Камчыбек Ташиев ИИМде сурак берип чыкты

ывыв

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстанга 19-мартта кайтып келген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыкты. Маалыматтарда ал ИИМде 4 сааттан ашык болду. Журналисттерге Ташиевге суроо берүүгө мүмкүн болгон жок. Ал дароо чыгып кеткен.

Ички иштер министрлиги Ташиевдин суралганы боюнча кенен маалымат бере элек.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Ташиев "Кыргызнефтегаз" боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында күбө катары суралып жатканын билдирген.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ал күнү Германияда жүргөн Ташиев бул чечим ага күтүүсуз болгонун айткан. Жапаров болсо чечим кабыл аларда досуна телефон чалганын билдирген.

13-февралда Кыргызстанга келген Ташиев кайра эле, 17-февралда чет өлкөгө чыгып кеткен.

Садыр Жапаров 16-февралдагы маегинде Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып, ал мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирген.

"Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. "Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр" дедим. Досумдун айтымы боюнча, "ак сакалдар" дейбизби, "көк сакалдар" дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, "медвежья услуга" көрсөтүштү", - деген Садыр Жапаров.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Камчыбек Ташиев акыркы саясий окуялар боюнча комментарий бере элек.

"Кыргызнефтегаз" иши боюнча эмне белгилүү?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ИИМ 17-мартта Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде "Кыргызнефтегаздагы" коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анын алкагында 18-мартта төрт киши кармалган.

"1983-жылы туулган Н.Н. ("Кыргызнефтегаз" ААКтын Башкармалыгынын мурдагы төрагасы), 1980-жылы туулган А.Р. («Кыргызнефтегаз» ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары), 1988-жылы туулган А.Н. (тиешеси бар компаниялардын биринин директору), 1990-жылы туулган М.Б. (тиешеси бар компаниянын мурдагы директору) кармалды" деп айтылат маалыматта ИИМдин маалыматында.

Аталган адамдар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Айрым маалымат каражаттары жогорудагы инициалдарга "Кыргызнефтегаздын" башкармалыгынын мурдагы төрагасы, экс-депутат Нургазы Нишанов, "Кыргызнефтегаз" ААКтын Башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Руслан Алтымышев, "Регион Ойл" фирмасынын директору Назгүл Айдарова жана "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун директору, Ташиевдердин жээни дерлген Байгазы Матисаков туура турганын жазышууда.

Cалык кызматы 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат.

Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.

16 мүнөттүк иликтөөдө 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик компаниясы өндүрүлгөн мунайдын 30% (262 миң тонна) түз өзүнүн "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна бербестен, Ташиевдерге байланышы бар жеке компанияларга сатканы айтылат. Бул фирмалар чийки затты кайра эле "Кыргызнефтегаздын" "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна иштетүүгө берип, даяр продукцияны өздөрүнө алышкан.

Мындан тышкары программада "Мока Групп" фирмасы тууралуу да сөз болот. Анын негиздөөчүлөрүнүн арасында Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев бар экени, 2020-жылдын 6-ноябрына чейин негиздөөчүсү Камчыбек Ташиев өзү болгону тууралуу сөз болот.

"Солярканы Таймурастын "Мока Групп" фирмасы да сатып алган жана андан ары мамлекеттик сатып алуулар аркылуу негизинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка муниципалдык ишканаларга саткан", - деп айтылат иликтөөдө.

Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган.

Өткөн айда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан көп өтпөй Байгазы Матисаков да жумуштан бошотулган.

17-мартта Таймурас Ташиев айтылган дооматтар боюнча үн катты. Ал 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" дээрлик 358 миң тонна дизелдик отун өндүрсө, өзүнүн "Мока Групп" компаниясы болгону 5 миң 463 тонна дизелдик күйүүчү май сатып алганын, бул көлөм "Кыргыз Петролеум Компани" өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөрүн айткан.

"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда "Кыргыз Петролеум Компани" дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени, алардын кампалары толуп, дизтопливону сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизтопливо сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жатышканы дагы белгилүү болду. Тийиштүү тараптардан болсо, бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз", - деп жазган Таймурас Ташиев.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Таймурас Ташиев да милицияга суракка чакырылганын жазышкан. Бирок ИИМден Таймурас Ташиев бул иш боюнча суракка алынбаганын билдиришкен.

Өткөн аптада Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырган. Анын алдында ал ИИМге суракка кирип чыккан.