр кинотеатрда көрүүчүгө тандоо сунушталат: драма, триллер, криминалдык драма, ал тургай хоррор жанрындагы фильмдер чыгууда.
Жанрлардын ар түрдүүлүгү болгону жакшы көрүнүш дейт актер Акылбек Мураталиев. Бирок кайсы бир деңгээлде чоң экранга чыгып жаткан фильмдерге чектөө болушу керек дейт ал.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кино өтө чоң курал. Адамдын оюн, жан-дүйнөсүн өзгөрткөнгө чоң курал да. Стратегиялык курал. Ошону көргөндөн кийин адам дал ошондой болгусу келет. Өзгөчө жаштар. Кандайдыр бир криминалды көрүп, аны оюн катары көрүп туурашат. Биз бала кезде Жеки Чан, Жанклод Вандамдар чыкканда, көчөгө чыгып, аларды туурачубуз. Ошонун сыңарындай эле да. Бирок бүгүн балким ошолорду ооздуктоо керек дегеним да. Биз мисалы "Кыргыз тасмасы" фильмдерге уруксат берип жатканда, текшеребиз. Андай фильмдерди чыгарбаганга аракет кылабыз. Ал жерде сойкулук, мушташ, ичкилик болбошу керек. Комиссия текшерип, мүмкүн болушунча ошондой сахнаны азайтууга аракет кылабыз. Ал эми менчик студиялардын өзүнүн укуктары бар. Алардын сөз эркиндиги, дин эркиндиги сыяктуу эле эркиндиги бар. Аларды бирөө болбойт деп толук токтото албайт", - деди "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын редактору, актерАкылбек Мураталиев.
Кыргызстанда 80ге чукул жеке менчик студиялары иш алып барат. Алар көбүнчө коммерциялык максатта тартылган тасмаларды тартып келишет. Коомдо прокатка чыккан фильмдерге цензура керекпи деген маселе утур көтөрүлүп турат. Бирок кино адистери чыгармачыл адамдарга эркиндик керектигин, ошондо гана өсүш болорун айтып келишет.
Былтыр жылдын соңунда Маданият министрлиги мамлекет жыл сайын прокатка чыгарыла турган 2-3 коммерциялык фильмди каржыларын билдирген. Мамлекеттик буйрутма боюнча тартылган бардык сериал жана фильмдер кино рыногунда киреше табууга ылайыкташтырылары кошумчаланган.
































