1-апрелден тарта электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Сүрөттүн булагы, энергетика министрлиги
Кыргызстанда күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу 1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Бул тууралуу энергетика министрлиги билдирди.
Буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев өзү да Би-Би-Сиге 1-апрелден тарта чектөөлөр алынарын айткан эле.
"Ал чектөөлөр 12 саатка же 24 саатка киргизилген эмес. Болгону эртең мененки жана кечки убактарга гана коюлган. Тагыраагы, эртең менен саат 7:00дөн 9:00гө чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин киргизилген. Бизде электр энергиясын пайдалануу эрежеси бар. Ал жерде 79-берене каралган. Ошол беренеде эртең мененки жана кечки максимум учурунда абонент өзү жылытуу приборлорун өчүрүп турушу керек деп жазылган. Буйруса, 1-апрелден тартып күн жылыган маалда бул чектөөлөрдү алып салабыз", - деген министр Ибраев.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан бери электр кубатына чектөө кирген. Эртең мененки жана кечки убактарда калкка берилген 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кийин 6-ноябрда энергияны үнөмдүү пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да жайылтылган.
Андан соң, 13-ноябрда Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев коомдук тамактануу жайлары да кечки саат ондон кийин ишин токтотуп, электр кубатын үнөмдөшү керектигин айткан.
Буга улай жер-жерлерде коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайларында рейд жүрүп, Ош шаарында кечки ондон кийин иштеп жаткан кафе-ресторандардын электр энергиясы бир айга өчүрүлгөн.
Бул элдин нааразылыгын жараткан соң президент тынч иштеп жаткан коомдук тамактануу жайларынын ишине тоскоолдук жаратпоону эскерткен.
Электр кубатына киргизилген чектөөнүн фонунда бийлик өлкөдөгү майнинг фермалар да ишин токтотконун жарыялаган.
Бул тармактагы кризис азыркы бийлик менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышуусун жараткан. Энергетика системасындагы алешемдиктер үчүн тараптар бири-бирин айыпташкан.
































